Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүлүшүнүн 2022-жылдын
IV - чейрегиндеги абалы тууралуу
2023-жылдын 1-январына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 198 810,1 млн сомду түзгөн, анын ичинен 4 401,0 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 194 409,1 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиге салыштырганда 65 786,8 млн сомго же 51,1 пайызга көбөйгөн).
2022-жылдын IV - чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 1 230 655,8 млн сом келип түшкөн, бул көрсөткүч 2021-жылдын IV - чейрегине салыштырганда 415 112,7 млн сомго же 50,9 пайызга көп.
Коммерциялык банктар мекемелеринин кассаларына нак акчанын келип түшүүсүнүн өзгөрүүсү, төмөндө келтириген 1-графикте чагылдырылган:
1-график. Коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын келип түшүүсү
Коммерциялык банктардын кассаларынан 2022-жылдын IV - чейрегинде 1 241 474,1 млн сом берилген, бул 2021-жылдын IV - чейрегиндегиге салыштырганда 428 158,2 млн сомго же 52,6 пайызга көп.
Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаларды берүүдөгү өзгөрүүлөр, төмөндө келтирилген 2-графикте чагылдырылган:
2-график. Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаны берүүлөр
Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2022-жылдын IV -чейрегинде 99,1 пайызды түзгөн (2021 жылдын IV - чейрегине салыштырганда 1,2 пайызга азайган).
Коммерциялык банктардын кассаларына 2022-жылдын IV-чейреги ичинде акча кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүүсү, төмөндө келтирилген 1-таблицада чагылдырылган.
1-таблица (пайыз)
|
2021- жылдын IV - чейреги |
2022- жылдын IV - чейреги |
Четтөөлөр |
Бардыгы болуп республика боюнча: |
100,3 |
99,1 |
-1,2 |
Бишкек шаары |
101,8 |
99,9 |
-1,9 |
Баткен обл. |
99,9 |
100,5 |
0,6 |
Жалал- Абат обл. |
95,4 |
94,9 |
-0,5 |
Ысык-Kөл обл. |
97,1 |
96,2 |
-0,9 |
Нарын обл. |
98,3 |
95,5 |
-2,8 |
Ош обл. |
99,9 |
99,9 |
0 |
Ош шаары |
101,5 |
99,2 |
-2,3 |
Талас обл. |
92,6 |
94,3 |
1,7 |
Чүй обл. |
100,5 |
100,6 |
0,1 |