> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясындагы коллекциялык монеталары  

 

«Бешикке салуу» монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары бала кармап отурган эне жана алтын жалатуу технологиясынын жардамы менен аткарылган бешиктин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында «Бешикке салуу» деген жазуу жана монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (28,28 g) берилген.  

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети катары боз үйдүн ичинде бала кармап отурган эне жана кыргыздын оюусу түшүрүлгөн коргоочу касиетке ээ тумар чагылдырылган. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын жээгин айланта «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген сөздөр жазылган. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн. 

 

Монеталардын мүнөздөмөлөрү 

Монетанын аталышы 

Номиналы 

Металлы 

(сапат белгиси) 

Салмагы 

(г) 

Өлчөмү 

(мм) 

Сапаты 

Нускасы 

(даана) 

Сатуу баасы 

(сом) 

Бешикке салуу

10 сом 

күмүш 925° 

28,28 

38,61 

proof 

1 000 

6 030  

 

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.   

Бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.