> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Шанхай кызматташтык уюму 

 

Шанхай кызматташтык уюму (мындан ары - ШКУ) туруктуу иштеген өкмөттөр аралык эл аралык уюм болуп саналат. Сегиз мамлекет ШКУга мүчө: Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы. ШКУнун негизги максаттарына: мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара ишенимди жана достук мамилени чыңдоо; саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий тармактарда, ошондой эле билим берүү, энергетика, транспорт, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка тармактарда натыйжалуу кызматташууга көмөктөшүү; региондо тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту биргелешип камсыз кылуу жана колдоо; демократиялык, адилеттүү жана рационалдуу жаңы эл аралык саясий жана экономикалык тартипти түзүүгө көмөктөшүү кирет. 

Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болушунун алкагында Улуттук банк ШКУга мүчө мамлекеттер менен улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү боюнча жол картасынын долбоору боюнча ишке катышат. 

2020-жылдын сентябрь айында Улуттук банктын кызматкерлери Россия Федерациясынын Финансы министрлиги Россия Банкы менен биргеликте уюштурган «Улуттук валюталарда өз ара эсептешүүлөргө баскыч-баскыч менен өтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу» темасындагы тегерек стол отурумуна видеоконференция форматында катышкан, анын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы улуттук валюталарда өз ара эсептешүүлөрдүн учурдагы абалы, алардын өнүгүүсүн токтотуп турган тоскоолдуктар, ошондой эле бул эсептешүүлөрдү кеңейтүүнүн келечеги менен жолдору талкууланган. 

2022-жылдын 16-сентябрында Самарканд шаарында (Өзбекстан) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 21-жыйыны болуп өттү. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча лидерлер тарабынан бир катар документтерге, анын ичинде «Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара эсептешүүлөрүндө улуттук валюталардын үлүшүн акырындык менен көбөйтүү боюнча жол картасы жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечимине» да кол коюлду.