Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 27-октябрындагы № 46\1 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 43-беренелерине ылайык, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү 9,00 пайыз чегинде белгиленсин.
2. Токтом, 2014-жылдын 28-октябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү тууралуу маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында бир жумуш күнү ичинде жайгаштырылышын камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов