> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып чыгарылган "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизиделиши" коллекциондук монетасы 

Кыргыз Республикасынын аймагында 2003-жылдын 8-майынан тартып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып чыгарылган 10 сом номиналындагы "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түпкү уюткусу", монетасы жүгүртүүгө чыгарылган. 

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып чыгарылган "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түпкү уюткусу" коллекциондук монетасы күмүштөн жасалган жана эл аралык "пруф" сапатына ээ. Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ

Монетанын алдынкы бетинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кылым карытып калыптанышын жана өнүгүшүн чагылдырган, байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки аралыкты боюна сиңирген археологиялык эстеликтердин сүрөттөлүштөрү түшүрүлгөн. Бийлик символу - колодон жолборс башы келбетинде оюп басылган сүрөттөлүш - кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаралышы мезгилине, биздин доорго чейинки V-III кылымдарга туура келет. Түргөш монетасы - биздин доордун VIII кылымынын баш жагында Кыргызстандын аймагында жасалган биринчи монета болуп эсептелет. Бурана мунарасы - ХI кылымга таандык, Улуу жибек жолундагы сакталып калган кайталангыс тарыхый жана архитектуралык көрүнүктүү эстеликтин бири. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу - учурдагы кыргыз мамлекетинин символу.  

Монетанын оң жак тарабында анын номиналын билдирген жазуу (10 сом) жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгүндө күмүштөн тазалыгын жана монетанын салмагын айрымалаган белгиге (Ag 925/28,28) орун берилген.  

Монетанын арткы бетинде "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл" деген жазуу монетаны айланта жазылган. Кыргыз Республикасынын герби монетанын арткы бетинин негизги композициялык мотиви болуп саналат. Монетанын чыккан жылы (2003) анын төмөнкү бөлүгүндө улуттук оюм-чийимдин алкагында берилген. 

Монетанын мүнөздүү өзгөчөлүгү

Аталышы  

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Металы 

Сапаты 

Салмагы (г) 

Диаметри (мм) 

Нускасы (даана) 

Баасы 

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздилиши

10 сом 

2003 

Күмүш 925/ Алтын 999 

Пруф 

28.28  

38.60  

1000 

Сатуу аяктаган