> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2019-жылдын 12-апрели № 45 

Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддорду түзүүнүн жана ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

1-глава. Жалпы жоболор 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер 

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) кепилдик фонд - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) эсептик каттоонун жол-жобосунан өткөн, акционердик коом түрүндө түзүлүүчү жана ишкердик субъекттер үчүн кепилдиктерди берүү жолу менен каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ишти жүзөгө ашыруучу, каражаттарды бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды, инновациялык ишти жайылтууга жана жаңы ишканаларды ачууга багыттаган юридикалык жак. Мында каржылоо деп каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу насыяларды жана аларды алмаштырууларды берүү, ошондой эле бүтүмдөр/операциялар түшүнүлөт;

2) финансы-насыялык уюмдар - Улуттук банк тарабынан аларга берилген лицензиялардын (күбөлүктөрдүн) негизинде банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ банктар, банктык эмес финансы-насыялык уюмдар, ошондой эле ишкердик субъекттерине насыя берүүнү (каржылоону) жүзөгө ашырган жана кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн эл аралык уюмдар;

3) ишкердик субъектинин милдеттенмелери - финансы-насыялык уюмдан алынган каржылоонун алкагында пайда болгон жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген ишкердик субъектинин милдеттенмелери;

4) кепилдик - каржылоо келишими боюнча финансы-насыялык уюмдун алдында ишкердик субъекттеринин милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн жооп берүүчү кепилдик фонддун жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси;

5) кепилдиктерди берүү регламенти - кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү жана кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу документ;

6) ишкердик субъекттери - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жеке жактар жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталган юридикалык жактар;

7) кепилдик фонддун кардары - кепилдик фонддун кепилдиги менен камсыз кылуу үлүшү бар финансылык-насыялык уюм менен каржылоо боюнча келишим түзгөн ишкердик субъекти;

8) мультипликатор коэффициенти - Улуттук банк тарабынан белгилеген кепилдик фонддун жеке капиталынын өлчөмүнө карата кепилдик фонддун кепилдиктер көлөмүнүн мүмкүн болгон жогорулоосуна мамиле;

9) кепилдик иши - кардарларга кепилдиктерди берүүгө багытталган кепилдик фонддордун иши;

10) кепилдик фонддордун катышуучулары - кепилдик фонддордун уюштуруучулары жана акционерлери;

11) регресстик талап - кепилдик фонддун кардардан кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-насыялык уюм тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү талап кылуу укугу.

2. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу башка терминдер жана аныктамалар, эгерде ушул Мыйзамда башкасы аныкталбаса, Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык түшүндүрүлөт.

2-берене. Кепилдик фонддун аталышы 

Кепилдик фонд уюмдун уставында жазылган аталышты гана колдонууга жана аталышында "Кепилдик фонд" деген сөздөрдү колдонууга тийиш.

3-берене. Кыргыз Республикасынын, Улуттук банктын жана кепилдик фонддордун жоопкерчиликтеринин ажыратылышы 

Тараптар тиешелүү милдеттенмелерди өздөрүнө ыктыярдуу түрдө алган учурларды кошпогондо, кепилдик фонддор Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошого тете Кыргыз Республикасы да кепилдик фонддордун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

Кепилдик фонддор Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Улуттук банк кепилдик фонддордун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

2-глава. Кепилдик фонддордун уюштуруу-укуктук формасы. Кепилдик фонддордун иши 

4-берене. Кепилдик фонддорду түзүү 

1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

Төмөнкүлөр кепилдик фонддордун катышуучулары боло алышпайт:

1) оффшордук зоналардын аймактарында жашаган жана/же катталган, же болбосо алардын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталуучу оффшордук зоналарда аффилирленген жактардын катышуучулары катары катталган жеке адамдар жана юридикалык жактар.

Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат:

юридикалык жактын олуттуу катышуучулары;

бир эле юридикалык жак олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар;

2) аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле аталган жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде катталган жеке жана юридикалык жактар;

3) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин, ошондой эле эгерде алар Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн кынтыксыз ишкердик беделин тастыктай албаган учурда, так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;

4) кепилдик фонддун акцияларын сатып алууга же кепилдик фонддун капиталына катышууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуусунун мыйзамдуу булактарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте тастыктай албаган жеке жана юридикалык жактар;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык тыюу салынган же чектөө киргизилген жеке жана юридикалык жактар.

