Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна карата МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, өлкөдө экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкө аралык тобокелдиктерге жана башка мамлекеттерде орун алган саясий жагдайлардын кабыл алынган чечимдерге таасир этишине жол бербөө, ошондой эле мамлекеттин ички чекене төлөмдөр рыногун коргоо максатында иштелип чыккан. 

Мындан тышкары, үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алынган акча каражаттардын максатсыз пайдаланылышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай иш чөйрөлөрү бир уюмдун ишинде айкалыштырылган учурда келип чыгышы ыктымал болгон талаш маселелерге жол бербөө үчүн, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын үчүнчү жактардын пайдасына процессинг жана төлөмдөрдү жүргүзүү кызматтарын сунуштоого жана башка иш түрлөрүнө байланыштуу ишин айкалыштыруу боюнча чектөөлөрдү мыйзам чегинде бекитүү зарыл.  

Ушундан улам «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына мамлекеттин ички төлөмдөрүн ишке ашыруу жана төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын үчүнчү жактардын пайдасына процессинг жана төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштоого байланыштуу ишин башка иш түрлөрү менен айкалыштырууга чектөөлөрдү белгилөө боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. 

Мыйзам долбоорунун коомдук талкуудан өттү, ошондой эле 2017-жылдын 4-августунда «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» ЮЖБнын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, эл аралык төлөм системаларынын, «Улуттук төлөм системасы» улуттук төлөм системасынын субъектеринин системасын, коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын өкүлдөрү катышкан тегерек стол өттү

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу кандайдыр бир социалдык, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттердин орун алышын шарттабайт жана ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына каршы келбейт. 

Аталган мыйзам долбоорунун нормаларын ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча оорчулук жаратпайт. Бирок, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик ички төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүдө төлөм системасынын катышуучулары каршы чыгышы мүмкүн, анткени «БПБ» ЖАКка өткөрүүдө же альтернативдүү процессинг түзүүдө жана өздүк процессингдерин жабууда/которууда банктар процессингди кайра сертификаттоого жана карттарды кайра чыгарууга байланыштуу ири чыгашаларга дуушар болушу мүмкүн.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методикасын бекитүү жөнүндө» токтом талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.  

 

 

Ишиңизге ийгилик каалап, 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина