Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 29-сентябрындагы № 43\1 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү 7,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтом 2014-жылдын 30-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жонүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында бир жумуш күнү ичинде жайгаштырылышын камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов