> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Аудит боюнча комитеттин иш милдеттерине ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү, тобокелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкаруу, ошондой эле Ички аудит бөлүмүнүн ишин көзөмөлдөө, бухгалтердик эсепке алуу стандарттарынын шайкеш колдонулушун камсыз кылуу, финансылык отчеттун сапатына байкоо жүргүзүү, тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү кирет.   

2022-жылы Аудит боюнча комитет тарабынан 32 отурум өткөрүлгөн, анда ички аудит бөлүмүнүн иши, Улуттук банктын финансылык отчету, эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүлөр тууралуу материалдар, ички жана тышкы аудиттин сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышына жүргүзүлгөн мониторинг, ички контролдоо системасы боюнча жалпы маалымат кароого алынган. Аудит боюнча комитет өзүнүн иши тууралуу маалыматты жарым жылдык негизде Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштап турган. Аудит боюнча комитеттин мүчөсү - көз карандысыз эксперт - Улуттук банктын тышкы аудиторун тандоо жол-жобосуна катышкан. Тышкы аудиторлордун көз карандысыздыгын гарантиялоо максатында, Аудит боюнча комитет 2021-жыл үчүн финансылык отчетко аудит жүргүзүү боюнча тышкы аудиторлордун жооптуу өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн.