Кайта келүү

Бекитемин 

_________________________ 

_________________________ 

2015-жылдын “___”________  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун  

жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр 

 

 

 

Бишкек ш. 

Жөнгө салуучу таасирге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү мөөнөтү

Башталышы: 2015-жылдын 1-июлу 

Акырына чыгаруу: 2015-жылдын 20-августу 

 

 

Жумушчу топ: 

Карабаева А.М. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Инспектирлөө башкармалыгынын начальниги __________________; 

 

Темиров К.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Юридика башкармалыгынын Мыйзам долбоорлору менен иштөө 

бөлүмүнүн начальниги __________________; 

 

Абдраимов Э.Ч. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Инспектирлөө башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит 

мекемелерин инспектирлөө бөлүмүнүн начальниги __________________; 

 

Жоробекова А.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Юридика башкармалыгынын Мыйзам долбоорлору менен иштөө 

бөлүмүнүн башкы юристи __________________. 

 

 

Жоопкерчиликтүү адамдар менен байланышуу үчүн маалыматтар: 

Темиров К.А. 

Тел.: 45 66 40 

е-mail: ktemirov@nbkr.kg 

 

Абдраимов Э.Ч. 

Тел.: 66 92 60 

е-mail: eabdraimov@nbkr.kg 

 

Жоробекова А.Т. 

Тел.: 45-66-41 

е-mail: ajorobekova@nbkr.kg 

 

Бул жөнгө салуучу таасирге талдап-иликтөөлөр, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттердин ишине жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү ыкмасына ылайык иштелип чыккан. 

 

1. Проблемалар жана мамлекеттин кийлигишүүсүн талап кылган негиздер 

 

Кыргызстанда алмашуу операциялары республика эгемендүүлүккө ээ болуп, өз улуттук валютасын жүгүртүүгө чыгаруу чечимин кабыл алган 1990-жылдары башталган эле.  

Ошол учурда алардын ишин эч ким контролдукка албаган “алмаштыруучулар” деп аталган субъекттер борбор калаабыздын “Моссовет” (Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде), ЦУМ сыяктуу эл көп жүргөн жерлерде топ-топ болуп турушуп (бул ошондой эле “көмүскө рынок”, ал эми мындай ишти жүргүзгөндөр “көмүскө алмаштыруучулар” деп аталган), валюталарды сатып алуу-сатуу операцияларын ишке ашыруу аркылуу курстук айрымадан киреше алышкан. Алгач, мындай ишкердик жөнгө салынбай, олуттуу тобокелдиктер менен коштолгон, анын ичинде керектөөчү катары кайрылган кардардын коопсуздугу жана укугунун бузулушу тобокелдиги да орун алып келген. Кийинчерээк валюта операциялары рыногун иретке келтирүү максатында, касса түйүнү болгон жана бир катар башка талаптарга жооп бергендерге тиешелүү лицензия берүү аркылуу, алмашуу операцияларын жүргүзүүгө уруксат берилген. Негизинен алмашуу операцияларын ишке ашырууга ниеттенген субъекттерге минималдуу талаптар коюлгандыктан, бул иш багыты укуктук алкакта жөнгө салынган. Рыноктогу жагдайды талапка ылайык келтирүү максатында ишкер катары каттоодон өткөн шартта юридикалык жактарга жана жеке адамдарга Улуттук банктын лицензиясын алууга уруксат берилген. 

2015-жылдын 25-августуна карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиянын негизинде 292 алмашуу бюросу, коммерциялык банктардын 23 башкы офиси, анын ичинде Пакистан Улуттук банкынын филиалынын 1 офиси, коммерциялык банктардын 1 191 түзүмдүк бөлүмдөрү, анын ичинде коммерциялык банктардын 314 филиалы, 775 аманат кассалары жана 102 көчмө касса иш алып барууда.  

Мындан тышкары республиканын аймагында 125 кредиттик союз, 173 микрофинансылык уюм, алардын ичинен 5 микрофинансылык компания, 112 микрокредиттик компания, 56 микрокредиттик агенттик, 1 адистештирилген финансы-кредит мекемеси (“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ЖЧКсы (“КСФК” ЖЧКсы) иш алып барат. Жалпы алганда МФУлардын карамагында 65 обочолонгон бөлүм иш алып барууда.  

