> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналып чыгарылган "Ош" коллекциондук монетасы 

2000-жылдын 28-августунда Улуттук банк тарабынан 100 сом номиналындагы "Ош" коллекциондук алтын монетасы жүгүртүүгө чыгарылган. 

Ош шаарынын үч миң жылдыгына арналып чыгарылган "Ош" коллекциондук монетасы алтындан чегилип жасалган жана эл аралык "пруф" сапатына ээ

Монетанын алдынкы бетинин алдыңкы планында Давань аргымактарынын, ал эми арткы планында Сулайман Тоосунун сүрөттөлүшү түшүрүлгөн. Оң жак бөлүгүндө монетанын номиналы "100 сом" жана монетанын салмагын, жасалган алтындын тазалыгын көрсөткөн белги (Au 916/7,78) берилген.  

Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана монетанын чыгарылган жылы (2000-жыл) чагылдырылган.  

Ар бир монета өзүнчө кутучага салынган жана ар бир монетага сертификат, кыскача сүрөттөлүшү менен буклет тиркелген. 


Монетанын мүнөздүү өзгөчөлүгү

Аталышы 

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Металы 

Сапаты 

Салмагы (г) 

Диаметри (мм) 

Нускасы (даана) 

Баасы  

Ош  

100 сом 

2000 

Алтын 916 

Пруф 

7,78 

22,00 

1000 

Сатуу аяктаган