Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 11-мартындагы 

№2020-П-33/10-1-(НФКУ) 

токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» ЮЖБны, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» ЮЖБны, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 11-мартындагы 

№2020-П-33/10-1-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 10-1 жана 11-1 пункттар менен толукталсын: 

«10-1. МФУ Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта жана МФУнун ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 15 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш»;  

11-1. МФУнун тиешелүү органы кредиттик саясатты анын шайкештиги боюнча, лимиттер системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө инструменттерин жана жол-жоболорун, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. МФУнун тиешелүү органы зарыл учурда МФУдагы тобокелдик профилиндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы, МФУнун уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрлар курамындагы өзгөрүүлөргө жана кредиттөө процессине таасирин тийгизүүчү башка жагдайларга жараша, бирок кеминде жылына бир жолу кредиттик саясатты кайра карап чыгууга милдеттүү.»; 

 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Кредиттик саясат МФУлардын кызматкерлери кредиттерди сунуштоо, тариздөө, мониторинг жүргүзүү, классификациялоо жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө иштеринде колдонууга милдеттүү болушкан стратегияны, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктайт. 

МФУ кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлерин карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун МФУда колдонулуп жаткан ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүүлүк менен кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

Эгерде гарантия (кепилдик) бирден бир камсыздоо болуп саналса, анда МФУ гарантиялык милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн, анын ичинде жоопкерчилигин жана төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат иликтөө жүргүзүүгө тийиш. 

МФУ кредит боюнча тобокелдиктерди эске алып, эгерде кепилдик кредит боюнча кошумча камсыздоо болуп саналса, гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө жүргүзбөй койсо деле болот.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын: 

«13-1. МФУнун кредиттик саясатында карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикасы камтылууга тийиш. Бул максаттарда МФУ өз ыңгайына жараша ички кредиттик рейтинг системасын иштеп чыга алат же тышкы кредиттик рейтинг булактарын колдоно алат. Тобокелдиктердин ички рейтинг системасы МФУнун иш чөйрөсүнө, өлчөмүнө жана татаалдыгына шайкеш келет.  

Эгерде МФУнун ички кредиттик рейтинг системасы бар болсо, анда бул ички рейтинг система карыз алуучунун финансылык абалына анын келечектеги төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары комплекстүү баа берүүнү камтууга жана карыз алуучу тууралуу маалыматтарды чагылдырууга тийиш. 

Кредиттик рейтинг кредиттин сапатынын негизги көрсөткүчү. Кредиттик рейтинг кредит берүү жактырылган алгачкы стадияда ыйгарылууга тийиш, ошондой эле кредитке кийинки мониторинг жүргүзүүдө, аны узартууда же кредиттик келишим шарттарын өзгөртүүдө же кредитти реструктуризациялоодо ыйгарууга болот. Карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктаган, иштелип чыккан кредиттик рейтингдер алфавит, сан же альфа-сан белгилери түрүндө белгиленет, булар МФУ кредит берүүдө орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди көрсөтүшөт. МФУ кредиттик рейтингди карыз алуучуга жана кредиттин өзүнө байланыштуу белгилүү бир мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен ыйгарылат.  

Кредиттик рейтингди аныктоодо карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн иликтөө ыкмалары ар кандай методдорго негиздениши мүмкүн: 

- сандык кредиттик рейтингди аныктоого өбөлгө түзгөн, тиешелүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен (коэффициенттер методу, рейтингдик моделдер, скоринг моделдери); 

- божомолдоо, мында өткөн жылдардагы статистикага таянат жана карыз алуучунун кредит таржымалын жана төлөө жөндөмсүздүгү ыктымалдуулугун болжолдоого багытталат; 

- сапаттык, мында ар тараптуу сапаттык көрсөткүчтөр системасы колдонулат.  

МФУ кредит берүүдө карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, өз ыктыярына жараша карыз алуучуларга жана МФУ тарабынан сунушталуучу кредиттерге баа берүү боюнча талаптарга жооп берген ыкмалардан турган, өздүк моделин иштеп чыга алат. Мында төмөнкүлөр негиз болот: 

- карыз алуучулардын финансылык абалына жана кредиттердин сапатына комплекстүү баа берүүгө өбөлгө түзгөн коэффициенттер ыкмасы; 

- рейтингдик модель колдонууга ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп саналган, интегралдык көрсөткүчтөрдү эсептөө аркылуу коэффициенттер методу менен автоматташтырылган баа берүү

- скорингдик модель карыз алуучуну белгилүү бир топко киргизүү менен кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнө балл эквивалентинде баа берүү

- карыз алуучунун милдеттенмелери менен келечектеги акча агымдарына баа берүүгө негизденген модель; 

- өткөн жылдардын статистикасын жана башкаларды колдонуу менен модель. 

