> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 16 август № 30/6  

токтомуна карата тиркеме 

"1 тиркеме" 

 

Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер 

 

1. Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөр (мындан ары - Пакеттик клиринг системасы) абоненттик төлөмдөн жана Пакеттик клиринг системасынын катышуучуларынын чыгыш төлөмдөрүнөн турат. 

2. Пакеттик клиринг системасынын катышуучусунун абоненттик төлөмү айына 20 миң сом суммасында белгиленет. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 токтому менен бекитилген жана Адилет министрлигинде 2007-жылдын 29-декабрында 121-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү ишке ашыруу тартиби жөнүндө нускоого ылайык, Пакеттик клиринг системасынын операциялык күн регламентине жараша белгиленген мезгил аралыгында жөнөтүлгөн жана иштелип чыккан системанын катышуучуларынын чыгыш төлөмдөрүн иштеп чыгууга тарифтер, төлөм суммасынын аралыгына жана төлөмдөрдүн келип түшүүсүнө жараша төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 

Төлөм суммасынын 

аралыгы, сом менен 

Пакеттик клиринг системасына келип түшкөн 

1 төлөмдү иштеп чыгууга тарифтер (сом менен): 

11:00 чейин 

11:00 кийин 

0,01 - 300,00 

0,01 

0,01 

300,01 - 1 000,00 

0,05 

0,1 

1 000,01 - 5 000,00 

0,1 

0,5 

5 000,01 - 20 000,00 

20 000,01 - 100 000,00 

15 

25 

100 000,01 - 500 000,00 

40 

45 

500 000,01 - 1 000 000,00 

55 

60 

4. Пакеттик клиринг системасынын катышуучулары тарабынан Нускоого ылайык белгиленген операциялык күн регламентин бузуу менен жөнөтүлгөн чыгыш төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана иштелип чыккан төлөмдөр үчүн тарифтер төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 

Төлөм суммасынын аралыгы, сом менен 

Пакеттик клиринг системасынын 

операциялык күн регламентин 

бузуу менен келип түшкөн 

1 төлөмгө тариф (сом менен) 

0,01 - 300,00 

0,1 

300,01 - 1 000,00 

1 000,01 - 5 000,00 

5 000,01 - 20 000,00 

20 

20 000,01 - 100 000,00 

250 

100 000,01 - 500 000,00 

450 

500 000,01 - 1 000 000,00 

600 

5. Пакеттик клиринг системасынын катышуучусунун андан көз каранды эмес себептер боюнча операциялык күн регламентин бузуу менен чыгыш төлөмдөрүн иштеп чыгууга тарифтер, ал факт Улуттук банктын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын начальниги тарабынан тастыкталган учурда, ушул Тиркеменин 3-пунктуна ылайык белгиленет (саат 11:00 кийинки тариф).".