Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбооруна  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА  

 

 

Колдонулуп жаткан редакциясы   

(алып салынган жоболор - өзгөчө белгиленген жана сызып өчүрүлгөн, өзгөртүлгөн жоболор - өзгөчө белгиленген) 

Сунушталып жаткан редакция 

(өзгөртүлгөн жоболор - өзгөчө белгиленген) 

 

30-статья. Айып 

 

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет. 

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат. 

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет. 

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. 

Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. 

30-берене. Айып 

 

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет. 

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат. 

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет. 

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына бир миң өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн эки миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. 

Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ушул сунуш банк мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жарандарга, кызмат адамдарга жана юридикалык жактарга салынуучу айыптардын көбөйтүүсүнүн зарылчылыгы менен байланыштуу. Жарандарга, кызмат адамдарга жана юридикалык жактарга салынуучу эң көп өлчөмүн көбөйтүүгө сунушталат. 

357-статья. Банк ишин жүргүзүүнү лицензиясыз ээлөө 

 

Банк ишин жүргүзүүнү мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз ээлөө

- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

Финансылык кредиттик мекемелердин банктык айрым операцияларды мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз жүзөгө ашыруусу - 

арандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

357-берене. Банк операцияларын лицензиясыз жүзөгө ашыруу 

 

Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошо алганда, банк операцияларын мыйзам тартибинде берилген лицензиясыз жүзөгө ашыруу, - 

жарандарга беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына бир миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга- эки миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. 

 

 

 

 

Убакыт өткөндөн кийин административдик мыйзамдардын айрым беренелеринин аныктоосунун зарылчылыгы пайда болгон, кошо алганда банк операцияларын лицензиясыз жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилигин анык жазганын. 

 

358-статья. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу 

 

Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу - 

- эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

 

 

 

358-берене. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу 

 

Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу - 

жарандарга беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына бир миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга- эки миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. 

Убакыт өткөндөн кийин административдик мыйзамдардын айрым беренелеринин аныктоосунун зарылчылыгы пайда болгон, кошо алганда банк операцияларын лицензиясыз жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилигин анык жазганын. 

362-статья. Улуттук валютаны кабыл алуудан негизсиз баш тартуу 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын төлөөгө кабыл алуудан негизсиз баш тартуу

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

 

 

362-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкнотторду жана монеталарды) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

 

Сунуш улуттук валютанын - сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо боюнча мамлекеттин багытын күчөтүү үчүн иштелип чыккан. 

 

531-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын органдары 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. 

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Улуттук Банктын төрагасы жана анын орун басары укуктуу. 

 

 

531-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362-беренелеринде каралган, администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.  

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Улуттук банктын Төрагасы, анын орун басарлары жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери укуктуу. 

Республиканын аймактарында жашап жаткан мыйзам бузуучуларга өз убагында тиешелүү чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү аймактарында административдик укук бузууларга жол берген адамдарга карата административдик өндүрүүлөрдү колдонуу укугун Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине ыйгаруу да сунуш кылынган.