Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) регулятивдик банктык отчетторду жакшыртуу жана коммерциялык банктардан толук жана кеңири маалыматтарды алуу үчүн ыкчам портал түзүү максатында иштелип чыкты. 

Токтом долбоорунун максатына жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аткарылат: 

1. «Бир бөлүк бир тематика» принциби боюнча жаңы түзүмдөгү банктык отчет түзүлдү

2. Маалыматтарды чогултууда «дата-борборун» колдонуу ыкмасы киргизилди. Ѳзгөчө, талдап-иликтөөнүн негизги объектилери жөнүндө маалыматтарга тактоо киргизилген: 

- коммерциялык банк; 

- кардар; 

- депозит; 

- кредит; 

- күрөө

- бүтүмдөрдүн финансылык шарттары; 

- кардарлардын жана коммерциялык банктардын операциялары; 

- төлөм карттары; 

- электрондук акча; 

- банктардын чекене агенттери; 

- аралыкта орнотулган түзүлүштөр; 

- тобокелдиктер. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Регулятивдик банктык отчет (мында ары РБО) Улуттук банктын функцияларын аткаруу үчүн маанилүү жана эң көп колдонулган маалымат булактарынын бири болуп саналат. Белгилей кетсек, коммерциялык банктардын колдонуудагы мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет (мындан ары ПРБО) 37 бөлүктөн турат. Коммерциялык банктардын маалыматтары ар кайсы мезгилде алынуучу, ар кандай даражада деталдаштырылган жана бир эле көрсөткүчтүн жалпы суммасы кайталана берген чоң массивдүү маалыматтарды түзөт. Чыгарылган маалыматтын көп санда болушу бир эле базалык маалыматтын ар кандай топторун билдирет. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, жетишсиз деталдаштырылган банк көрсөткүчтөрүнүн тизмеги көбүрөөк болгон учурда финансы операцияларынын толуктугун ачыкка чыгарбашы жана ошого жараша чечим кабыл алуу процессин татаалдаштырышы мүмкүн.  

Мындан тышкары, 2014-жылдан тартып Улуттук банк банктык көзөмөлдү жакшыртуу максатында карыз алуучулардын кредиттик таржымалы жөнүндө маалыматтарды чогулта баштаган. Маалымат чогултуу карыз алуучулар боюнча коммерциялык банктар тарабынан берилген кредиттер жөнүндө маалыматтарды чогултууга багытталган. Бирок, жеткиликтүү маалымат толук жана кеӊири берилген эмес жана кредиттөө процессине байланыштуу башка тобокелдиктерге талаптагыдай негизде байкоо салууга жол бербейт. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк жаӊы кеңейтилген кредиттик реестрдин долбоорун иштеп чыкты (ал банктардын отчет берүүлөрүнүн кээ бир колдонуудагы формаларын алмаштырат жана жаңы РБОнун бөлүгү болот). 

 

Жаңы РБОнун долбоору бүгүнкү күндө ПРБОдо болгон олуттуу кемчиликтерди четтетүүгө багытталган, башкача айтканда: 

- талдап-иликтөө үчүн керектүү маалыматтардын жоктугу; 

- маалыматтар кечиктирилип берилет; 

- жаңы кириш жана чыгыш отчетторду түзүү жана ишке ашыруу үчүн кыйла узак убакытты (2-3 ай) талап кылат; 

- ар кайсы бөлүктөрдөн алынган маалыматтарды кайталайт: колдонуудагы ПРБО буга чейин кириш отчеттор эволюциялык жол менен иштелип чыккан, кээ бир жаңы отчеттор колдонуудагы регулятивдик отчеттордогу жеткиликтүү маалыматтарды, Улуттук банктын төлөм системаларындагы жеткиликтүү маалыматтарды эске албастан киргизилген. Ушундай түрдө, колдонуудагы ПРБОдо отчеттордун кайталануусу коммерциялык банктардын ишин татаалдаштырып гана тим болбостон, берилген маалымат катмарынын натыйжасыздыгына жана маалыматтын төмөндүгүнө алып келет; 

- банктардын отчетторунда берилген карама-каршылыктуу маалыматтарды алууга түрткү кылат; 

- маалыматты издөө, иштеп чыгуу жана талдап-иликтөө үчүн Улуттук банктын кошумча убактысын жана ресурстарын талап кылат, бул көбүнчө кол менен жасалат; 

- маалыматты жана отчетторду камтыган көп сандагы локалдуу справочниктерди жана маалымат базаларына ээ. 