Алмашуу бюролорунун расмий маалыматына ылайык, 2014-жылы ичинде алмашуу бюролору тарабынан 97 млрд сомдон жогору суммага чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу операциялары ишке ашырылган, алардын ичинен АКШ долларын сатып алуу-сатуу операциялары боюнча жүгүртүү 54 млрд. сомду түзгөн.  

Албетте, алмашуу операцияларынын олуттуу бөлүгү коммерциялык банктар жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышынан улам, бардык операциялар жүргүзүлүшүнө жараша чагылдырылып турат, ал эми бул талапты алмашуу бюролору аткарбай келет. Ушундан улам, алмашуу бюролору боюнча алынган статистика, алар жүгүртүү каражаттарынын айкын көлөмүн так чагылдырууга анчалык кызыктар эместигин тастыктоодо. 

Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан алмашуу бюролорунда ички контролдук жакшы жөнгө салынбагандыгы, көпчүлүк учурда ишке ашырылган операциялар боюнча отчёттор тиешелүү журналдарда чагылдырылбагандыгы, кызматкерлер менен материалдык жоопкерчилик боюнча эмгек келишимдери жана макулдашуулар түзүлбөгөндүгү фактысы аныкталып, алмашуу операциялары соодалык иш же калкка кандайдыр бир башка кызмат көрсөтүүлөр менен катар жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган, бул банк мыйзамдарынын талаптарына каршы келет. Мындан тышкары, алмашуу бюролору орун алган жайга бул ишке эч кандай тиешеси жок адамдардын киришине, тиешелүү документтерсиз кассада иштөөгө жол берилгендиги фактылары кездешет. Албетте, алгылыксыз ушул жагдайлардын бардыгы олуттуу тобокелдиктердин келип чыгышын шарттайт.  

2014-жыл ичинде алмашуу бюролоруна жүргүзүлгөн текшерүүлөр, алардын көпчүлүгү жүгүртүү каражаттарын, операциялар көлөмүн, демек, канча киреше алаарын жаап-жашыргандыгын айкын тастыктаган. Жүгүртүү каражаттарынын айкын көлөмү отчётто көрсөтүлгөндөрдөн он эсе ашкан учурлар аныкталып, мындай көмүскө жүгүртүүдөн алынган кирешелер да болжолдонгондон алда канча көп экендигин божомолдоого түрткү берүүдө. Бул биринчи кезекте, Улуттук банктын лицензиясына таянып алуу менен мындай субъекттердин ушундай жол менен иш жүргүзүүсү олуттуу суммадагы акча каражаттардын изин жашырууга өбөлгө түзүп жаткандай ой калтырууда. Негизинен, мындай жол менен алынган акчанын келип чыгуу булактары шектенүүнү жаратат жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле финансы полициясынын расмий кийлигишүүсүз аларды аныктоого мүмкүн эмес.  

Өз ишин лицензиясыз жана милдеттүү патентсиз жүзөгө ашырган алмашуу бюролору тууралуу сөз кылсак, аларда ички контролдук жүргүзүлбөйт жана ишке ашырылган операциялар отчетто чагылдырылбайт. Ушундан улам, ишкердикти лицензиясыз жүзөгө ашырган алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын айкын көлөмү көмүскөдө калууда.  

Мындан тышкары, нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган операциялардын айкын көлөмүн чагылдырбай коюу же ага ниеттенбөө жөнгө салуу процессине, финансы жана валюта рынокторунун, реалдуу сектордун жана мамлекеттик финансылардын статистикасын жүргүзүүгө терс таасирин тийгизет. Мындай статистикалык маалыматтардын негизинде республика боюнча чет өлкө валютасына суроо-талап жана сунуш деңгээлине талдап-иликтөөлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Улуттук банк валюта рыногунда түптөлгөн жагдайга карата тиешелүү чараларды көрөт. Алынган маалыматтар статистикалык гана мүнөзгө ээ эмес, сунушталган маалыматтардын тактыгы Улуттук банк үчүн абдан маанилүү, анткени акча-кредит саясатын жүргүзүү анын негизги функциясы болуп саналат.  

Ушундан улам, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор орун алып жаткан мыйзам бузууларга карата таасирдүү чара көрүүгө түрткү берип, ишкерлер өз тапкан каражаттарын легалдаштыруусуна жана ишин ачык-айкындуулук принцибинде жүргүзүүсүнө өбөлгө түзөт.  

