> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата спорттук иш-чаралар 

 

Кыргыз Республикасынын бардык областтарынын борборлорунда Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын кызматкерлеринин катышуусунда спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. 

Максаты финансы-банк системасынын кызматкерлери арасында сергек жашоо образын жайылтуу, чуркоого кызыккандардын санын арттыруу жана алардын деңгээлин жогорулатуу. 

Спорттук жарыштар төмөнкү шаарларда өткөрүлөт: 

- Бишкек (2023-жылдын 14-майы); 

- Баткен (2023-жылдын 14-майы); 

- Каракол (2023-жылдын майы); 

- Талас (2023-жылдын 13-майы); 

- Жалал-Абад (2023-жылдын апрели) 

Волейбол боюнча мелдештерди 2023-жылдын апрель жана май айларында Нарын жана Каракол шаарларында өткөрүү пландаштырылууда. 

Мини-футбол боюнча турнир 2023-жылдын май айында Каракол, Баткен, Талас, Ош шаарларында өткөрүлөт. 

Шахмат боюнча мелдешти 2023-жылдын май айында Баткен шаарында өткөрүү пландаштырылууда.