Жогоруда айтылган пункттарды эске алуу менен, статистикалык маалыматтарды даярдоо жана жарыялоо учурда көп ресурстарды талап кыларын жана операциялык тобокелдиктерге түрткү кыларын белгилей кетүү керек. 

Мындан тышкары, коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу инструменттерин өркүндөтүү максатында Улуттук банк банктарга көзөмөл жүргүзүүнүн жаңы ыкмасын, атап айтканда «тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл» (мындан ары РОН) киргизилгендигин белгилей кетүү керек. РОН боюнча негизги бизнес-процесстердин бири болуп маалыматтарды талдап-иликтөөнү автоматташтыруу, ошондой эле тобокелдиктерди алардын пайда болушунун алгачкы стадияларында баалоо үчүн зарыл чыгыш отчетторду даярдоо эсептелет. Бул РБОнун жаңы долбоору кабыл алынган учурда дагы чечилиши мүмкүн.  

Ушуга байланыштуу, Улуттук банктын 2013-жылдын 12-июлундагы № 171-О буйругу менен түзүлгөн «Отчеттуулуктун бирдиктүү системасы» автоматташтырылган системасынын долбоору боюнча Улуттук банктын жумушчу тобу (мындан ары Жумушчу топ) тарабынан, РБОнун кириш жана чыгыш формаларынын долбоорлору иштелип чыкты.  

Сунушталган токтом долбооруна ылайык, РБО банктар мезгил-мезгили менен толтура турган кириш формалары 17 бөлүк менен сунушталган: 

1) Банктын финансылык абалы жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери жөнүндө отчет; 

2) Банктын финансылык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет; 

3) Операциялар реестри; 

4) Пруденциалдык отчеттор; 

5) Тышкы экономикалык агымдар жана банктын запастары жөнүндө отчет; 

6) Банктын төлөм карттарынын жана банктын электрондук капчыктарынын реестри; 

7) Кардарлардын жана алардын уюштуруучуларынын реестри; 

8) Банктын жана кардарлардын баалуу кагаздар менен операцияларынын реестри; 

9) Банктын финансы рыногундагы операциялары; 

10) Банктын депозиттик реестри; 

11) Банктын кредиттик регистри; 

12) Банктын аралыктан орнотулуучу түзүлүштөрүнүн реестри; 

13) Банктын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын реестри; 

14) Банктын чекене агенттеринин реестри; 

15) Банктын акча жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет; 

16) Банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин реестри; 

17) Банктын тарифтери жөнүндө отчет. 

Берилген формалардын тизмеги банктык операциялар боюнча маалыматтарды жана ислам каржылоо принциптери боюнча башка маалыматтарды чогултууга багытталган.  

17 бөлүктүн 6 бөлүгүн отчеттор жана 11 бөлүгүн реестрлер түзөт. РБО формаларында көптөгөн отчеттор деталдуу, кеңири маалыматты алуу үчүн деталдаштырылган. Банктык төлөм карттары, электрондук акча, кардарлар, баалуу кагаздар менен операциялар, банктар аралык операциялар, кредиттик келишимдер, аманатчылар, аралыкта орнотулуучу түзүлүштөр, акционерлер жана кызмат адамдар, банктын чекене агенттери жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн реестрлер иштелип чыккан. Улуттук банкка деталдуу маалымат алууга мүмкүндүк берет жана коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында конкреттүү маалымат алууга мүмкүндүк берет. 

2017-жылдын башында «Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобонун долбоору, ошондой эле отчеттордун түзүлүшү жана формалары Улуттук банктын расмий сайтында коомдук талкууга жайгаштырылган. Коомдук талкуу аяктагандан кийин коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен башкы бухгалтерлердин жана башкы адистердин деңгээлинде жолугушуу өткөрүлдү. Бул жолугушуунун алкагында банктарга 13 бөлүктөн турган жаңы РБОнун долбоорунун түзүлүшү сунушталды. Банктар үчүн РБО долбоорунун иштелишинин себептери, артыкчылыктары, түзүлүшү, ишке ашыруу убактысы жана РБО автоматташтыруу зарылдыгы тууралуу түшүндүрмө берилген. 

РБО долбоорун ишке ашыруунун акыркы мөөнөтү 2020-жылдын январь айында божомолдонгон. 