Улуттук банк тарабынан сунушталган статистикага ылайык 2014-жыл ичинде бүтүндөй республика боюнча 1 280 алмашуу бюросуна текшерүү иши жүзөгө ашырылып, анын жыйынтыгында мыйзам талабын бузууга жол бергендерге 233 жазма буйрук, 18 эскертүү жөнөтүлүп, 134 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулуп, 16 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган, ошондой эле администрациялык жоопкерчилик жөнүндө 304 протокол түзүлүп, 208 жеке адам администрациялык жоопкерчиликке тартылган. Мында, республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлгөн айыптык төлөмдөрдүн жалпы саны 317 500 сомду түзгөн. 

2015-жылдын жети айы ичинде жалпы республика боюнча 251 текшерүү ишке ашырылып, мыйзам талабын бузууга жол бергендиги үчүн 5 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган, ошондой эле 11 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулуп, 6 эскертүү жана 52 жазма буйрук жөнөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 85 лицензиясыз иш алып баруу фактысы аныкталып, 81 адамга айыптык төлөм белгиленген. Республикалык бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон айыптык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 121 500 сомду түзгөн.  

Тажрыйбага таянсак, администрациялык айыптык төлөм белгиленгендер 1 500 сом чегинде максималдуу сумманы төлөө аркылуу учурда алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууну улантышууда. Ошентип, колдонуудагы айыптык төлөм өлчөмдөрү өз актуалдуулугун жоготуп, мындай укук бузууларды эскертүү жана аларга бөгөт коюу милдетин аткарбай келет.  

Алмашуу бюролорунун алгылыксыз мына ушундай иш-аракети керектөөчүлөргө таасир этпей койбойт, айрым учурда бул массалык укук бузууларды шарттоодо. Керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы мыйзам нормаларынын талаптарын этибарга албаган алмашуу бюролору сунушталган кызмат көрсөтүүнү тастыктаган чектерди бербей койгон же бергиси келбеген учурлар кездешүүдө. Мындан тышкары, майда номиналдагы чет өлкө валютасын кабыл алуудан баш тарткан жана кассасында кайсыл бир валютанын жоктугунан улам, негизсиз жогорулатылган курсту атайлап белгилеген фактылар да аныкталууда. 

“Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү” жөнүндө мыйзам талабына ылайык, алмашуу бюролору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо кызматына милдеттүү түрдө маалыматтарды сунуштаган жактардын тизмесине кирерин баса белгилейбиз. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык (Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/5 токтому менен бекитилген “Алмашуу бюролорунда терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобо), алмашуу бюролору Кардар менен ишке ашырылган операциялар катталган журналды жүргүзүүгө тийиш, анда 50,0 миң сомго (катталуучу сумма) жана андан жогору суммага чет өлкө валютасын сатып алган же саткан кардарлардын идентификациялык маалыматтары чагылдырылууга, ал эми 1 000,0 миң сомдон (чектүү сумма) жогору суммага операциялар ишке ашырылган шартта, ал тууралуу кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга маалымдалууга тийиш экендиги белгиленген.  

Тилекке каршы, операцияларды лицензиясыз ишке ашырган алмашуу бюролору бул талапты иш жүзүндө аткарбай келет, кардарлардан паспорт талап кылынбайт, ыйгарым укуктуу органдарга тиешелүү маалыматтар берилбей келет. Бул талап шектенүүнү жараткан операцияларды жана түпкү пайда көрүүчүлөрдү аныктоого өбөлгө түзүп, акча каражатынын изин жашыруу фактысын алдын алууга мүмкүндүк берет. 

Мында, операцияларды лицензиясыз ишке ашырган алмашуу бюролоруна кайрылган жарандар өз коопсуздугун тобокелдикке коюп жаткандыгы фактысын да баса белгилеп кетүү зарыл, анткени алмашуу бюросунун ээси же анда катышкан адамдар ири сумманы алмаштырган адам тууралуу үчүнчү жакка маалымдап коюу коркунучу да орун алууда. Алмашуу бюросунун кызматкерлерине же башка адамдарга маалым болгон мындай маалымат башка максатта пайдаланылышы да мүмкүн. Ушундан улам, жарандар арасында мындай жагдайлар кооптонууну жаратып, алар ири суммадагы акчаны ар башка алмашуу пункттарынан алмаштырган учурлар кездешет.  

