Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
(Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине,
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
мыйзамдолбоорунакарата
Салыштырма таблицасы
Колдонуудагы редакция |
Сунуш кылынган редакция |
2017-жылдын 25-январы № 14 Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекс |
|
28-берене. Жарандык иштердин сотторго караштуулугу
1. Райондор аралык сотко караштуу иштерден тышкаркы бардык жарандык иштер райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) караштуу болот. 2. Райондор аралык сот төмөнкүдөй экономикалык иштерди карайт: 1) түзүүчүлөрдүн, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактын түзүүчүлөрүнүн өз ара талаштары боюнча; 2) мыйзамдарга ылайык менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана жеке ишкер статусу бар жарандардын жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жарандык, салыктык, бажылык жана башка укук мамилелеринен келип чыгуучу экономикалык талаштар боюнча; 3) банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө; 4) мыйзамдарда жана ушул Кодексте каралган башка иштерди. |
28-берене. Жарандык иштердин сотторго караштуулугу
1. Райондор аралык сотко караштуу иштерден тышкаркы бардык жарандык иштер райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) караштуу болот. 2. Райондор аралык сот төмөнкүдөй экономикалык иштерди карайт: 1) түзүүчүлөрдүн, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактын түзүүчүлөрүнүн өз ара талаштары боюнча; 2) мыйзамдарга ылайык менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана жеке ишкер статусу бар жарандардын жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жарандык, салыктык, бажылык жана башка укук мамилелеринен келип чыгуучу экономикалык талаштар боюнча; 3) банкроттук (кудуретсиздик), банкты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган финансы-кредит уюмун (мындан ары - банк) мажбурлап жоюулушужөнүндө; 4) мыйзамдарда жана ушул Кодексте каралган башка иштерди. |
256-берене. Экономикалык иштердин сотко караштуулугу 1. Экономикалык иштер биринчи инстанцияда райондор аралык соттор тарабынан каралат. 2. Соттор экономикалык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартибинде юридикалык жактардын жана (же) жеке ишкерлердин ортосундагы төмөнкүдөй талаштарды карайт: 1) түзүлүшү мыйзамда каралган же тараптары келип чыккан пикир келишпестиктерди соттун чечүүсүнө берүүнү макулдашкан келишим боюнча пикир келишпестиктер жөнүндө; 2) келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө же келишимди бузуу жөнүндө; 3) милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу жөнүндө; 4) келишимдерди жарактуу деп таануу жөнүндө; 5) келишимдерди жараксыз деп таануу жөнүндө; 6) менчик укугун таануу жөнүндө; 7) бөтөн мыйзамсыз ээлик кылуудан менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээлик кылуучунун мүлктү талап кылышы жөнүндө; 8) мүлктү пайдалануудагы тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө; 9) ээлик кылуудан ажыратууга байланышпаган, менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээлик кылуучунун укуктарынын бузулушу жөнүндө; 10) зыяндын ордун толтуруу жөнүндө; 11) банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө; 12) түзүүчүлөрдүн, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын түзүүчүлөрүнүн ортосундагы өз ара талаштары боюнча; 13) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу башка органдар тарабынан юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден милдеттүү төлөмдөрдү, жыйымдарды, айыппулдарды жана башка финансылык санкцияларды өндүрүп алуу жөнүндө; 14) контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу органдар эсептен чыгарган же алып койгон акча каражаттарын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө; 15) юридикалык жактын же жеке ишкердин ишкердик беделин коргоо жөнүндө. 3. Ишкерликке байланышкан башка иштер да мыйзам менен экономикалык иштерге киргизилиши мүмкүн. |
256-берене. Экономикалык иштердин сотко караштуулугу 1. Экономикалык иштер биринчи инстанцияда райондор аралык соттор тарабынан каралат. 2. Соттор экономикалык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартибинде юридикалык жактардын жана (же) жеке ишкерлердин ортосундагы төмөнкүдөй талаштарды карайт: 1) түзүлүшү мыйзамда каралган же тараптары келип чыккан пикир келишпестиктерди соттун чечүүсүнө берүүнү макулдашкан келишим боюнча пикир келишпестиктер жөнүндө; 2) келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө же келишимди бузуу жөнүндө; 3) милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу жөнүндө; 4) келишимдерди жарактуу деп таануу жөнүндө; 5) келишимдерди жараксыз деп таануу жөнүндө; 6) менчик укугун таануу жөнүндө; 7) бөтөн мыйзамсыз ээлик кылуудан менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээлик кылуучунун мүлктү талап кылышы