Жумушчу топтун дарегине көптөгөн сунуштар жана сын-пикирлер келип түштү, алар негизинен төмөнкүдөй эки темага бөлүнгөн:  

-  РБОну толтурууда жакшыраак түшүнүү үчүн кошумча түшүндүрүүлөрдү киргизүү

- отчетту тапшыруу мөөнөтүн узартуу.  

Банктардын көпчүлүк бөлүгү суралган маалыматтын көлөмү кыйла көбөйгөнүн белгилешкен. Кээ бир банктар долбоорду ишке ашыруу үчүн эл аралык донорлордун көмөгүн алуу үчүн ишке тартууну же автоматташтыруу үчүн ири финансылык cарптоолор талап кылына тургандыгына байланыштуу, формаларды кыскартууну сунушташкан. 

Мындан тышкары, РБОну ишке ашыруу мөөнөтүн 2020-жылдан кийинки жылдарга жылдыруу же РБОну этап-этабы менен киргизүү сунушталды. 

Мындан тышкары, банктардын көпчүлүгү суралган маалымат банктын автоматташтырылган банк тутумунда толук камтылбаганын белгилешти. Банктардын берилген сунуштарына жана сын-пикирлерине, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү кеңеш алуу үчүн кайрылган Дүйнөлүк банктын тышкы экспертинин сунуштарына ылайык РБОнун усулдук көрсөтмөлөрү толукталган жана Улуттук банк үчүн зарыл болгон маалыматтар кошулган. 

Жумушчу топ 2020-жылдын ноябрь айынан тартып азыркы мезгилге чейин пилоттук (8) банктар арасында, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүүчү банктар арасында РБОну апробациялоону өткөрүп келген. 

Апробациялоонун алкагында банктар тарабынан сунушталган РБО отчетторунун маалыматтары толук жана ишенимдүү сунушталгандыгы боюнча текшерүү иштери жүрүп, ошондой эле РБО формаларын толтуруу боюнча банктарга түшүндүрмө берилген. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжалардын, коррупциялык кесепеттердин келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктары козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана алардын жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар кайрадан коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат   

Токтом долбоорунун жөнгө салуу таасирин талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

Долбоор 

 

 

«Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. «Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

20__-жылдын______-________  

№_________________________  

токтомуна карата 1-тиркеме 

   

 

Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө 

ЖОБО  

 

1. Жалпы жоболор  

1. «Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобо (мындан ары Жобо) банк операцияларын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырылуучу операцияларды чагылдыруу үчүн бирдиктүү регулятивдик банктык отчетторду (мындан ары - РБО) аныктайт.  

2. Жобонун талаптары бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ коммерциялык банктарга, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга (мындан ары банк) таркатылат.  

 

2. Максаттары жана милдеттери  

3. Банктын жана алардын кардарларынын экономикалык жана чарба иштери тууралуу анык жана толук маалымат берүү жана төмөнкү тапшырмаларды аткарууну камсыз кылуу РБО түзүүнүн максаты болуп саналат: 

- банктардын жана банк тутумунун коопсуздугун, туруктуулугун сактоо максатында банктын жана банк иштеринин финансылык абалына талдап-иликтөө жүргүзүү

- акционерлер (бенефициар ээси боюнча маалыматты көрсөтүү менен), банктын кызмат адамдары боюнча, ошондой эле кардарлардын иши жана операциялары боюнча толук, кеӊири жана анык маалыматты ачып көрсөтүү

- акча-кредит статистикасын, эл аралык стандарттарга ылайык төлөм теӊдеминин жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык позицияларынын статистикасын түзүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталгандыгын контролдоо үчүн зарыл маалымат менен камсыз кылуу. 

  

3. РБО мазмуну жана аны берүүнүн мезгилдүүлүгү 

4. РБО белгилүү бир мезгил ичинде жана белгиленген мөөнөттө бекитилген формада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) берилүүчү банктын иши тууралуу маалыматтарды камтыйт.  

5. РБО түзүмү, курамы, берүү форматы жана бөлүктөрүн сунуштоонун мөөнөтү ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген. 

6. Банктар башкы кеӊсе жана ар бир филиал боюнча операцияларды өзүнчө бөлүү менен маалыматтарды консолидацияланган негизде РБО бөлүктөрүн беришет. 

 

4. РБО түзүүнүн негизги принциптери жана эрежелери 

8. РБО Улуттук банктын веб-порталы аркылуу электрондук форматта сунушталат. 

