Практикадан өтүү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогорку окуу жайларынын акыркы жана ага чейинки курстарынын студенттерин өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикадан өтүү үчүн кабыл алат.
Практика өтүүнүн мөөнөтү - 3 жума. Практика өтүүгө төлөө каралган эмес.
Улуттук банктан практика өтүүчү практиканттарды тандоо эки этаптан турат:
- документтерди кабыл алуу;
- талапкерлер менен маектешүү (тесттен өткөрүү).
Талапкерлерге коюулуучу талаптар:
- окуу мөөнөтү беш жылдык жогорку окуу жайларынын жана магистратуралардын акыркы (4-5) курстарынын артыкчылык менен окуган студенттери;
- профилдик сабактар боюнча студенттик конференцияларга, олимпиадаларга катышкан студенттер;
- профилдик сабактар боюнча жарыяланган иштердин авторлору;
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Компьютерди пайдалануучу деңгээлде билүүсү;
Талап кылынуучу документтер:
- практика өтүүнүн мөөнөтү көрсөтүлгөн, тиешелүү жогорку окуу жайдын мөөрү басылган, студенттерди практика өтүүгө кабыл алуу үчүн берилген жогорку окуу жайдын жолдомо каты.
- кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен (Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан берилет);
- өмүр баяны;
- таржымал (өзү жөнүндө кошумча маалыматтар, Улуттук банктан практика өтүүсүнүн максаты);
- жогорку окуу жайдын мөөрү басылган зачеттук китепчесинин көчүрмөсү.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү, 89, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн № 225 иш бөлмөсүнө же (0312) 66 90 15 (+1034) телефондоруна кайрылсаныздар болот.







