> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча өткөргөн аукциондун жыйынтыгы  

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 20-апрелинде улуттук валютанын 30 жыл өнүгүү мезгилинин аралыгында Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча аукцион өткөрдү

Аукцион Улуттук банктын сейрек коллекциялык монеталарына нумизматтардын суроо-талабын канааттандыруу максатында өткөрүлдү. Ушуга байланыштуу жалпы саны 80 даанадан турган, ар кандай тарыхый окуяларды, архитектуралык-маданий эстеликтерди, улуттук спорт оюндарынын түрлөрүн, каада-салттарды, Кыргызстандын жоголуп бараткан жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн даңазалоо үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана сатыкта жок коллекциялык алтын, күмүш, жана жез-никель монеталары, ошондой эле эстелик банкнот түрүндөгү нумизматикалык баалуулуктар, жүгүртүүдөгү монеталар топтому, номиналы 1 (бир) тыйын коллекциялык монеталар 30 лот менен аукционго чыгарылды. 

Аукционго катышуу үчүн 25 катышуучу катталган. Аукционго чыгарылган лоттордун жалпы баштапкы баасы 857 700,00 (Сегиз жүз элүү жети миң жети жүз) сомду түзгөн. Бардык аукционго 30 лот менен чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар сатылды. Ал эми аукциондун жыйынтыгы боюнча коллекциялык монеталарды сатуунун жалпы суммасы 1 139 050,00 (Бир миллион бир жүз отуз тогуз миң элүү) сомду түздү

Алтын монеталардын ичинен «Манас» эпосуна 1000 жыл» алтын монета үчүн эң жогорку сунушталган баа 180 500,00 (Бир жүз сексен миң беш жүз) сомду түздү, ал эми күмүш монеталардын ичинен 8-лоттун «Эл аралык тоолор жылы» сериясындагы «Архар» жана «Ташрабат» күмүш монеталарына сунушталган эң жогорку баа 42 100,00 (Кырк эки миң бир жүз) сомду түздү

Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы Кыргызстандын эксклюзивдүү жана кооз коллекциялык монеталар продукцияларына болгон нумизматтардын жана жөнөкөй сүйүүчүлөрдүн көбүрөөк кызыкканын күбөлөндүрдү