> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монеталары  

Коллекциялык монеталар чектелген тиражда чыгарылуучу, ошондой эле көркөм жана тарыхый баалуулукка ээ акча белгилеринин өзгөчө категориясы болуп саналат. Жүгүртүү монеталарына караганда, коллекциялык монеталар улуттук жана маданий мурастын маанилүү элементи болуп саналып, өзүндө баалуулукту, салттарды жана чегип жасоо искусствосун бириктирүү менен адатта баалуу металлдардан, жогорку сапаттагы технологияларды колдонуу менен жасалат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коллекциялык монеталарды улуттук маданий мурасты сактоо жана жайылтуу, Кыргызстандын маанилүү тарыхый окуяларын, эстелик даталарын жана жаратылыш байлыктарын чагылдыруу максатында чыгарат. 

Чыгаруу тематикасын өзүндө салт жана үрп-адаттар, архитектура эстеликтери, кайталангыс флора жана фауна дүйнөсү, улуттук спорт оюндарынын түрлөрү ж.б. сыяктуу багыттардын кеңири түрүн камтыйт. 

1995-жылы алгачкы жолу чыгарылган коллекциялык монеталар Кыргызстандын нумизматикалык рыногунун түптөлүшүндө негизги ролду ойногон.  

Улуттук банк жыл сайын баалуу жана баалуу эмес металлдардан коллекциялык монеталарды чыгарып турат. Заманбап чегип жасоо технологиясын колдонуудан улам бул монеталар жогору баалуулукка гана ээ болбостон, аларда Кыргызстандын кооздугу, өзгөчөлүгү жана кайталангыс жаратылышы чагылдырылат.  

Кыргызстандын коллекциялык монеталары республика ичинде сыяктуу эле, чет өлкөлөрдө да кеңири таанылып, туруктуу суроо-талапка ээ. Бул, өз кезегинде, Улуттук банк ар кандай адистешкен нумизматикалык басылмалардан жана уюмдардан алган эл аралык сыйлыктар менен тастыкталат. 

Коллекциялык монеталарды чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөбүз үчүн маанилүү болуп саналган жагдайларды жана баалуулуктарды түбөлүккө гана калтырбастан, Кыргызстандын эл аралык мейкиндикте алгылыктуу имиджин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.