Түзүлгөн күнү: 2015-01-20
Тажрыйбалык такшалуудан өтүү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогорку окуу жайларынын акыркы курсунун студенттерин жана жаш адистерди окуу стажировкасын өтүүгө, сынак өткөрүү жолу менен кабыл алат.
- Сынак өткөрүүнүн этаптары:
- документтерди тандоо;
- кесипкөйлүк тесттен өткөрүү;
- маектешүү;
- Талапкерлерге коюлуучу талаптар:
- жогорку окуу жайлардын эң мыкты баалар менен аяктаган 25 жаштан жогору эмес студенттери жана республиканын окуу мөөнөтү беш жылдык жогорку окуу жайларынын жана магистратуралардын акыркы курсунун студенттери;
- Улуттук банкка тажрыйбалык такшалуудан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары гана кайрыла алат.
- өзүн жакшы сапатттары менен көрсөтө алган жана квалификациялык талаптарга жооп берген, адис/инспектор/экономист бош кызмат орундары үчүн сынакка катышкан талапкерлер.
Тажрыйбалык такшалуудан өтүү мөөнөтү 3 айдан 1 жылга чейин.
- Тажрыйбалык такшалуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынышы мүмкүн:
- бош кызмат ордуна сунушталат/сунушталбайт;
- тажрыйбалык такшалуу өтүү мөөнөтү узартылсын;
- тажрыйбалык такшалуу аяктасын.
- Талап кылынуучу документтер:
- кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен;
өмүр баяны - билими жөнүндө документтер (диплом тиркемеси менен же зачеттук китепчесинин көчүрмөсү), илимий даража жана наам ыйгарылгандыгы, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө диплом, сертификаттар ж.б.
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер бар болсо);
- таржымал (кошумча маалыматтар) талапкердин каалоосу боюнча;
- паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документ, ошондой эле аскердик билети документтерди тапшырып жаткан учурда, талапкердин өз колу менен берилет.
- Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
- Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү, 89, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн № 225 иш бөлмөсүнө же (0312) 66 90 15 (+1034) телефондоруна кайрылсаныздар болот.
Өздүк баракча Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан берилет, №225-бөлмө.