Ички кредиттик рейтинг системасы кредит берүү тууралуу чечим кабыл алуу; кредиттин наркын аныктоо; МФУнун кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө көмөктөшүүсү; потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү үчүн; алынган жана зарыл маалыматты тескөө; кредиттерди кредиттик рейтинг шкаласына ылайык бөлүштүрүү, ошондой эле кредиттик рейтинг шкаласы боюнча кредиттердин мурдагы абалын жана келечектеги жылышын аныктоо; кредит портфелдеги жалпы тобокелдиктерге жана тенденцияларга баа берүү үчүн колдонууга болот.  

Ички кредиттик рейтинг системасын колдонуу мурунку маалыматтар менен маалымат базасын түзүүгө өбөлгө түзөт, ал убакыттын өтүшү менен кредиттин белгилүү бир түрүнө кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча баа берет, бул МФУга өз кредиттик тобокелдигине кыйла так баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Эгерде МФУнун ички кредиттик рейтинг системасы бар болсо, анда бул ички рейтинг системасы төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүн камтууга тийиш: 

- карыз алуучуга баштапкы рейтингди ыйгаруу (кредитке билдирме келип түшсө); 

- ыйгарылган рейтингди талдап-иликтөө (кардардын иши, анын төлөө жөндөмдүүлүгү жана күрөөлүк камсыздоосу боюнча бардык документтерди талдап-иликтөөдө); 

- кредит берүүнү жыйынтыктап жактыруу. 

Кредит берүү боюнча чечим кредиттик рейтингге ылайык, 100 000 (жүз миң) сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге кредиттер боюнча кабыл алынат. 

Мындан ары жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге 100 000 (жүз миң) сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча ушул Жобого ылайык, мониторингдин мезгилдүүлүгү боюнча, мезгил-мезгили менен төлөм мониторингин, ошондой эле кредиттик милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана эгер зарыл болсо, рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында ыйгарылган кредиттик рейтингдерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп туруу зарыл. 

Мындан тышкары, МФУ берүү учурунда стандарттык эмес чечимдер (жеке пайыздык чендер, күрөө түзүмү жана башка) кабыл алынган, кредиттердин маалымат базасын жана эсепке алуу журналын үзгүлтүксүз жүргүзүүгө милдеттүү.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын: 

«14-1. Кредиттерди берүү укугу кызмат адамдардын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүшү мүмкүн жана бул адамдар кредиттөө учурунда алар тарабынан жол берилген бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтүү болушат.»; 

 

- 16- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. МФУнун чет өлкө валютасында кредит берүү укугуна ээ Аткаруу органы МФУнун кредиттик саясатынын аткарылышына жоопкерчиликтүү болуп саналат жана кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты, жоболорду жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды МФУ ишине жайылтууга милдеттүү болот. МФУнун чет өлкө валютасында операциялардын бардыгын жана айрымдарын жүзөгө ашырууга кошумча лицензиясына (лицензия көрсөтүлсүн) ээ Аткаруу органы валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча комплекстүү системаны камсыз кылуусу, ошондой эле валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти контролдоо, талдап-иликтөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн отчет түзүү системасын камсыз кылуусу зарыл.»; 

 

- 20-пунктунун 2-1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1) бир же бир нече кредиттик бюродон карыз алуучу тууралуу маалыматты (кредиттик отчетту) жана МФУнун ыктыярына жараша  карыз алуучу менен байланыштуу жактар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык суроого;»; 

 

- 22-пунктунун: 

1-пунктчасы «колуна алууга» деген сөздөрдөн кийин «же электрондук түрдө алууга» деген сөздөр менен толукталсын; 

бешинчи абзацындагы «бардык төлөмдөрдүн тизмеси жана өлчөмү» деген сөздөр «чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын: 

«3) электрондук кол тамганы пайдалануу менен кардарларды обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу МФУ кызматтарынан пайдалануу.»; 

 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Кредит алууга билдирме иликтенгенден кийин МФУ корутунду жасап, анда карыз алуучуга кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун көрсөтөт, бул корутунду кардардын кредит алуу үчүн билдирмеси жана ушул Жобонун жана МФУнун ички документтеринин талабына ылайык МФУнун сурамы боюнча кардар тарабынан берилген башка зарыл документтер менен кошо Кредиттик комитеттин/ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна сунуштайт. 

