Кайта келүү

долбоор 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

1-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине («Эркин Тоо» газетасы 2017-жылдын 2-февралындагы N 12-13) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 28-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«3) банкроттук (кудуретсиздик), банкты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган финансы-кредит уюмун (мындан ары - банк) мажбурлап жоюулушужөнүндө;»; 

2. 256-берененин 2-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«11) банкроттук (кудуретсиздик), банкты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган финансы-кредит уюмун мажбурлап жоюулушу жөнүндө;»; 

3. 261-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«261-берене. Банкроттук, банктарды мажбурлап жоюулушу жөнүндө иштерди кароо 

Юридикалык жактын же жеке ишкердин банкроттугу (кудуретсиздиги) же болбосо банкты мажбурлап жоюу жөнүндөиштер карызкордун - юридикалык жактын, карызкордун - жеке ишкердин турган жери же банктын жайгашкан жери боюнча райондор аралык соттор тарабынан, ушул главада жана банкроттук/Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөр менен жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча каралат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктын лицензиясын кайтарып алуу, анын ичинде банкроттук негиздери боюнча кайтарып алуу чечимине сот тартибинде даттаануу мажбурлап жоюу жөнүндө өтүнүч каттыөндүрүшкө кабылалууга тоскоолдук кылбайт жана ишти токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.»; 

4. 373-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«3. Карызкорго/банкка карата администрациялоо/банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун/банктын жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген банкроттук/банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралбайт.»; 

5. 374-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«3.Шайлоонун талаштары боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, ошондой эле Карызкорго/банкка карата администрациялоо/банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун/банктын жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген, банкроттук/банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңы жагдайлар боюнча кайра каралууга тийиш эмес.». 

 

 

 

 

 

2-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстиккодексине («Эркин Тоо»газетасынын 2017-жылдын1-февралындагыN 10-11) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

174-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункттутөмөнкү мазмундагыэкинчи абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамында каралган лицензияны кайтарып алуу, убактылуу администрация режимин киргизүү жана банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды жүргүзүү чечимдери анык эмес деп таанылган учурда, Улуттук банктын/убактылуу администрациянын жогоруда көрсөтүлгөндөргө негизденген чечимдери күчүндө калып, андан ары колдонулат. Улуттук банктын мыйзамга каршы келген чечимдеринин натыйжасында айкын чыгымга дуушар болгон жактар чыгым ордун толуктап алуу максатында сотко кайрылууга укуктуу.».  

 

3-берене. 

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзам талабына ылайык келтирсин. 

  

 

Кыргыз Республикасынын Президенти