Ошентип, мамлекеттин кийлигишүүсүн талап кылган көйгөйлөрдү жана негиздерди аныктоодо төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот: 

банктык операцияларды, анын ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн администрациялык айыптык төлөм өлчөмүнүн төмөндүгү лицензиясыз иш алып барууну четтетүүгө мүмкүндүк бербейт, ушундан улам төмөнкүдөй көйгөйлөр чечилбей келет:  

- лицензиясыз иш алып барган адамдарды көмүскөдөн чыгаруу; 

- жүгүртүү каражаттарынын айкын көлөмүн отчетто жана статистикада чагылдыруу; 

- бул кызматтардан пайдаланган керектөөчүлөрдүн укугун коргоо; 

- республикалык бюджетке салыктык жана башка төлөмдөрдүн түшүү маселеси.  

Администрациялык айыптык төлөм өлчөмүн жогорулатуу боюнча сунушталып жаткан нормаларды ишке киргизүү банктык операцияларды жүзөгө ашырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, банктардын, ФКМдердин жана алардын кызмат адамдарынын талаптарды так сактоосун жогорулатууга, банктык мыйзам талаптарын бузууга жол бергендерди жоопкерчиликке тартууга жана бүтүндөй банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет.  

Мындан тышкары Улуттук банк лицензиясыз иш алып барууну жокко чыгаруунун алкагында, алмашуу бюросун ачууга карата белгиленген лицензиялык талаптарды төмөндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алган, анда юридикалык жактын бир алмашуу бюросун ачууда анын жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1 млн сомдон 500 000 (беш жүз миң) сомго чейин төмөндөтүлгөн.  

Бирок, көрүлгөн мындай чаралар алмашуу бюролорунун лицензиясыз ишкердикти жүргүзүүсүн кыскартуу жагында натыйжа берген жок.  

 

II. Жөнгө салуу максаттары жана милдеттери 

 

1-максат: банктык операциялардын, анын ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларынын лицензиясыз жүзөгө ашырылышын жокко чыгаруу жана ага бөгөт коюлушун камсыз кылуу; Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын, финансы-кредит мекемелеринин же башка жактардын банктык, микрофинансылык, төлөм мыйзам талаптарын, кредиттик маалымат менен алмашуу жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берилишин четтетүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарын жана талаптарын аткарылбай калышын жокко чыгаруу; айрым субъекттердин (Улуттук банк тарабынан берилген лицензияны калканча катары пайдалануу аркылуу) алмашуу бюролору аркылуу белгилүү бир суммадагы акча каражаттарынын изин жашыруу жана легалдаштыруу тобокелдигин четтетүү зарыл. Мындай тобокелдиктер алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын айкын көлөмү отчетто чагылдырылган көлөмдөн арткан шартта келип чыгышы мүмкүн, ушундан улам мындай жагдайлар көмүскө жүгүртүүдөн алынган киреше айкын декларацияланган кирешеден он эсе ашып кеткен шартта орун алат.  

2-максат: Алмашуу бюролору Улуттук банкка сунуштаган өз отчетторунда так маалыматтарды чагылдырууга тийиш, бул Улуттук банктын акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруусуна түздөн-түз таасир этет. 

3-максат: жарандардын алмашуу бюросуна кайрылууда коопсуздук тобокелдигин четтетүүгө жана алмашуу бюролорунун кызматтарынан керектөөчүлөр укугун коргоо жагында мыйзам талаптарынын бузулушуна жол бербөө зарыл. Мындай тобокелдиктер, жарандар алмашуу бюросуна кайрылган шартта, атап айтканда ири суммадагы акча каражаттары алмаштырылгандыгы тууралуу үчүнчү жактарга маалымдап, аны өз кызыкчылыгында пайдаланган учурда келип чыгат. Ал эми алмашуу бюролорунун кызматтарынан керектөөчүлөр укугун коргоого алган мыйзамдардын бузулушу, мисалы бул, сунушталган кызмат үчүн чек бербей коюудан, майда номиналдагы чет өлкө валютасын алмаштырып берүүдөн негизсиз баш тартуудан көрүнөт. 