Эгерде ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилген документтер тизмегин МФУ электрондук кол тамга колдонуу менен кардарларды аралыкта туруп/обочодон тейлөө аркылуу алса, анда мындай чечим кардарларды аралыкта туруп/обочодон тейлөө аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.  

Кредит берүүдөн баш тартылган учурда корутундуда аны себеби көрсөтүлүүгө жана МФУ белгиленген тартипке ылайык, карыз алуучуга кабыл алынган чечим тууралуу маалымдоого тийиш. 

Эгерде МФУ ички кредиттик рейтинг системасына ээ болсо, анда карыз алуучуга ички кредиттик рейтинг тарабынан МФУга берилген, кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугу/ылайыксыздыгы тууралуу рейтингдин маанисин камтыган натыйжа тиешелүү корутунду катары каралышы мүмкүн.»; 

 

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. МФУ менен кардардын ортосунда, анын ичинде электрондук формада түзүлгөн, анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктаган, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик жана расмий тилде (кардарга тилди тандоо укугун берүү менен) түзүлөт. 

Келишим түзгөн ар бир тарап кредиттик келишимдин бардык тарап кол койгон түп нускасын, же болбосо анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына каршы келбөөгө тийиш. МФУ кардардын келишимдин түп нускасын же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документти алгандыгы тууралуу тил катты кардардан кагаз жүзүндө же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук түрүндө алуусу зарыл. Кредиттик келишимдин түп нускасына МФУнун кардар келишимдин түп нускасын алгандыгы тууралуу белгилөөсү жогорудагы тил катка теңдештирилет. Кардар акча каражаттарды алгандыгы тууралуу факт тиешелүү документ менен тастыкталууга тийиш.  

Кредит боюнча келишимдердин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоосу зарыл. Кошо жоопкерчиликтүү топ тараптардын бири катары катышкан топко бириккендерди кредиттөөдө, кошо жоопкерчиликтүү топ үчүн кредиттик келишимдин түп нускасынын саны, келишимге кол коюшкан топтун катышуучуларынын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү

Мында аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналдары аркылуу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммаларда берилген кредиттер боюнча келишимдерге, келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюуга болот»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын: 

«33-1. Берилген кредиттер боюнча пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашып кетсе, МФУ аталган Мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

- карыз алуучунун кредитор алдындагы милдеттенмелери аткарылбаган шартта, карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн алып коюуну соттук тартипте гана ишке ашыруу;  

- карыз алуучунун кредитор алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо кредиттин же насыянын колдонуудагы мөөнөтү ичинде чегерилген кошумча төлөмдүн (айып, туум) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

- 34-пункттун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) кардардын кредитти кайсы гана учурда болбосун, кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз (комиссия жана башка төлөмдөр), төлөөгө чейин 30 (отуз) календардык күн мурда МФУга бул жөнүндө билдирген шартта, кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу. Мында көрсөтүлгөн шартта мөөнөт белгиленет, ал аяктаганда (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) карыз алуучу кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алат. Мөөнөтүнөн мурда төлөө күнүнө чейинки 30 (отуз) календардык күн мурда МФУга билдирүү жөнөтүлгөн шартта, билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн;»; 

 

- 35-пунктунун 5-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Кредитти кайтарууга ниеттенген күнгө чейин кеминде 30 (отуз) календардык күн мурда ал тууралуу МФУга маалымдалган шартта, кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн эч кандай айыптык санкцияларсыз мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусунун бири кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн шартта, МФУ кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кат жүзүндө макулдугун сурашы мүмкүн.»;  

 

- 35-пункту төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын: 

«6) кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик акча каражаттарын алгандыгын, анын ичинде электрондук кол тамганы пайдалануу менен аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналы аркылуу алгандыгын тастыктоо.»; 

 

- 36-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. МФУ кардарды ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлгөн анын чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеси менен тааныштырууга тийиш, ал, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эки тараптуу кол коюлат, ошондой эле тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документ түрүндө да түзүлөт.»; 

пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«Кредит боюнча милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон, жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасынан эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң милдеттенменин аткарылышы боюнча кредитордун чыгымдары, калган бөлүгүнөн пайыздар жана кошумча төлөмдөр алынат.»; 

 

- 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. Кардар менен кредиттик келишим түзүлгөндөн, анын ичинде келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында түзүлгөндөн жана ал тарабынан акча каражаттары алынгандан кийин, карыз алуучуга кагаз жүзүндө же электрондук түрдө кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

