Түзүлгөн күнү: 2018-07-19
Маалымат технологиялары боюнча координациялык комитет
Маалымат технологиялары боюнча координациялык комитет маалымат технологияларын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана Улуттук банкта маалымат технологияларын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Мындан тышкары МТ-долбоорлорунун түзүлүшүн жана өзгөрүшүн координациялайт, бул долбоорлорго же маалымат технологияларына байланыштуу техникалык чечимдерди жана бизнес-процесстерди жактырат.
Маалымат технологиялары боюнча координациялык комитетти Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү башкарат, Координациялык комитеттин курамына түзүмдүк бөлүкмдөрдүн начальниктери кирет.
Отчеттук жыл ичинде Комитеттин он отуруму өткөрүлгөн.