Жогоруда белгиленген максаттардан улам, төмөнкү милдеттерди аткаруу зарылчылыгы келип чыгууда: 

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, банктардын, ФКМдердин жана алардын кызмат адамдарынын ишинин тартипке салынышын жогорулатуу;  

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган субъекттер-валюта рыногунун катышуучуларынын ишин оптималдаштыруу, Улуттук банктын экинчилик валюта рыногунда көзөмөлдүк чараларынын таасирдүүлүгүн күчөтүү жана алардын өз учурунда колдонулушун камсыз кылуу, иш жыйынтыгында бул Улуттук банктын учур талабына шайкеш акча-кредит саясатын жүргүзүүсүнөн жана банктык мамилелер чөйрөсүндөгү иш натыйжалуулугунан көрүнүүгө тийиш; 

- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын так сакталышы (бул иш чөйрөсүндө акчанын изин жашыруу деңгээлин кыскартуу жана экинчилик валюта рыногунда финансылык тартиптин чыңдалышына жетишүү): 

- лицензиясыз иш алып баргандарды аныктап, аларга карата өз учурунда таасир этүү чараларын колдонуу; 

- ушул рынокко мүнөздүү болгон чет өлкө валюталарынын алмашуу курсу өзгөрүп турган шартта, калк арасында тынчсыздануу маанайынын келип чыгышына жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүү, рынок катышуучуларынын ишине, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларына кыйла таасирдүү контролдукту жүргүзүү зарыл. Улуттук банк валюта рыногунун катышуучуларынан так маалыматтарды өз учурунда алып, валюта курсунун өзгөрүшүнө карата дароо чара көрүп, чет өлкө валютасынын улуттук валютага карата өтө эле төмөн же ашкере жогору курсун негизсиз белгилөө фактыларына бөгөт коюп, ушул аркылуу керектөөчүлөр укугун коргоо жагында чараларды күчөтүүгө тийиш.  

 

Ошентип, орун алган проблеманы чечүү максаттарына жетишүүнүн сапаттык индикаторлору жана мамлекеттин кийлигишүүсү үчүн негиздер жогоруда келтирилген. Мында, алмашуу бюролорунун иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен максаттарга жетишүүнүн сандык индикаторлорун эсептөө азырынча мүмкүн эмес.  

 

III. Мамлекеттик жөнгө салуу варианттары жана анын натыйжаларына баа берүү 

 

1) “Эч нерсени өзгөртпөстөн, мурдагыдай калтыруу” варианты 

 

Эгерде мамлекеттик жөнгө салуунун бул варианты кабыл алынса, лицензиясыз ишкердикти жүзөгө ашырган алмашуу бюролорунун мыйзам талаптарын бузууга жол бериши дале уланат, анткени тажрыйба көрсөтүп келгендей эле мындай жагдайлар жылдан жылга кайталанып келүүдө. 1998-жылы кабыл алынган Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексте белгиленген, учурда колдонулуп жаткан айыптык төлөм өлчөмдөрү өз актуалдуулугун жоготуп, мындай укук бузууларды эскертүү жана аларга бөгөт коюу милдетин аткарбай келет. 

Жогоруда белгиленгендерди эске алсак, жөнгө салуунун “Эч нерсени өзгөртпөстөн, мурдагыдай калтыруу” вариантын колдонуу мүмкүн эмес, башкача айтканда мыйзам нормаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл, анткени бул учур талабы. 

 

2) Алмашуу бюролорун Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган субъекттердин тизмесинен алып салууну жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун финансы-кредит мекемелерине (ыйгарым укуктуу банктар, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар) тапшырууну караган жөнгө салуу варианты. 

 

Жөнгө салуу ыкмасы 

Алмашуу бюролорун Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган субъекттердин тизмесинен алып салууну жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун финансы-кредит мекемелерине (ыйгарым укуктуу банктар, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар) тапшырууну карайт. 

 

Жөнгө салуучу таасир 

Бул вариант нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган субъекттервалюта рыногунун катышуучуларынын ишин оптималдаштырууга жана Улуттук банктын экинчилик валюта рыногунда көзөмөлдүк чараларынын таасирдүүлүгүн күчөтүүгө жана алардын өз учурунда колдонулушун камсыз кылууга багытталган, бул өз кезегинде, иш жыйынтыгында Улуттук банктын учур талабына шайкеш акча-кредит саясатын жүргүзүүсүнө жана банктык мамилелер чөйрөсүндөгү иш натыйжалуулугуна таасирин тийгизет.  

Мындан тышкары, бул варианттын максаты - жөнөкөй жарандардын финансы-кредит мекемелерине карата ишенимин бекемдөө, алмашуу бюролорунун ишине карата даттануулардын, арыздардын санын кыскартуу, республиканын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагындагы мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу саналат. 