9. РБО түзүүдө үзгүлтүксүздүк, чегерүү, түшүнүктүү болуу, анык жана так, аягына чыгарылган, салыштырылган, ырааттуулукту жана купуялыкты сактоо принциптери сыяктуу финансылык отчеттордун эл аралык стандарттарынын негизги принциптери колдонулууга тийиш. 

Мында төмөнкү эрежелер сакталууга тийиш:  

а) операциялар операция ишке ашырылган валюта номиналында чагылдырылууга тийиш (улуттук же чет өлкө валютасында); 

б) операциялар отчеттук мезгилде бухгалтердик жана баланстан тышкары эсепке алуу маалыматтарынын негизинде чагылдырылууга тийиш; 

в) отчет мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунушталат; 

г) отчетко банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын электрондук кол тамгалары коюлуп сунушталат; 

д) отчет белгиленген мөөнөттө сунушталат. 

 

5. РБО берүү тартиби 

10. РБО ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык белгиленген форма боюнча электрондук кол тамганы колдонуу менен Улуттук банкка электрондук форматта берилет.  

11. РБОнун электрондук форматына Улуттук банктын сын-пикири болбогон учурда, же болбосо Улуттук банктын эскертүүлөрүнө ылайык отчет берилгенден кийин РБО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелет.  

12. Жыл сайын банктын финансылык отчетуна тышкы аудит жүргүзгөндөн кийин же көз карандысыз аудитордук компаниянын жыйынтыктоочу корутундусу боюнча РБОго негизделген түзөтүүлөр болгон учурда, көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусун алгандан кийин 15 жумуш күн ичинде түзөтүү киргизилген РБОну сунуштоо зарыл. 

13. РБО, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан Улуттук банк жана банктар үчүн жумуш күнү деп жарыяланган эс алуу жана майрам күндөрү ичинде банктар тарабынан ишке ашырылган бардык операцияларды кошуу менен отчеттук айдын акыркы календардык күнүнө карата абал боюнча, ошол мезгил ичинде банкта жумуш күнү жарыялангандыгына же жарыяланбагандыгына карабастан, бегиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш. Мында улуттук валютада көрсөтүүгө зарыл болгон отчеттордо, улуттук валюта эквивалентиндеги чет өлкө валютасындагы маалыматты камтыган отчеттор отчет түзүү күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсун колдонуу менен түзүлүүгө тийиш.  

 

6. Корутунду жоболор 

14. РБОнун толук, анык жана өз убагында сунушталышына жоопкерчилик банктын жетекчилигине жана банктын жооптуу кызмат адамына жүктөлөт.  

15. Банкта мазмуну толук болушуна, сунуштоо мөөнөтүнө жана РБО толтуруунун тууралыгына жооп берген жооптуу кызматкер дайындалууга тийиш. Ошондой эле аталган кызматкерге РБОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлөт. 

16. РБО түзүү, контролдоо жана Улуттук банкка сунуштоо процесси ар бир баскычында жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдү аныктоо менен банктын ички документтеринде жөнгө салынууга тийиш. 

17. Отчетто туура эмес маалыматтар системалуу түрдө сунушталган, белгиленген мөөнөттөр бузулууга жол берилген учурда, банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чаралары колдонулат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жобого карата 1-тиркеме 

Регулятивдик банктык отчеттун (РБО)  

ТҮЗҮМҮ ЖАНА КУРАМЫ  

Бөлүк 

РБО аталышы 

Отчеттун мезгилдүүлүгү 

Берүү форматы 

Маалыматтар курамы 

Банктын финансылык абалы жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери жөнүндө отчет 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар  

1.1 

Активдер 

1.1-1 

Активдер (ислам каржылоо принциптерине ылайык) 

1.2 

Милдеттенмелер 

1.2-1 

Милдеттенмелер (ислам каржылоо принциптерине ылайык) 

1.3 

Капитал 

1.3-1 

Капитал (ислам каржылоо принциптерине ылайык) 

1.4 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

1.4-1 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер (ислам каржылоо принциптерине ылайык) 

1.5 

Системадан тышкаркы эсепке алуу 

1.5-1 

Системадан тышкаркы эсепке алуу (ислам каржылоо принциптерине ылайык) 

Банктын финансылык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

2.1 

Кирешелер 

2.1-1 

Кирешелер (ислам каржылоо принциптерине ылайык) 

2.2 

Чыгашалар 

2.2-1 

Чыгашалар (ислам каржылоо принциптерине ылайык) 

Операциялардын реестри 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xml» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өзүнчө маалыматтар  

