Кайта келүү

  

  

 Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 27-мартындагы 

№ 2024-П-14/13-7-(ПС) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын  

31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын  

31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                                   К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 27-мартындагы 

№ 2024-П-14/13-7-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын  

31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын  

31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Эсептешүү банктарынын төмөнкүлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү гарантиялык жүргүзүүсү ушул Жобонун максаты болуп саналат: 

- төлөм уюмдары тарабынан кабыл алынган жана ири жана чекене төлөмдөр системалары боюнча үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүү банктары/ушул эл аралык төлөм системаларынын борборлору менен жүргүзүлгөн эл аралык/локалдык төлөм системаларынын төлөмдөрү.»; 

- 3-пунктундагы «эл аралык төлөм системаларына» деген сөздөр «локалдык/эл аралык төлөм системаларына» дегенге алмаштырылсын; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Эсептешүү банкы келишимдик мамилелерде каралган учурларда, өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана локалдык/эл аралык төлөм системасынын эрежелерине ылайык башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы жана/ же башка өлкөнүн же локалдык/эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын алкагында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча кайсы гана валютада болбосун акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат.»; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторуна эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн жана тынымсыздыгын камсыз кылуу максатында, негизги Эсептешүү банкынан тышкары, бир же эки резервдик Эсептешүү банкына ээ болуу сунушталат. Бир же эки резервдик Эсептешүү банкынын болушу боюнча критерийлерди маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын оператору системанын үзгүлтүксүз иштеши үчүн тобокелдиктерге ички баа берилишине жараша, маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторунун башкармасы же директорлор кеңеши (директорлор кеңеши жок болсо аткаруу органы) тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерде белгилөөгө тийиш. Тобокелдиктерди баалоо тобокелдик-менеджери (бар болсо) менен макулдашылууга жана директорлор кеңеши (директорлор кеңеши жок болсо аткаруу органы) тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

Төлөм системасынын катышуучусунун маанилүү төлөм системасындагы жана системалуу мааниге ээ төлөм системасындагы маанилүүлүк критерийи өзгөргөн учурда, төлөм системасынын катышуучусу Улуттук банктын маанилүүлүк критерийи тууралуу билдирүүсүн алган учурдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бир же эки резервдик Эсептешүү банкынын болушу зарылдыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алууга тийиш. Резервдик эсептешүү банкына карата талаптар Эсептешүү банкына карата талаптарга окшош.»;  

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Эсептешүү банкы келишимдик мамилелердин алкагында өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана/же директорлор кеңеши (директорлор кеңеши жок болсо аткаруу органы) тарабынан бекитилген локалдык төлөм системасынын, жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын эрежелерине ылайык, башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы жана/же башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын оператору жана/же локалдык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн эсептешүүлөрдү уюштуруу жөнүндө келишимдин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылган башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын алкагында төлөмдөр боюнча кайсы гана валютада болбосун акыркы өз ара эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылат жана гарантиялайт.»; 

- төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: 

«10-1. Локалдык төлөм системасынын операторунун эрежелеринде/эсептешүү банкы менен ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар ортосунда түзүлгөн келишимде операциялардын бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндөгү чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү боюнча суткалык лимиттер жана ишке ашырылып жаткан операциялардын мүнөзү жөнүндө маалыматтарды/билдирүүлөрдү Эсептешүү банкына берүү жөнүндө пункт каралууга тийиш. 

