КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын  

башкаруу органдарынын курамына талапкерлердин резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт 

 

 

 

Коммерциялык банктардын башкаруу органдарынын мүчөлөрү кызмат орундарына резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана акыркы 10 (он) жыл аралыгында экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 3 (үч) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу;  

2) акыркы 10 (он) жыл аралыгында банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарында кеминде 2 (эки) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу; 

3) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын билүү;  

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 4-бөлүгүнүн 20-главасынын шарттарына туура келбөө

 

Кепилдик фонддордун башкаруу органдарынын мүчөлөрү кызмат орундарына резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 2 (эки) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу; 

2) банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарында кеминде 1(бир) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу; 

3)корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү

4)Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы №2019-П-33/47-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобонун 3-главасынын 28-пунктунун шарттарына туура келбөө

 

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана экономика, банк, финансы, юридикалык же техникалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 3 (үч) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарда;  

2) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын билүү

3) башка төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат адамы же олуттуу акционеринен (уюштуруучусу)/катышуучусунан болбоо; 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 3-бөлүгүнүн 10-главасынын 37-пунктунун жана 11-главасынын 49-пунктунун шарттарына туура келбөө

 

Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын ревизия комиссияларынын мүчөлөрү/ревизорлору кызмат орундарына резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана ревизияларды, аудитти же инспектордук текшерүү жүргүзүүнү камтыган экономика, банк же финансы чөйрөсүндө кеминде 3 (үч) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу;  

2) банк, кепилдик фонддор, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу; 

3) Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарын билүү (сертификатка ээ болуу). 

 

Бардык талапкерлерге карата кошумча талаптар: 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Граждандык кодексин, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарын билүү

 

Талапкер төмөнкү учурларда сынакка катыша албайт: 

- соттун чечими менен ишке жөндөмсүз деп табылса; 

-  мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгиленген мөөнөт ичинде тиешелүү кызмат орундарын ээлөө акысынан ажыратылса; 

- кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга дал келбесе; 

- акырына чыгарылбаган сот иши бар болсо. 

 

Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын башкаруу органдарынын курамына резервден көрсөтүлүп жана тандалган талапкерлердин функционалдык милдеттери Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор, банктар, кепилдик фонддор, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору жөнүндө мыйзамдары, коомдордун уставы жана башка ички документтерине ылайык аныкталат. 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу талап кылынат:  

- белгиленген формага ылайык арыз  (жүктөп алуу)); 

- белгиленген формага ылайык жеке маалыматтар жана иштиктүү кызыкчылыктар жөнүндө маалымат  (жүктөп алуу)

- белгиленген формага ылайык түзүлгөн анкета  (жүктөп алуу)

- паспорттун көчүрмөсү

- жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломдун жана анын тиркемесинин көчүрмөсү

- эмгек китепчесинин иштеген жеринен же нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

Жогоруда келтирилген документтер минималдуу тизме болуп саналат. Зарыл болгон учурда сынактын кайсы болбосун баскычында сынактын катышуучуларынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча маалымат жана/же документтер талап кылынышы мүмкүн. 

 

Документтерди папкага көктөп, Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарын тескөө бөлүмүнө 2019-жылдын 19-ноябрында саат 17:00гө чейин Улуттук банктын Бишкек ш., Чүй пр., 168 дареги боюнча жайгашкан имаратына сунуштоо зарыл. Бардык суроолор боюнча (0312) 61-10-23 телефонуна кайрылсаңыздар болот.