Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-мартындагы  

№ 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын резидент эмес юридикалык жактарынын банктык эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-мартындагы № 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- биринчи пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- акча каражаттарын сактоо максатында банк-резиденттер менен чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө жана/же банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө уруксат берилсин. Мында коммерциялык банктар резидент банкта корреспонденттик эсеп ачууга уруксат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына мындай эсепти ачуунун негиздемесин көрсөтүү менен кат жөнөтүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн катка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдикке баа берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо жөнүндө банктын милдеттенме каты тиркелеши зарыл.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

10-мартындагы № 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомунун биринчи пунктунун үчүнчү абзацынын колдонуу мөөнөтү катары ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты ай белгиленсин.  

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-мартындагы  

№ 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

10-мартындагы № 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун 2023-жылдын 13-июлундагы № 18-17/12 «Кыргыз Республикасынын резидент эмес юридикалык жактардын банктык эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» кеңешменин протоколуна карата 2023-жылдын 17-июлундагы № 18-5962 тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан (мындан ары пилоттук долбоор). 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында коммерциялык банктарга банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүү максатында резидент банктар менен чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталат. 

Өткөн жылдардагы негативдүү банктык тажрыйбаны, айрым коммерциялык банктардын ишинде аныкталган мыйзам бузууларды жана андан кийин Улуттук банк тарабынан резидент банктардын ортосунда улуттук жана чет өлкө валюталарындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же улантууга тыюу салынгандыгын эске алганда, токтом долбоору убактылуу мүнөзгө ээ (алты айдын ичинде) болуп саналат. Мында пилоттук долбоор аяктагандан кийин банк-резидентте корреспонденттик эсеп ачууну пландаган банк чет өлкө банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүү боюнча ишти уланта тургандыгы болжолдонууда. 

Банктардын ишиндеги тобокелдиктерди минималдаштыруу жана жогорку тобокелдиктеги, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан операциялардын ишке ашырылышына жол бербөө максатында, токтом долбоорунда коммерциялык банктарга мындай эсепти ачуунун негиздемесин көрсөтүү менен банк-резидентте корреспонденттик эсеп ачууга уруксат алуу үчүн Улуттук банкка кат берүү талабы белгиленген. Көрсөтүлгөн катка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдикке баа берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо жөнүндө банктан милдеттенме кат тиркелеши зарыл. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

Ошону менен бирге, анын алкагында Кыргыз Республикасындагы резидент эмес юридикалык жактардын төлөмдөрүн банк тарабынан жүргүзүү болжолдонгон пилоттук долбоордун өзгөчөлүгүн жана банк-резиденттердин корреспонденттик эсептерин пайдаланууну эске алуу менен, банктар тарабынан жогорку тобокелдиктеги операцияларды жүргүзүү тобокелдиктери бар, бул терс натыйжаларга алып келиши, анын ичинде жергиликтүү коммерциялык банктардын чет өлкө банктары менен кызматташуусуна тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 1-пунктчасынын негизинде сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн эмес.