> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

"Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясынын монеталары  

  

"Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясынын монеталарынын арткы бетинде Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсүн чагылдырган сүрөттөлүштөр түшүрүлүп, "Кыргызстан Кызыл китеби" сериясынын кыргызча аталышы, Кыргыз Республикасынын герби жана монета чыгарылган жылы берилген.  

"Кашкар бөрү карагаты" монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Монетанын четине тегерете: "Кашкар бөрү карагаты / Berberis kaschgarica", аталышы, металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) жазылган. Монетанын төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.  

«Эдуард чаар гүлү (Айгүл гүлү)» күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин кырка тоолордун кучагында өзгөчө (тампондук) ыкмада түшүрүлгөн керемет гүлдүн сүрөттөлүшү түзөт. Монетанын үстүнкү бөлүгүндө кыргыз тилинде «Айгүл гүлү» жана латын тилинде «Fritillaria eduardii Regel» жазуусу, төмөн жагында анын номиналы (10 сом) чагылдырылган. Монетанын сол бөлүгүндө металл пробасы (Ag 925°), оң бөлүгүндө монетанын салмагы (28,28g) көрсөтүлгөн. 

"Ак илбирс" алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин карегине асыл таш (бриллиант) чөгөрүлгөн ак илбирстин элеси түшүрүлгөн. Үстүңкү бөлүгүндө монетанын кыргызча "Ак илбирс" жана латынча "Uncia uncia" деген аталышы берилген. Төмөн жагында металлдын сапаты (Au 999°) жана монетанын номиналы (200 сом) чагылдырылган. Монетаны тегерете улуттук оюу-чийим түшүрүлгөн.  

"Тоодак" күмүш монетанын алдынкы бетине сейрек кездешүүчү тоодак кушунун көркөм кооз келбети рельефтик ыкмада түшүрүлгөн. Мында түстү өзгөртүү технологиясы колдонулган. Куштун элесин айланта түшүрүлгөн чөптөр алтын түстө чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө анын номиналы, ал эми төмөнкү бөлүгүндө "Тоодак" деп кыргызча аталышы жана бул түрдүн "Otis tarda" деген латынча аталышы берилген.  

"Үкү" күмүш монетасы - бийик тоолуу Кыргызстандын табиятынын кучагында үкү кушунун түстүү тампондук басуу ыкмасында чебер чагылдырылган сүрөттөлүшү монетанын сюжетинин өзөгүн түзөт. Монетанын алдыңкы бетинде анын кыргызча аталышы, металлдын түрү, сапаты жана салмагынын латынча аталышы (Ag 925/28,28), ошондой эле номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.  

Алтын жалатылган жасалгалоо технологиясы менен даярдалган эки жейрендин сүрөттөлүшү "Жейрен" монетасынын негизги сюжети болуп саналат. Монетанын алдыңкы бетинин үстү жагында "Жейрен" деген кыргызча аталышы, ал эми алды жагында - "Gazella Subgutturosa" латынча аталышы берилген. Ошондой эле, монетанын номиналы (10 сом), пробасы жана салмагы (Ag 925/28,28 г.) көрсөтүлгөн.  

"Ак илбирс" күмүш монетасынын алдыңкы бетинде тоо чокуларын мекендеген ак илбирстин элеси түшүрүлгөн. Үстүңкү бөлүгүндөмонетанын "Ак илбирс" деген аталышы, металлдын пробасы жана салмагы (Ag 925/28,28), төмөн жагында - монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монета эки Swarovski® кристаллы чөгөрүлүп жасалган.  

«Каркыра» күмүш монетасынын алдыңкы бетинде алтын түстө берилген каркыранын сүрөттөлүшү, анын фонунда бийлеп жаткандай сезим калтырган каркыралар тобунун элеси түшүрүлгөн. Жогору жагында монетанын кыргыз тилиндеги («Каркыра») жана латын тилиндеги аталыштары («Anthropoides virgo»), ал эми төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын оң жагында металл пробасы (Ag 925є) жана салмагы (28,28 г) көрсөтүлгөн.  

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми төмөн жагында «Кыргызстандын Кызыл китеби» жазуусу, сол жагында монета чыгарылган жылы (2017) түшүрүлгөн.  

 

  

Монеталардын мүнөздөмөлөрү  

  

Монетанын аталышы  

Номиналы  

Металлы  

(пробасы)  

Салмагы  

Диаметри  

Сапаты  

Нускасы  

(даана)  

Сатуу баасы 

Кашкар бөрү карагаты  

10 сом 

Күмүш 925°/ алтын 999°  

28,28 г  

38,61*28,81 

proof  

1 000 

3 690 сом  

«Каркыра» 

10 сом 

Күмүш 925°/ алтын 999°  

28,28 г  

38,61*28,81 

proof  

1 000 

3 150 сом  

«Эдуард чаар гүлү (Айгүл гүлү)» 

10 сом  

Күмүш 925°  

28,28 г  

38,61*28,81 

proof  

2 000 

2 420 сом  

"Ак илбирс"  

200 сом  

Алтын  Au 999°  

15,55 г  

25,00 мм  

proof  

1 000  

сатуу аяктаган  

"Тоодак"  

10 сом  

Күмүш 925°/ алтын 999°  

28,28 г  

38,6 мм  

uncirculated 

3 000  

2 000 сом  

"Үкү"  

10 сом  

Күмүш 925°  

28.28 г  

38.60 мм  

proof  

3 000  

сатуу аяктаган

"Жейрен"  

10 сом  

Күмүш 925° алтын 999°  

28,28 г  

38,6 мм  

proof  

3 000  

2300 сом  

"Ак илбирс"  

10 сом  

Күмүш 925°  

28,28 г  

38,6 мм  

proof  

3 000  

сатуу аяктаган  

  

Коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.