2. Кепилдик фонддор ишин жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банкта эсептик каттоонун жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү. Кепилдик фонддордун эсептик каттоодон өтүү тартиби, эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиздер Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

3. Кепилдик фонддордун кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банкта макулдашуу жол-жобосунан өтүшөт. Кепилдик фонддордун кызмат адамдарына талапкерлерди макулдашуу жана макулдашуудан баш тартуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

4. Кепилдик фонддор уставдын негизинде иштешет, анда кызмат көрсөтүүлөрдүн/бүтүмдөрдүн тизмеги камтылууга жана ал Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Кепилдик фонддордун ишинин негизги түрү ишкердик субъекттеринин милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүү болуп саналат.

Кепилдик фонддоруна Улуттук банктагы эсептик каттоосуз иштөөгө тыюу салынат.

5. Кепилдик фонддор акционердик коомдор түрүндө гана түзүлүшү мүмкүн.

6. Ушул Мыйзамда каралган талаптарга жооп бербеген юридикалык жактар кепилдик иш менен алектенүүгө укуксуз.

5-берене. Кепилдик фонддордун акцияларын сатып алууга уруксат алуу тартиби 

1. Жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга болгон менчик укугуна ээ болуу ыкмасына карабастан, анын ичинде мурастоого же аларга болгон укугун калыбына келтирүүнү кошо алганда, кепилдик фонддун уставдык капиталындагы акциялардын 20 пайызынан ашыгын сатып алууга, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу ниеттенген кайсы гана жеке же юридикалык жак болбосун Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.

2. Уруксат алуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

6-берене. Кепилдик фонддун башкаруу органдары 

1. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кепилдик фонддор башкаруу органдарын түзүшөт.

2. Кепилдик фонддордун башкаруу органдарынын укуктук статусу жана компетенциясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Улуттук банк кепилдик фонддорундагы милдеттүү комитеттердин жана кызматтардын иши боюнча талаптарды белгилейт.

7-берене. Кепилдик фонддордун бирикмелери 

1. Кепилдик фонддор өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыкты коргоо жана билдирүү, биргелешкен кепилдиктерди аткаруу жана ушул сыяктуу башка максаттар үчүн ассоциацияларды же бирликтерди түзө алат.

2. Кепилдик фонддоруна комиссиялык сыйакынын, мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүн аныктоо максатында же атаандаштыкты чектөөгө, рынокту монополиялаштырууга жана ишкердик субъекттеринин насыялык ресурстарга жетишин начарлатууга багытталган башка максаттарда ассоциацияларды же болбосо бирликтерди колдонууга тыюу салынат.

8-берене. Кепилдик фонддордун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү 

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фонд турган жерден тышкары жайгашкан жана операциялардын бүгүндөй жана/же бир бөлүгүн кепилдик фонд бекиткен жобонун негизинде жүзөгө ашырган жана ага кепилдик фонд берген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенген анын обочолонгон бөлүмчөсү кепилдик фондунун филиалы болуп саналат.

Филиалдын кепилдик фонд менен бирдиктүү уставдык капиталы, балансы, ошондой эле кепилдик фонддун аталышына толук дал келген жана "филиалы" деген сөз кошулган аталышы болот.

2. Юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фонддун кызыкчылыктарын коргоону жана билдирүүнү жүзөгө ашырган, кепилдиктерди берүүнү кошпогондо, анын атынан бүтүм жана башка юридикалык иш-аракеттерди жасаган анын обочолонгон бөлүмчөсү кепилдик фонддун өкүлчүлүгү болуп саналат.

3. Кепилдик фонддордун филиалдарынын жана/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери кепилдик фонддордун иш-аракеттери катары каралат, болгондо да аларды түзгөн кепилдик фонд филиалдардын жана/же өкүлчүлүктөрдүн иш-аракеттерине толук жоопкерчиликти тартат.

4. Кепилдик фонддордун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

9-берене. Кыргыз Республикасында кепилдик фонддордун көз карандысыздыгы 

1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген компетенциясынын чегинде ишин өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, кепилдик фонддордун ишине байланышкан маселелерди чечүүдө кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат.

3. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн сыйакы төлөөнүн өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу аркылуу кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык кепилдик фонддор тарабынан өз алдынча белгиленет.

3-глава. Кепилдик фонддун капиталы 

10-берене. Кепилдик фонддун жеке капиталы 

Кепилдик фонддун жеке капиталына карата талаптар жана эсептөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

11-берене. Кепилдик фонддун уставдык капиталы 

1. Кепилдик фонддун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

2. Кепилдик фонддун уставдык капиталында жеке жана юридикалык жактардын ар биринин катышуудагы үлүшү чектелбейт.

3. Кепилдик фонддун уставдык капиталын түзүү акчалай түрдө жүзөгө ашырылат. Уставдык капиталдын курамына кепилдик фонддун катышуучулары салган акча каражаттарын кепилдик фонд кайтарып берүүсү боюнча милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана кирет.