2015-жылы Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталган (Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө” мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине).  

Бирок, бул долбоорду макулдашуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан сын-пикирлер жана сунуштар айтылып, Өкмөт тарабынан колдоого алынган эмес. Учурда Улуттук банк бул долбоорду жеткире иштеп чыгууда. 

 

3) Алмашуу бюролорунун ишине көзөмөлдүктү күчөтүү жана аны жөнгө салуу каралган вариант 

 

Жөнгө салуу ыкмасы 

Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө административдик бузуулар үчүн айыптык төлөм өлчөмүн олуттуу көбөйтүү жана мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн аны такташтыруу аркылуу, алмашуу бюролорунун ишин жөнгө салуу жана ага көзөмөлдүктү күчөтүү, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жогорулатуу. 

Негизги проблема катары 1998-жылы “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексин кабыл алууда белгиленген айыптык өлчөмдөр өз актуалдуулугун жоготуп, укук чегинде бузууларды алдын алуу милдеттерин жетишерлик деңгээлде аткарбай келет. Тажрыйба көрсөткөндөй эле, Улуттук банк тарабынан “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекстин 27-главасынын беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылган адамдар укукка каршы келген аракеттерге жол берүүнү улантууда. 

 

Жөнгө салуу таасири  

Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалын жана учурдагы талаптарды эске алуу менен банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар үчүн айыптык төлөм өлчөмдөрүн олуттуу көбөйтүүгө жана аны такташтырууга багытталган. Алсак, банк мыйзамдарын бузуу үчүн айыптык төлөм өлчөмүн төмөнкүчө көбөйтүү сунушталат: жарандарга 1 500 сомдон 100 000 сомго чейин, кызмат адамдарына - 3000 сомдон 150 000 сомго чейин, юридикалык жактарга - 250 000 сомго чейин. 

Мындай сунуштардын зарылчылыгы учурдагы айыптык өлчөмдөр өз актуалдуулугун жоготуу менен укук чегинде бузууларды алдын алуу функцияларын жетишерлик деңгээлде аткарбай келгендигине байланыштуу болгон. Тажрыйба көрсөткөндөй эле, Улуттук банк тарабынан “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекстин 27-главасынын беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылган адамдар укукка жатпаган аракеттерге жол берүүнү улантууда. Ошондой эле, банктык мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн айыптык төлөмдүн аз өлчөмү Улуттук банктын көзөмөл блогунун кызматкерлеринин күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу эмгегин актабай келет. Мындай жагдай жол берилген укукка каршы колдонулган айып сыяктуу эле, анын Улуттук банк тарабынан аткарылган ишке ылайык келбешин мүнөздөйт.  

2014-жыл ичинде Улуттук банк тарабынан 208 жеке адам жоопкерчиликке тартылып, республикалык бюджеттин пайдасына 317 500 сом жалпы суммасына административдик айып салынган.  

2015-жылдын жети айы ичинде текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 85 лицензиясыз иш алып баруу фактысы аныкталган, 81 укук бузууга жол бергендерге карата администрациялык айыптык төлөм белгиленген, алардын республикалык бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон жалпы суммасы 121 500 сомду түзгөн.  

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине (жогоруда белгиленген проблемаларды чечүүдө) сунушталган түзөтүүлөрдү кабыл алуу - банктык мыйзамдарга шек келтирген укук бузуулар үчүн административдик чараларды көрүү жагында аталган Кодексти оптималдаштырууга жана дал келтирүүгө, ошондой эле жеке адамдардын, юридикалык жактардын, банктардын, финансы-кредит мекемелердин жана алардын кызмат адамдарынын ишинин тартипке салынышын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ушуну менен бирге көзөмөлдүк чараларынын жана банктык мамилелер чөйрөсүндө Улуттук банктын ишинин натыйжалуу болуусун камсыз кылат. 

Алдыга коюлган максаттарга жетишүү деңгээли: ошентип жөнгө салуунун сунушталган варианты “Жөнгө салуу максаттары жана милдеттери” деп аталган II бөлүктө белгиленген бардык максаттарга жана милдеттердин аткарылышына жетишүүгө багытталган. 

