> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлгөн. 

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу.  

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети өз ишинде Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына таянат.  

Көзөмөл боюнча комитет туруктуу иштеген коллегиялдуу орган, ал 8 (сегиз) мүчөдөн турат: Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/банк Башкармасынын мүчөсү көзөмөл блогунун куратору (Комитеттин Төрагасы), Төраганын орун басары (кеңеш берүү добушу менен), Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери. 

2017-жыл ичинде Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 51 отуруму өткөрүлүп, 183 маселе каралган, анын ичинде: 

а). 127 маселе коммерциялык банктардын иши боюнча; 

б). 18 маселе БФКУлардын иши боюнча; 

в). 38 маселе Улуттук банктын көзөмөл блогунун уюштуруу иши боюнча