> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

"Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери" сериясынын монеталары 

 

"Саймалуу-Таш" монетасынын негизги сюжетинин өзөгүн күн кишинин элеси, тоо эчкисинин жана күндүн элесин көтөрүп тургандай өгүздүн сүрөттөлүшү түшүрүлгөн. Сүрөттөлүштөрдүн кочкул көк түстө берилиши монетанын өзгөчө айырмалоочу белгисинен болуп саналат. Монетанын алдыңкы бетине "Саймалуу-Таш/Saimaluu-Tash" деген жазуу, номиналы (10 сом) жана пробасы менен салмагы (Ag 925/28,28 г) түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетинде күңүрт тилкеде аска бетиндеги сүрөттөлүштөр даана байкалып турат, "Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери" сериясынын аталышы, Кыргыз Республикасынын герби жана монетанын чыккан жылы (2013) берилген.  

"Манастын күмбөзү" монетасы. Орто кылымга таандык мемориалдык архитектуралык эстелик - "Манас" күмбөзүнүн сүрөттөлүшү монетанын алдыңкы бетинин негизги элементи болуп саналат. "Манас" үчилтигиндеги окуялардын чагылдырылышы анын сюжетин түзөт Жогорку жагында монетанын аталышы, ал эми төмөн жагында кыргыз элинин кол өнөрчүлүк чеберчилигинен жаралган оюу-чийимдер жана монетанын номиналы көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби, алкактын ичинде "Манас" күмбөзүнө кооздолуп түшүрүлгөн оюу-чиймелер, "Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери" аталышындагы монетанын сериясы жана чыгарылган жылы (2014) берилген. 

 

Монеталардын мүнөздөмөлөрү  

 

Монетанын 

аталышы 

Номиналы 

Металлы 

(пробасы) 

Салмагы 

Диаметри 

Сапаты 

Нускасы 

(даана) 

Сатуу баасы 

(1 даана) 

"Саймалуу-Таш"

10 сом 

Күмүш 925° 

28,28 г 

38,6 мм 

"proof" 

2 000 

2 500 сом 

"Саймалуу-Таш"

1 сом 

Жез-никель 

12,0 г. 

30 мм 

"brilliant  

uncirculated" 

5 000 

Сатуу аяктаган 

Манастын күмбөзү

10 сом 

Ag 925° 

28.28 г 

38.60 мм 

proof 

2 000 

1800 сом 

Манастын күмбөзү

1 сом 

CuNi 

12.00 г 

30.00 мм 

brilliant 

uncirculated 

5 000 

Сатуу аяктаган 

 

Коллекциялык монеталар эл аралык эң жогорку "proof" сапатына ээ. Баардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.