 

Тобокелдиктерди четтетүү 

Алмашуу бюролоруна карата банктык мыйзам талаптарын бузгандыгы жана лицензиясыз иш алып баргандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти жогорулатуу - учурда республиканын валюта рыногунда орун алган алмашуу операцияларына тиешелүү айрым бир проблемаларды чечүү, ошондой эле лицензиясыз иш алып баргандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти жогорулатуу, тиешелүү лицензия, ошондой эле милдеттүү патентти алуусуз алмашуу операцияларын көмүскө ишке ашырган жактарды четтетүү проблемасын толук чечүүгө мүмкүндүк берет.  

 

Укуктук талдап-иликтөөлөр 

Аталган мыйзам долбоору белгиленген тартипте ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бүтүндөй республиканын мыйзамдарына жана эл аралык мыйзам нормаларына ылайык келет.  

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени мыйзамга карата сунушталган нормалар банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселени чечүүгө, банк операцияларын жүзөгө ашырган юридикалык жактарды жана жеке адамдарды тиешелүү тартипте ишкердикти жүргүзүүсүн жогорулатууга жана банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча милдеттер топтомун чечүүгө багытталган. 

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын регламентине жана мыйзам чыгаруу боюнча нускоого ылайык иштелип чыккан. 

 

Экономикалык талдап-иликтөөлөр 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөнү жүргүзүү ыкмасында аныкталган ыкмада эсептөө, алардын өзгөчөлүгүнө дал келбей тургандыгынан улам мүмкүн эмес.  

Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү ыкмасына ылайык, жөнгө салуунун экономикага, коомго жана курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүн мүнөздөгөн мыйзам долбоорунун ишке киргизилишине баа берүү жагында сапаттуу критерийлер сунушталып жатат. 

 

Мыйзам долбоорунун сапаттуу критерийлери  

Бул мыйзамдын кабыл алынышы, банк операцияларын жүзөгө ашырган юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ишинин тартипке салынышын жогорулатууга алып келет жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча милдеттер топтомун чечүүгө мүмкүндүк берет. 

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын бюджетинен (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Улуттук банк) сарптоону талап кылбайт, мында төлөнүүчү айыптык төлөмдөрдүн же болбосо субъект-укук бузгандар лицензия алган учурда төлөөгө тийиш болгон милдеттүү салыктын эсебинен бюджетке түшүүлөр күтүлүүдө.  

Улуттук банктан лицензияланган, иши ал тарабынан жөнгө салынган жана каттоодон өткөн коммерциялык банктардан, финансы-кредит мекемелеринен жана башка адамдардан, эгерде банктык мыйзам чөйрөсүндө бузууга жол берилбесе, бул мыйзам долбоору кабыл алынган шартта сарптоо талап кылынбайт. 

Сунушталып жаткан мыйзам нормаларын колдонууга киргизүү, Улуттук банктын банктык мыйзамдарын бузууга жол бергендерди жоопкерчиликке тартуу милдетин чечүү мүмкүнчүлүгүн берет, банк операцияларын жүзөгө ашырган юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ишинин тартипке салынышын жогорулатат жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.  

 

Коомдук талкуунун жыйынтыгы 

Бул мыйзам долбоору, бардык кызыкдар адамдарга анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтында (www.nbkr.kg) жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жүрүшүндө мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн эмес.  

 

Сунушталган жөнгө салуу 

Жөнгө салуунун “2)” вариантын (алмашуу бюролорун Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган субъекттердин тизмесинен алып салууну жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун финансы-кредит мекемелерине (ыйгарым укуктуу банктарга, кредиттик союздарга, адистештирилген финансы-кредит мекемелерине, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга) тапшыруу каралган) жана “3)” вариантын (алмашуу бюролордун ишине көзөмөлдүктү жана жөнгө салууну катуулатуу каралган) салыштырууда, “2)” вариант Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдоого алынбагандыгын жана учурда ал жеткире иштелип жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл.  

Сунушталып жаткан жөнгө салуунун “3)” варианты Улуттук банкка банктык мыйзамдарды бузууга жол берген күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселесин чечүүгө, банктык операцияларды, анын ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын лицензиясыз жүзөгө ашырууну алдын алуу жана ага бөгөт коюу жагында комплекстүү чараларды кабыл алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашырган юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ишинин тартипке салынышын жогорулатат жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу маселесин чечүүгө мүмкүндүк берет.  

Жогоруда белгиленген талдап-иликтөөлөрдү эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунда каралган нормаларды колдонууга киргизүү сунушталат.