1) тараптардын колу коюлган жана ага карата кошо тиркелген бардык документтер менен кредиттик келишим; 

2) кредиттик келишимге кошо тиркелген, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн же анын электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында төлөмдөр графиги.»; 

 

- 38-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«Кредиттик таржымалды тараптардын кол коюусун талап кылбаган, документтердин түп нускаларынан сканерден өткөрүлгөн версиялары түрүндө электрондук маалымат булактарында жана/же МФУ санарип маалыматтардын маалыматтык коопсуздугун, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу деңгээлдерин колдонуу, резервдик көчүрмөлөө шарттарын сактоо менен камсыз кылган шартта, электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө сактоого жол берилет. 

Аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы кагаз жүзүндөгү документтерди сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында (электрондук маалымат булагында) электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында электрондук документтердин маалымат базасынан колдонуу мүмкүнчүлүгү мыйзам талаптарына ылайык камсыз кылынат.»; 

 

- 39-пунктунун биринчи сүйлөмүндө «Журналга» деген сөздөн кийин «, же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документке» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 41-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Экинчи булактар кредиттин кайтарымдуулугу жагында көйгөйлөр келип чыкан шартта, кредитти кайтарып берүүнүн кошумча гарантияларын камсыз кылуу үчүн зарыл.»; 

 

- 57-1-пунктунда «билдирме жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин» деген сөздөр «билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 59-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«59. МФУнун «проблемалуу» кредиттер менен иш алып баруу жагында көргөн аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, МФУ төмөнкү иш-чараларды ишке ашырат:  

- гаранттарга жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу;  

- сотко кайрылуу;  

- башка чаралар.»; 

 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Кепил болуучунун кирешеси жөнүндө маалымат. 

Эгерде кепилдик же гарантия суммасы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген микрокредиттин максималдуу суммасынан ашыкты түзгөн кредит боюнча берилсе, ошондой эле кепилдик кредит боюнча негизги камсыздоо болуп саналса, анда карыз алуучу кепилдик берүүчүнүн кирешелери тууралуу төмөнкү маалыматтарды берет: 

- тиешелүү кредиттик келишимди, гарантия берилген сумманы, гарантия бүткөн күндү көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантия же кепилдик;  

-гаранттын тиешелүү органынын гарантия берүү жөнүндө чечими;  

- кепилдик берүүчүнүн жубайынын/жолдошунун (эгер болсо) кепилдик берүү тууралуу макулдугу;  

- гаранттын уюштуруу документтери;  

- гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде гарантия бирден бир камсыздоо болуп саналса);  

- акыркы 3-12 ай ичинде эмгек акы жөнүндө маалымкат (мында МФУ эмгек акы жөнүндө маалымкат сунушталууга тийиш болгон мезгилди өз алдынча аныктоого укуктуу) же кирешеси тууралуу маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепилдик берүүчү жеке адам болсо); 

- гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөө.»; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы N 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 5.2.5-1-пункт менен толукталсын: 

«5.2.5-1. Берилген кредиттер боюнча пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашып кетсе, кредиттик союз аталган Мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

- карыз алуучунун кредитор алдындагы милдеттенмелери аткарылбаган шартта, карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн алып коюуну соттук тартипте гана ишке ашыруу;  

- карыз алуучунун кредитор алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо кредиттин же насыянын колдонуудагы мөөнөтү ичинде чегерилген кошумча төлөмдүн (айып, туум) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

 

- 5.2.6-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- катышуучунун кредитти кайсы гана учурда болбосун, кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз (комиссия жана башка төлөмдөр), төлөөгө чейин 30 календардык (отуз) календардык күн мурда кредиттик союзга бул жөнүндө билдирген шартта, кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу. Мында көрсөтүлгөн шартта мөөнөт белгиленет, ал аяктаганда (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) карыз алуучу кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алат. Мөөнөтүнөн мурда төлөө күнүнө чейинки 30 календардык (отуз) календардык күн мурда кредиттик союзга билдирүү жөнөтүлгөн шартта, билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн;»; 

 

- 5.2.7-пунктунда: 

биринчи абзацында «укуктары,» деген сөз алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Кредит боюнча милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон, жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасынан эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң милдеттенменин аткарылышы боюнча кредитордун чыгымдары, калган бөлүгүнөн пайыздар жана кошумча төлөмдөр алынат.»; 

- 7.3.4-пунктундагы «билдирме жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин» деген сөздөр «билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин» дегенге алмаштырылсын.