> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Тобокелдиктер боюнча комитет борбордук банктын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди идентификациялоо, баалоо жана чектөө жагында түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо аркылуу Улуттук банктын ишиндеги тобокелдиктерди азайтуу ишин жүзөгө ашырат. 

Тобокелдиктер боюнча комитеттин курамына Комитеттин төрагасы болуп саналган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн алты начальниги кирет. Тобокелдиктер боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын төрагасынын буйругу менен бекитилет. 

Тобокелдиктер боюнча комитеттин негизги функцияларына жана милдеттерине ылайык, Комитеттин ишине тобокелдиктерди тескөө процессин оптималдаштыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында Улуттук банкта тобокелдиктерди тескөө маселелерин кароо милдети кирет.  

2022-жыл ичинде Комитет тарабынан алты отурум өткөрүлгөн. Комитет Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн операциялык тобокелдиктерине жыл сайын өз алдынча баа берүүнүн, ушул мезгил аралыгында келип чыккан тобокелдик жагдайларына мониторингдин жана талдап-иликтөөнүн жыйынтыктарын жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштарды караган. Талдап-иликтөөнүн жыйынтыктары операциялык тобокелдиктер жол берилген чекте экендигин күбөлөндүргөн. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын Тобокелдиктер боюнча саясатына ылайык жана тобокелдиктерди тескөө боюнча эл аралык стандарттарды жана алдыңкы концепцияларды эске алуу менен (ISO 31000 Тобокелдиктерди тескөө, COSO Уюмдарда тобокелдиктерди тескөө) негизги көңүл операциялык тобокелдиктерди тескөө методологиясын мындан ары да өркүндөтүү маселелерине бурулган.