Эсептешүү банкы операциялардын бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзгөн төлөмдөрүнүн көлөмү боюнча суткалык лимиттерге талдоо жүргүзөт.»; 

- төмөнкү мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын: 

«11-1. Локалдык төлөм системасынын оператору жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын оператору, алардын катышуучу банктары жана эсептешүү банктары ортосундагы ушул Жобо менен бекитилбеген бардык өз ара иш алып баруулар, алардын жоопкерчилиги, укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана локалдык төлөм системасынын жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын тиешелүү эрежелеринде, тиешелүү ички ченемдик документтерде, ошондой эле алардын ортосунда түзүлүүчү башка келишимдерде жана/же макулдашууларда белгиленет.»; 

- 13-пунктунун: 

Биринчи абзацында «талаптарга» деген сөздүн алдында «минималдуу» деген сөз менен толукталсын;  

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) финансылык маалыматтарды өткөрүп берүүнүн эл аралык банктар аралык системасынын (мисалы, SWIFT) катышуучусу болууга жана/же башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын операторунун Эсептешүү банкы менен финансылык маалыматтарды өткөрүп берүүнүн каналдарына ээ болууга;»; 

3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

4-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

5-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

6-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) «жоюу процессинде, тике банктык көзөмөл режиминде, убактылуу администрация режиминде болбоого; » 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган локалдык төлөм системасынын операторунун эсептешүү банкы ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптардан тышкары, төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) Кыргыз Республикасынын рыногунда банк ишин кеминде 5 (жыл) жыл жүзөгө ашырууга тийиш; 

2) Ал үчүн Эсептешүү банкы болууну пландаштырган эл аралык төлөм системасынын тике катышуучусу болуп саналууга жана/же анын алкагында башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системалары менен система аралык интеграция долбоору ишке ашырылган локалдык төлөм системасынын катышуучусу болуп саналуусу зарыл; 

3) Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын катышуучусу болуп саналууга; 

4) башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын операторлорунун эсептешүү банктары/агенттери менен корреспонденттик мамилелерге ээ болууга; 

5) акыркы эки жыл үчүн эсепке алуунун жана отчеттуулуктун бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына шайкештигин тастыктаган, тышкы аудитордун корутундусунун болушу зарыл.»; 

- 15-пунктунун: 

тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык/локалдык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча келишимдердин/макулдашуулардын шарттарына ылайык, кайсы валютада болбосун Эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын агенти менен өз ара эсептешүүнү ишке ашырат. Өз кезегинде локалдык төлөм системасынын эрежелерине ылайык локалдык төлөм системасынын башка катышуучуларынан которулган каражаттар боюнча Эсептешүү банкы менен локалдык төлөм системасынын операторунун системасынын/төлөм уюмунун катышуучусунун/катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ГСРРВ аркылуу улуттук валютанын эквивалентинде же чет өлкө валютасында ордун жабууну алат;»; 

онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкынан Кыргыз Республикасынын аймагында ошол төлөм системасынын операциялары боюнча акча каражаттарын алат жана ушул системанын катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспондентттик эсептерине тиешелүү суммалардын локалдык төлөм системасынын эрежелерине ылайык ГСРРВ аркылуу өз убагында чегерилишин камсыз кылат;»; 

- 16-пунктунун: 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«тарифтерди юридикалык жактарды эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча банкта иштеп жаткан тарифтер ченинен жогорку эмес жана/же тараптар менен макулдашуу боюнча белгилөө»; 

сегизинчи абзацтагы «Жол-жобо» деген сөз «жол-жобо» дегенге алмаштырылсын; 

онунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган, маанилүү төлөм системасынын же системалуу мааниге ээ төлөм системасынын Эсептешүү банкы ордун жабуу мөөнөтү кеминде 3 (үч) айды түзгөн (күрөөгө коюлган портфелди эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздардын же Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелин, же болбосо банктык гарантияны же төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмдарынын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүсү үчүн башка инструментти төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмдарына гарантия катары, макулдашуу боюнча берүүгө тийиш. Мында жогоруда белгиленген гарантиялык инструменттер  чогуу алганда Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүү жөнүндө  келишим түзүлгөн төлөм системаларынын операторунун локалдык системасы менен интеграцияланган башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо күндүк маанисинен кем болбоого (өткөн айдын ар бир күнү үчүн жүгүртүүлөрдүн суммасы/төлөмдөр жүргүзүлгөн өткөн айдагы күндөрдүн саны) тийиш. »;