жөнүндө; 8) мүлктү пайдалануудагы тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө; 9) ээлик кылуудан ажыратууга байланышпаган, менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээлик кылуучунун укуктарынын бузулушу жөнүндө; 10) зыяндын ордун толтуруу жөнүндө; 11) банкроттук (кудуретсиздик),банкты, депозиттердитартуу менен иш алып барган финансы-кредит уюмун мажбурлап жоюулушужөнүндө; 12) түзүүчүлөрдүн, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын түзүүчүлөрүнүн ортосундагы өз ара талаштары боюнча; 13) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу башка органдар тарабынан юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден милдеттүү төлөмдөрдү, жыйымдарды, айыппулдарды жана башка финансылык санкцияларды өндүрүп алуу жөнүндө; 14) контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу органдар эсептен чыгарган же алып койгон акча каражаттарын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө; 15) юридикалык жактын же жеке ишкердин ишкердик беделин коргоо жөнүндө. 3. Ишкерликке байланышкан башка иштер да мыйзам менен экономикалык иштерге киргизилиши мүмкүн. |
261-берене. Банкроттук жөнүндө иштерди кароо Юридикалык жактын же жеке ишкердин же болбосо финансы-кредиттик мекеменин банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө иштер карызкордун - юридикалык жактын, карызкордун - жеке ишкердин турган жери же финансы-кредиттик мекеменин жайгашкан жери боюнча райондор аралык соттор тарабынан, ушул главада жана банкроттук жөнүндө мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча каралат. |
261-берене. Банкроттук, банктарды мажбурлап жоюулушу жөнүндө иштерди кароо Юридикалык жактын же жеке ишкердин банкроттугу (кудуретсиздиги) же болбосо банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштер карызкордун - юридикалык жактын, карызкордун - жеке ишкердин турган жери же банктын жайгашкан жери боюнча райондор аралык соттор тарабынан, ушул главада жана банкроттук/Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөр менен жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча каралат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктын лицензиясын кайтарып алуу, анын ичинде банкроттук негиздери боюнча кайтарып алуу чечимине сот тартибинде даттаануу мажбурлап жоюу жөнүндө өтүнүч катты өндүрүшкө кабыл алууга тоскоолдук кылбайт жана ишти токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт. |
373-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери 1. Жаңыдан ачылган жагдайлар - бул, мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар. 2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, талашылып жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда арыз ээсине белгисиз болуп калган же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон документ; 2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген, реабилитациялабай турган негиздер боюнча күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайылап берген жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы; 3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, натыйжасы мыйзамсыз же негизсиз сот актысын кабыл алууга алып келген жактын кылмыштуу жосундары. 3. Карызкорго карата администрациялоо жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген банкроттук жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралбайт. |
373-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери 1. Жаңыдан ачылган жагдайлар - бул, мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар. 2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, талашылып жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда арыз ээсине белгисиз болуп калган же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон документ; 2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген, реабилитациялабай турган негиздер боюнча күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайылап берген жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы; 3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, натыйжасы мыйзамсыз же негизсиз сот актысын кабыл алууга алып келген жактын кылмыштуу жосундары. 3. Карызкорго/банкка карата администрациялоо/банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун/банктын жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген банкроттук/банктымажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралбайт. |
