> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» эл аралык конференциясы 

 

2023-жылдын 19-майында Бишкек шаарында улуттук валюта кыргыз сомунун 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт. 

Эл аралык конференция санариптик трансформация жана финансылык технологияларды өнүктүрүү перспективалары, ошондой эле экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы парадигмаларын, анын ичинде акча-кредит саясаты маселелерин талкуулоо үчүн биргелешкен аянтча болуп саналат. 

Конференцияга экономика саясатын жүргүзүүчүлөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле изилдөөчүлөр жана практиктер катышат.