> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Сынак аркылуу ишке кабыл алуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир кыйла квалификациялуу адистерди, алардын кесипкөй даярдыгын эске алуу менен сынак өткөрүү жолу менен ишке кабыл алат.  

    Сынак өткөрүүнүн этаптары:  

  • 1 этап - талапкерлердин документтерин коюлган талаптарга ылайык келишине карата анализдөө жана тандоо;  

  • II этап - талапкерлерди квалификациялык талаптарга ылайык келишине карата баалоо (кесипкөйлүк, адистик, психологиялык жактан тесттен өткөрүү);  

  • III этап – сынак комиссиясы менен талапкерлердин ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана чечим кабыл алуу.  

    Талапкерлерге коюлуучу талаптар:  

  • Бош кызмат ордуна талапкерлерди тандоо сынагына катышуу үчүн талапкерлер, ошол кызматка карата жалпыга малымдоо каржаттарында жарыяланган талаптарга ылайык келүү менен Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.  

    Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон документтер:  

  • кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен (Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан берилет);  

  • өмүр баяны;  

  • төмөнкү документердин көчүрмөлөрү: билими жөнүндө (диплом тиркемеси менен), илимий даража жана наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдун, сертификаттардын жана квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу башка документтердин;  

  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);  

  • социалдык коргоо күбөлүгү (эгер бар болсо);  

  • өзү жөнүндө кошумча маалымат (таржымал)- каалоосуна жараша;  

  • паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик билетин (аскерга кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү.  

    Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:  

  • Бишкек шаары, Чуй проспекти, 168 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн № 117/1 бөлмөсүнө же (0312) 66 90 18 телефондоруна кайрылсаныздар болот. 

Документтерди толтуруу үлгүсү Бишкек шаары Т.Үмөталиев атындагы көчө 101-үй дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 1-аймагынын фоесиндеги маалымдоо дубалында жайгаштырылган.