«Кайрылууларды кароо тартиби»
Маанилүү! Ар бир финансы-кредит уюмунда (мындан ары - ФКУ) керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо боюнча тиешелүү жол-жобо болууга тийиш.
1. ФКУдан укугуңуз жана кайрылуу берүү процесси жөнүндө маалымат алыңыз Сизге бул маалымат ФКУнун жооптуу кызматкерлери тарабынан сунушталууга тийиш.
Жеке кабыл алуу
ФКУнун жана филиалдардын жетекчилери кардарларды сайтта жана маалымат такталарында жайгаштырылган график боюнча жеке кабыл алат.
2. Эсиңизде болсун! ФКУ менен талаш маселелер келип чыккан учурда, биринчи кезекте түздөн-түз ФКУга кайрылуу зарыл, келишим боюнча пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салынууга тийиш. Ал эми тараптар бир пикирге келишпесе, соттук тартипте чечилет.
ФКУнун жооптуу кызматкерине жазуу жүзүндө, почта же башка байланыш каналдары аркылуу кайрылыңыз же болбосо ФКУнун даттануулар жана сунуштар китебине кайрылууңузду жазыңыз. Анда аты-жөнүңүздү, дарегиңизди жана телефон номериңизди көрсөтүп, кайрылууңуздун себебин билдирип, зарыл болгон учурда тастыктоочу документтерди тиркеңиз.
Сиздин кайрылууңузга ФКУдан кат жүзүндө жооп алганга чейинки кароо процессин өзүңүз контролдоп туруңуз.
ФКУ кат жүзүндөгү кайрылууну карап чыгып, 30 (отуз) календардык күн ичинде жооп берүүгө милдеттүү.
Кайрылууга берилген жоопко ФКУнун (филиалдын) жетекчиси кол коёт, анда чечимдин негиздемеси же сиздин укуктарыңыз менен милдеттериңиздин түшүндүрмөсү камтылууга тийиш.
Кат жүзүндөгү кайрылууңузга чечимдин так негиздемеси же укуктарыңыз менен милдеттериңиздин түшүндүрмөсү бар жоопко ФКУнун (филиалдын) жетекчиси кол коёт.
Алынган жооп менен так таанышып чыгыңыз, суроолор пайда болгон учурда кат жүзүндөгү жоопто көрсөтүлгөн жооптуу аткаруучу менен байланышыңыз.
3. Эгерде сиз ФКУнун жазуу жүзүндөгү жообуна макул болбосоңуз жана ФКУ сиздин укугуңузду бузуп жатат деп эсептесеңиз, анда сиз төмөнкү даректерге кайрылууга укуктуусуз:
- жүйөлүү даттануу жана макул эместиги жөнүндө далилдер менен ФКУнун жетекчилигине;
- ФКУнун аракеттерине/аракетсиздигине даттануу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин талаптарына ылайык бузулган же талашылып жаткан укуктарды коргоо жөнүндө арыз менен сотко.
Улуттук банк келишим тараптарынын ортосундагы жарандык-укуктук мамилелерге кийлигишүүгө укугу жок жана кардар менен ФКУ ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн жоопкерчилик тартпай турганын эске алыңыз, бирок мыйзам талаптары бузулган учурда, жөнгө салуучу ФКУга карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
Толук маалыматты Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнөн төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыз болот: 0312 31 29 48; 0312 31 31 89; 0312 31 31 22.
Кайрылууларды кароо процессин жөнгө салуучу укуктук негиз:
- 2007-жылдын 4-майындагы №67 Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- 2022-жылдын 11-августундагы №93 Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы;
- Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актылары.