374-берене. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери 1. Жаңы жагдайлар - бул, мыйзамдуу күчүнө кирген талаштуу сот актысы кабыл алынгандан кийин пайда болгон жагдайлар. 2. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) эгерде кайра карап чыгууга башка тоскоолдуктар жок болсо, талаштуу сот актысы негизделген мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келбегендигин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын таануусу; 2) талаштуу сот актысын чыгарууга негиз болгон соттун же башка органдын актысын жокко чыгаруу; 3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) Кыргыз Республикасынын соттору караган конкреттүү иштер боюнча чечими; 4) конкреттүү иш боюнча чечимди кабыл алууга негиз болгон укуктук ченемди колдонуу практикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому. 3. Шайлоонун талаштары боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, ошондой эле Карызкорго карата администрациялоо жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген, банкроттук жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңы жагдайлар боюнча кайра каралууга тийиш эмес. |
374-берене. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери 1. Жаңы жагдайлар - бул, мыйзамдуу күчүнө кирген талаштуу сот актысы кабыл алынгандан кийин пайда болгон жагдайлар. 2. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) эгерде кайра карап чыгууга башка тоскоолдуктар жок болсо, талаштуу сот актысы негизделген мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келбегендигин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын таануусу; 2) талаштуу сот актысын чыгарууга негиз болгон соттун же башка органдын актысын жокко чыгаруу; 3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) Кыргыз Республикасынын соттору караган конкреттүү иштер боюнча чечими; 4) конкреттүү иш боюнча чечимди кабыл алууга негиз болгон укуктук ченемди колдонуу практикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому. 3. Шайлоонун талаштары боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, ошондой эле Карызкорго/банкка карата администрациялоо/банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун/банктын жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген, банкроттук/банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңы жагдайлар боюнча кайра каралууга тийиш эмес. |
25-январы № 13 Кыргыз Республикасынын Административдик – процесстик кодекс |
|
174-берене. Ишти чечүүдөгү соттун ыйгарым укуктары 1. Ишти маңызы боюнча чечүүдө сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыра алат же болбосо аны канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартат. 2. Административдик доо канааттандырылган учурда сот төмөнкүдөй чечим кабыл ала алат: 1) жоопкер - административдик органдын административдик актысын толук же бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;
2) жоопкер - административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же административдик орган тарабынан башка аракеттерди жасабоо милдети жөнүндө; 3) жоопкер - административдик органдын айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө; 4) эгерде жоопкерде башка административдик актыны кабыл алуу боюнча мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктар же дискрециялык ыйгарым укуктар (кароо укугу) жок болсо, жоопкер-административдик органды тиешелүү административдик актыны кабыл алууга милдеттендирүү; 5) жоопкер - административдик органдын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө; 6) жоопкер - административдик органдын аракеттерин (аракетсиздиктерин) жараксыз деп таануу жөнүндө. |
174-берене. Ишти чечүүдөгү соттун ыйгарым укуктары 1. Ишти маңызы боюнча чечүүдө сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыра алат же болбосо аны канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартат. 2. Административдик доо канааттандырылган учурда сот төмөнкүдөй чечим кабыл ала алат: 1) жоопкер - административдик органдын административдик актысын толук же бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө; Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамында каралган лицензияны кайтарып алуу, убактылуу администрация режимин киргизүү жана банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды жүргүзүү чечимдери анык эмес деп таанылган учурда, Улуттук банктын/убактылуу администрациянын жогоруда көрсөтүлгөндөргө негизденген чечимдери күчүндө калып, андан ары колдонулат. Улуттук банктын мыйзамга каршы келген чечимдеринин натыйжасында айкын чыгымга дуушар болгон жактар чыгым ордун толуктап алуу максатында сотко кайрылууга укуктуу. 2) жоопкер - административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же административдик орган тарабынан башка аракеттерди жасабоо милдети жөнүндө; 3) жоопкер - административдик органдын айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө; 4) эгерде жоопкерде башка административдик актыны кабыл алуу боюнча мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктар же дискрециялык ыйгарым укуктар (кароо укугу) жок болсо, жоопкер-административдик органды тиешелүү административдик актыны кабыл алууга милдеттендирүү; 5) жоопкер - административдик органдын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө; 6) жоопкер - административдик органдын аракеттерин (аракетсиздиктерин) жараксыз деп таануу жөнүндө. |