4. Кепилдик фонддун уставдык капиталына кепилдик фонддун катышуучулары салган каражаттарын аларга тиешелүү акцияларды сатуу аркылуу гана ала алышат.

5. Улуттук банк кепилдик фондго дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизүүгө же тыюу салууга укуктуу. Дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизүү же тыюу салуу тартиби жана негизи Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Кепилдик фонддун уставдык капиталы жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан түзүлүшү мүмкүн.

7. Уставдык капиталды түзүү тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

4-глава. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары жана тартиби 

12-берене. Кепилдиктерди берүү 

1. Кепилдик фонд тарабынан кепилдиктерди берүү ушул Мыйзамда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана кепилдиктерди берүү регламентинде аныкталган шарттарда кепилдик фонддун, финансы-насыялык уюмдун жана ишкердик субъектисинин ортосунда кепилдик келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кепилдик фонддун кепилдиктери менен камсыз кылынган ишкердик субъекттеринин милдеттенмелерин тандоо жана ушул субъекттерге талаптар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

13-берене. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары 

1. Кепилдик фонддун кепилдиктери каржылоо келишими боюнча ишкердик ишинин субъектисинин милдеттенмесинин камсыз болбогон бөлүгүнө берилет.

2. Кепилдиктерди берүүгө түзүлгөн келишим боюнча кепилдик фонддун жоопкерчилигинин көлөмү кардардын финансы-насыялык уюмдун алдындагы негизги милдеттенмелеринин көлөмүнүн 50 пайызынан (каржылоонун негизги суммасынан) ашпоого тийиш.

3. Кепилдик фонддун бир жакка же байланышкан жактардын тобуна кепилдиктеринин суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленет.

4. Кепилдиктерди берүү кайтарымдуу негизде жүзөгө ашырылат жана кепилдик келишиминде аныкталат.

5. Кепилдик фонддун кепилдиктери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана берилет.

6. Мультипликатордун коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленет.

14-берене. Кепилдик фонддун жоопкерчилиги 

1. Кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенме кардар тарабынан аткарылбаганда же талаптагыдай аткарылбаганда кепилдик фонддун жоопкерчилиги кепилдик келишиминде аталган өлчөмдө субсидиардык болуп саналат.

2. Кепилдик фонд кардардын пайыздарды, үстөк айыпты, айып пулду, туумду, комиссиялык төлөмдөрдү төлөө бөлүгүндө каржылоо боюнча милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылбайт.

3. Кардардын милдеттенмелерин аткаруу боюнча кепилдик фонддун милдети кардар каржылоонун кайтарып берүү мөөнөтүн бузганда келип чыгат. Мында финансы-насыялык уюм Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө, каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерди кардар аткарбаган күндөн тартып кепилдик фондго кардар тарабынан келишимдин шарттарынын бузулганы тууралуу жазуу жүзүндө билдирет.

Кепилдик фонддун ушул бөлүктүн биринчи абзацында аталган милдеттенмеси кардардын ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилгенден жана финансы-насыялык уюмдар тарабынан келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карыздарды төлөтүп алуу боюнча бардык чаралар ишке ашырылгандан кийин келип чыгат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган шарттардын аткарылганы ырасталган учурда, кепилдик фонд карызды төлөөнү кепилдик келишиминин шарттарында кепилдик фонддун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.

5. Кепилдик фонд кардардын каржылоо келишими боюнча карызын жойгондон кийин кепилдик фондго финансы-насыялык уюмдун каржылоо келишими боюнча бардык укуктары аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө өтөт. Мында финансы-насыялык уюм кепилдик фонд кепилдик келишими боюнча милдеттенмелерин аткарган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө кепилдик фондуна карызкорго-кардарга талап кылуу укугун ырастоочу документтерди берүүгө тийиш.

6. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кардардан кепилдик келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн финансы-насыялык уюмга төлөнгөн сумманын ордун толтурууну регресс тартибинде талап кылууга укуктуу.

7. Кепилдик фонд тарабынан карызкорго-кардарга карата регресстик талаптарды канааттандырууда алынган каражаттар кепилдик фонддун тескөөсүндө калат жана кепилдик фондду өнүктүрүүгө багытталат.

5-глава. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө 

15-берене. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган 

1. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Улуттук банк кепилдик фонддорду каттоо, кепилдик фонддордун иштерин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.

3. Улуттук банк кепилдик фонддордун аткаруусу үчүн милдеттүү болгон экономикалык ченемдерди, анын ичинде мультипликатордун коэффициентин белгилөөгө, кепилдик фонддордун иштерин текшерүүгө, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

4. Экономикалык ченемдердин, талаптардын, чектөөлөрдүн түрлөрү, өлчөмдөрү жана аларды эсептөө методикалары Улуттук банк тарабынан аныкталат.

5. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын жана шарттардын негизинде Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин текшерет.

6. Кепилдик фонддор, кепилдик фонддордун катышуучулары, кепилдик фонддун кызмат адамдары жана башка кызматкерлери Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана башка бардык маалыматтарды өз учурунда берүүгө милдеттүү.

7. Кепилдиктерди берүүдө бизнес субъекттери менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында кепилдик фонддор тарабынан алынган маалыматтар банктык жашыруун сырга тиешелүү маалыматтарга кирет.

16-берене. Кепилдик фонддордун ишин көзөмөлдөө 

Улуттук банк тышкы көзөмөлдөө жана жеринде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу кепилдик фонддордун ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

17-берене. Кепилдик фонддорду эсепке алуу жана отчеттуулук 

1. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө мыйзамдарына, финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана кепилдик фондду эсепке алуу саясатына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Кепилдик фонддун эсепке алуу саясаты бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптерин, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу методдорун жана эрежелерин өзүнө камтууга тийиш. Эгерде финансылык топко көзөмөлдөө жүзөгө ашырылса, кепилдик фонд Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен топтун жалпы (консолидацияланган) эсепке алуу саясатын түзүүгө тийиш. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөлдөөнүн жана отчеттуулуктун талаптарын колдонбой коюу учурларын белгилөөгө укуктуу.

3. Кепилдик фонд бухгалтердик эсепке алууда жана отчеттуулукту түзүүдө колдонулуучу документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

4. Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеги жана аларды сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленет.

18-берене. Ички контролдоо системасы 

Ички контролдоо системасын уюштуруу жана иштетүү боюнча кепилдик фондго карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

19-берене. Кепилдик фонддордун аудити 

1. Кепилдик фонддун иши жыл сайын тышкы аудиттик текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

2. Тышкы аудит жүргүзүүгө жана аудитордук уюмга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

20-берене. Кепилдик фонд тарабынан түзүлүүчү резервдер 

1. Кепилдик иштерин жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды өз учурунда жабуу үчүн кепилдик фонд тиешелүү резервдерди түзүүгө жана финансылык отчетто финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык активдердин реалдуу наркын чагылдырууга милдеттүү.

2. Улуттук банк жөнгө салуу максатында кепилдик фонддун сарптоолоруна тийиштүү насыялык жана башка тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча чыгымдарды жабуу учуруна карата кепилдик фонд тарабынан түзүлүүчү резервдердин өлчөмүн, аларды түзүү тартибин жана эсептөө методдорун аныктоого укуктуу.

21-берене. Таасир этүү чаралары 

1. Улуттук банк кепилдик фондго жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот.

2. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу максаты кепилдик фонддордун стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун колдоо үчүн көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү, оңдоо жана четтетүү болуп саналат.

3. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, учурларда жана тартипте колдонулат.

4. Улуттук банк кепилдик фондго жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрлөрүн жана таасир этүү чараларын колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт.

5. Улуттук банк кепилдик фонддордун алгылыксыз жана кооптуу иштеринин белгилерин белгилейт жана ага кепилдик фонддорунун жана алардын кызмат адамдарынын тиешеси бардыгын аныктайт.

6. Жарыялоо кепилдик фонддун насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурлардан, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка учурлардан тышкары, Улуттук банк кепилдик фонддорго карата колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө, ошондой эле мындай чаралардын ар кандай өзгөрүүлөрү же токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Көрсөтүлгөн маалыматты жарыялоо мөөнөтү жана тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Мындай маалыматтарды жарыялоо банктык жашыруун сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.

7. Улуттук банктын кепилдик фондго карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

22-берене. Маалыматтар жана документтер 

1. Улуттук банк кепилдик фонддун тескөөсүндө турган бардык маалыматтарды талап кылууга жана алууга укуктуу.

2. Улуттук банк өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу процессинде алган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, үчүнчү тарапка берилбейт.

6-глава. Корутунду жоболор 

23-берене. Кепилдик фонддорун кайра уюштуруу жана/же жоюу 

1. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен кайра уюштурулушу (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы), жоюлушу мүмкүн.

2. Жоюлган учурда кепилдик фонддун каражаттары "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бөлүштүрүлүүгө жатат.

24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-апрелиндеги N 30 жарыяланды 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ишин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

5. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 953-ст.);

2) "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 26-октябрындагы № 172 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 9, 949-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

С.Жээнбеков 

  

  

  

2019-жылдын 7-мартында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган