Кайта келүү

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кароого сунушталып жаткан "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору Улуттук банктын ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

Алсак, долбоордо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамга Улуттук банктын башкаруу системасына, Улуттук банк Башкармасынын мөчүлөрүнүн санына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Башкарма мөчүлөрүнүн ыйгарым укуктарын такташтыруу сунушталган. 

Атап айтканда, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө мыйзамдын 61-беренесине банктын башкаруу органдары маселесин жөнгө салган өзгөртүүлөрдү киргизүү б.а. Улуттук банктын Төрагасы жана анын орун басарлары банктын административдик-башкаруу ыйгарым укуктарына ээ экендиги, ал эми Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банктын административдик-башкаруу ыйгарым укуктарына ээ эместиги, алар банктын ички контролдук системасынын натыйжалуулугун жана жагдайга шайкештигин, иштин ачык-айкындуулугун, талаптардын өз учурунда аткарылышын камсыз кылуу, орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу жана таламдардын каршы келип калышына жол бербөө максатында өз ыйгарым укуктарын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарына катышуу, башкаруу процессине (адам ресурсун жана эмгек акыны кошо алганда) жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашыра тургандыгын белгилөө сунушталган. Ошондуктан ички башкаруу жана көзөмөл системасын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Башкармалыктын мүчөлөрүнүн санын үчтөн бешке чейин жогорулатуу сунушталат. 

Улуттук банк тарабынан кредитттерди берүү учурунда атаандаштыктын принцибин сактоонун максатында мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдын 18-беренедеги биринчи бөлүгүнүн 11 жана 12 пункттарын күчүн жоготкон катары таануусу сунушталган. 

Банк ишин оптималдаштырууга тиешелүү нормалар таасир этүү чараларын колдонуунун натыйжалуулугун арттырууга гана багытталгандыктан, мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талап кылынбайт. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы экологиялык, гердердик, социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо жагында кесепеттерге алып келбейт жана колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбейт.  

Юридикалык күчкө ээ болгондон кийин мыйзам жоболорун аткаруу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону да талап кылбайт.  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын Төрагасы К. Кулматов