3.1 

Улуттук операциялардын реестри 

3.2 

Эл аралык операциялардын реестри 

3.3 

Электрондук акча менен эсептешүүлөр системалары боюнча улуттук жана эл аралык операциялар 

3.4 

Коммерциялык банктардын нак/нак эмес чет өлкө валютасы менен операциялары 

3.5 

Сомго нак эмес/нак чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча кардарлар менен коммерциялык банктардын ички бүтүмдөрү 

Пруденциалдык отчеттор 

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

4.1 

Кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча баалоо 

4.1-1 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча баалоо 

4.2 

Операциялык тобокелдик 

4.3 

Башка менчик 

4.4 

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу маалымат 

4.4.1 

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу маалымат 

4.4.2 

Акционерлердин, банктын кызмат адамдарынын жана аны менен байланыштуу жактардын катышуу үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъектилер тууралуу маалымат 

4.4.3 

Акционерлердин/кызмат адамдарынын милдеттенмелери бар экендиги тууралуу маалымат 

4.4.4 

Акционерлердин жана банк менен байланыштуу жактардын туугандарынын тизмеси 

4.4.5 

Банк менен байланышкан жактар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар (кредиттерди/каржылоону берүү боюнча операцияларды кошпогондо) 

4.5 

Активдерди жана баланстан тышкары милдеттенмелерди эсептен алып салуу жана калыбына келтирүү 

4.5-1 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык активдерди жана баланстан тышкары милдеттенмелерди эсептен алып салуу жана калыбына келтирүү 

4.6 

Банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деӊгээлин аныктоо 

4.6-1 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу даражасын аныктоо 

4.7 

Мөөнөттөрү боюнча GAP 

4.7-1 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык мөөнөттөр боюнча GAP 

4.8 

Корреспондент банктар жөнүндө маалымат (анын ичинде, лоро эсептер боюнча) 

4.9 

Экономикалык ченемдер/көрсөткүчтөр  

4.9.1 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банк капиталынын кошумча запасын толуктоо тууралуу маалымат 

4.9.2 

Отчеттук мезгил үчүн орточо маанилер (К3.1) 

4.9.3 

Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет 

4.9.4 

Ликвиддүүлүк ченеминин (К3.1) сакталышы тууралуу отчет 

4.9.5 

Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (К3.2) сакталышы жөнүндө отчет 

4.9.6 

Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеминин (К3.3) сакталышы жөнүндө күн сайын берилүүчү отчет 

4.9.7 

Мөөнөттүү депозиттер жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү боюнча ченемдин (К 5.1) сакталышы тууралуу күн сайын берилүүчү отчет 

4.9.8 

Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү боюнча ченемдин сакталышы тууралуу отчет (К 5.2) 

4.9.9 

Баалуу металлдарда ачык позициялар жөнүндө отчет (ОПДМ) 

4.9.10 

Ачык валюта позициялары тууралуу отчет 

4.9.11 

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө отчет 

4.9.12 

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентинин сакталышы жөнүндө күн сайын берилүүчү отчет 

4.10 

Комплаенс-тобокелдик 

4.10.1 

Банктын ишенимдүү башкаруу боюнча операциялары жөнүндө маалымат 

4.10.2 

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына билирүүлөрдүн саны жана суммасы жөнүндө маалымат 

4.10.3 

Эсептери боюнча олуттуу жүгүртүүгө ээ кардарлар боюнча маалымат 

4.11 

Активдерди классификациялоо 

4.11-1 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо 

4.12 

Маалымат алуу 

4.12-1 

Ислам каржылоо принциптери боюнча маалымат алуу 

4.13 

Депозиттер жөнүндө маалымат 

4.13-1 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык депозиттер жөнүндө маалымат 

4.14 

Пруденциалдык баланс 

4.14-1 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык пруденциалдык баланс 

4.15 

Пайда жана чыгым жөнүндө пруденциалдык отчет 

4.15-1 

Ислам каржылоо принциптерина ылайык операциялар боюнча кирешелер жана чыгымдар 

Банктын тышкы экономикалык агымдары жана запастары жөнүндө отчет  

Чейрек сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

5.1 

Банктын капиталы тууралуу маалымат (чет өлкөлүк капиталдын катышы менен банктар толтурат) 

5.2 

Банктын чет өлкөлүк ишкананын капиталына катышуусу тууралуу маалымат (чет өлкөлүк ишканада үлүшкө ээ банктар тарабынан толтурулат) 

5.3 

Банктын чет өлкөлүк активдеринин жана алар боюнча кирешелердин жылышы 

5.4 

Банктын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелеринин жана ал боюнча чыгашалардын жылышы 

5.5 

Банктын чет өлкө валютасындагы кредиттери боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө боюнча болжолдоо (график) 

Банктык төлөм карталар жана электрондук капчыктар реестри 

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өзүнчө маалыматтар 

6.1 

Банктык төлөм карттарынын реестри 

6.2 

Банктык төлөм карттарынын эсептерде акча каражаттын калдыгы 

6.3 

Төлөм системасы тууралуу маалымат 

6.4 

Электрондук капчыктар реестри 

Банктын кардарларынын жана уюштуруучуларынын реестри  

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өзүнчө маалыматтар 

7.1 

Үй чарбалары (анын ичинде жеке ишкерлер) 

7.2 

Юридикалык жактар же коомдук уюмдар 

7.3 

Уюштуруучулар 

А бөлүгү. Үй чарбалары (анын ичинде жеке ишкерлер) 

Б бөлүгү. Юридикалык жактар же коомдук уюмдар 

Банктын операцияларынын жана баалуу кагаздары менен кардарларынын реестри  

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

8.1 

Банктын операцияларынын жана корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен кардарлардын реестри 

8.2 

Инвестициялар жана финансылык катышуу реестри 

Банктын финансы рыногундагы операциялары 

Жума сайын, ар бир жума күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өзүнчө маалыматтар 

9.1 

Банктын кредиттик жана депозиттик операцияларынын ресстри 

9.2 

Банктын валюталык операцияларынын реестри 

10 

Банктын депозиттик реестри 

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xml»  

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өзүнчө маалыматтар 

10.1 

Банктын депозиттик реестри 

10.2 

Аралыкта тейлөө инструменти 

11 

Банктын кредиттик регистр 

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xml» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өзүнчө маалыматтар 

11.1 

Берилген кредит/каржылоо жөнүндө маалымат 

11.2 

Кошумча маалыматтар 

11.3 

Күрөө жөнүндө маалымат 

12 

Банктын аралыктан орнотулган жабдууларынын реестри 

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

12.1 

Банктын аралыкта орнотулган түзүлүштөр реестри 

12.2 

Аралыкта орнотулган түзүлүш менен тейленген төлөм системаларынын аталышы 

13 

Банктын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын реестри 

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

13.1 

Банктын таржымалы 

13.2 

Банктардын акционерлери/кызмат адамдары-жеке адамдар боюнча маалымат 

13.3 

Акционерлер-юридикалык жактар боюнча маалымат 

14 

Банктын чекене агенттеринин реестри  

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

14.1 

Банктын чекене агенттеринин реестри 

14.2 

Банктын чекене агенттеринин жайгашкан жери 

14.3 

Банктын чекене агенттеринин сунушталуучу кызматтардын түрлөрү 

15 

Банктын кассалык жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет 

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өзүнчө маалыматтар 

16 

Банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин реестри 

Ай сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өзүнчө маалыматтар 

16.1 

Валюталык операциялар 

16.2 

Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

17 

Банктын тарифтери жөнүндө отчет 

Чейрек сайын, кийинки айдын 5ине чейин, саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

17.1 

Банктардын башкы офистеринде жана региондордо кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер 

17.1.1 

«Локалдык акча которуу системалары» кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө 

17.1.2 

«Эл аралык акча которуу системалары» кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө 

17.1.3 

«Чек арадан тышкары төлөмдөр системалары» кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө 

17.1.4 

«Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттары» кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө 

17.1.5 

«Эл аралык төлөм карттары» кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө 

17.1.6 

«I. Маалымат үчүн» чечмелөө 

17.2 

Башкы офистерде жана региондордо депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер 

17.2.1 

Жеке адамдар үчүн 

17.2.2 

Юридикалык жактар үчүн 

17.3 

Башкы офистерде жана региондордо кредиттер түрлөрү боюнча пайыздык чендер 

17.4 

1-тиркеме. Региондордогу филиалдардын аталышы жана саны 

 1-бөлүм
 2-бөлүм
 3-бөлүм
 4-бөлүм
 5-бөлүм
 6-бөлүм
 7-бөлүм
 8-бөлүм
 9-бөлүм
 10-бөлүм
 11-бөлүм
 12-бөлүм
 13-бөлүм
 14-бөлүм
 15-бөлүм
 16-бөлүм
 17-бөлүм