> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Кыргыз каганатынын доору» сериясынын монеталары   

 

«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө «Кыргыз кумурасы / Kyrgyz vase» жазуусу орун алган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28g). Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген. 

Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргыз Республикасынын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу берилген. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019). 

«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сөйкө желбирөөчтү тагынган кыздын образы болуп саналат. Монетанын сол тарабында орун алган «Улуу кыргыз каганаты» орхон-енисей рун тамгалары менен жазылган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°), монетанын аталышы «Сырга/Earring», салмагы (28,28g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.  

Асыл таштар чөгөрүлүп, шуру менен тизмектелип берилген сырганын сүрөттөлүшү монетанын арткы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган, ал эми оң жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019). 

«Кыргыз боз үйү» жез-никель монетасынын алдыңкы бетине чагылдырылган боз үйдүн сүрөтү негизги сюжетти түзөт. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Боз үй» жазуусу орун алып, төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги - сом белгиси баш тамга менен асты сызылып баса көрсөтүлгөн, бул улуттук валютанын туруктуулугун тастыктоонун бир белгиси болуп саналат. 

Боз үйдүн сөлөкөтү берилген монетанын арткы бетинин борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу орун алган, ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы (2018) көрсөтүлгөн.  

«Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» коллекциалык монетанын алдыңкы бетинде локалдык оксиддирлөө технологиясын колдонуу менен шайма-шай куралданган жоокер элеси түшүрүлгөн. Монетанын четинде тегерете: «Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» жазуусу, сол жагында монетанын номиналы (10 сом) чагылдырылган.  

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, гербди тегерете курчап турган күн жана жоокерлер элеси чагылдырылган. Монетанын сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925°), ал эми оң жагында - салмагы (28,28) көрсөтүлгөн. Монетанын жогору жагында «Улуу Кыргыз каганаты» деген жазуу жазылган, ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2017) берилген.  

«Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери» коллекциялык монетасы Улуу Кыргыз каганатынын түптөлүшүнүн 1170-жылдыгына арналган «Кыргыз каганатынын доору» сериясында чыгарылган төртүнчү монета. Келбети келишкен кыргыз жоокерлердин таасирдүү элеси алкагында өзгөчө технологияны колдонуу менен түшүрүлгөн жаачы жоокердин келбети монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетаны тегерете «Легковооруженный воин Кыргызского каганата/ Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери» жазуусу түшүрүлгөн. Төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы (10 сом) чагылдырылган. Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жана жаачы жоокерлер элеси түшүрүлгөн. Монетанын сол жактагы бөлүгүндө сапат белгиси (Ag 925°), оң бөлүгүндө монетанын салмагы (28,28 г.) көрсөтүлгөн. Монетанын үстүнкү бөлүгүндө «Улуу Кыргыз каганаты» жазуусу, ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2016) берилген.   

«Тамга - Кыргыз каганатынын биримдигинин символу» монетасы алтындан түшүрүлгөн тамга кыргыз элинин укумдан тукумга өтүп келген жалпы белгиси монетанын алдыңкы бетинин өзөктүү элементи болуп саналат. Монетанын композициясы Кыргыз каганатынын Сибирден тартып Борбордук Азияга чейинки кеңири аймакты камтып, гүлдөп-өнүккөн, таасири күч алган мезгилин чагылдырат: бул, аалам эгеси көк тиреген тоолор, ачык асман алкагында ыйык бугу-эненин мүйүзүнүн сүрөттөлүшү, алтайды мекендеп өскөн бак-дарактар, кызыл карагайлар, кыргыз каганатынын жоокерлеринин элестери. Алдыңкы катарда тигинен түшүрүлгөн «Тамга» деген жазуу, сол жагында металлдын сапат белгиси, ал эми оң жагында монетанын салмагы көрсөтүлгөн. Монетанын номиналы төмөн жагында берилген. Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми монетаны айланта жалпы кыргыз тамгасынын кыргыз урууларына таандык ар кандай варианттары түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу Кыргыз каганаты» жазуусу, ал эми төмөнкү жагында монетанын чыгарылган жылы (2015) берилген.   

Ат үстүндө курал-жарагы шайма-шай, элеси эсте каларлык таасир калтырган кыргыз жоокери «Барсбек - кыргыз каганы» монетасынын алдыңкы бетинин негизги элементи болуп саналат. Жоокердин сүрдүү элеси - кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанып, бекемделишине өз салымын кошкон Барсбек кагандын жалпыланган образы. Барсбек кагандын артында көп сандаган жоокерлердин элеси, ал эми монетанын жогору жагында улуу кагандын аллегориялык образын чагылдырган илбирстин баш келбети түрүндөгү булуттун сүрөттөлүшү түшүрүлгөн. «Барсбек - кыргыз каганы» деген жазуу айланта берилип, ушул доордо кыргыз каганатынын таасирдүү күчкө, атак-даңкка ээ болушун айгинелеп чагылдырган. Монетанын арткы бетинин чок ортосунда улуттук оюу-чийменин алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Күндү айланта түшүрүлгөн оюу-чийменин үзгүлтүксүз алкагы монетанын алдыңкы жана арткы беттерин бириктирген элемент болуп саналат.   

«Улуу кыргыз каганаты» монетасы «Кыргыз каганатынын доору» сериясынын көч башы болгон алгачкы монета. Монетанын алдыңкы бетине түшүрүлгөн белги (тамга) - VII кылымда кытай жылнаамаларында эскертилген кыргыз элинин тамгасы алтын жалатылып түшүрүлгөн. Монетанын аркы көрүнүшүндө Улуу мамлекет дооруна чейин байыркы кыргыз эли жашап келген кыргыздардын алгачкы аймагынын картасы түшүрүлгөн, ал эми элин сырт душмандардан коргоп, өз жеринин эгеси катары шаңдуу бара жаткан төрт атчандын элеси мамлекеттин чек арасын кеңейтүү тарых даңазасынан кабар берет. Монетанын жогорку бөлүгүндө орхон-энесай рун жазуусу менен «Улуу кыргыз каганаты» деген сөздөр айландыра жазылган. Эркиндикти туу туткан кыргыз элинин мүнөзүн чагылдырган, бүркүттүн сүрөттөлүшү чок ортосунда түшүрүлгөн мамлекеттик герб, монетанын арткы бетинин негизги элементи.   

1 сом номиналындагы «Барсбек - кыргыз каганы», «Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери», «Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» жана «Кыргыз боз үйү» жез-никель монеталарынын дизайны бирдей аталыштагы 10 сом номиналындагы күмүш монеталардын дизайнына туура келет. 

Монеталардын мүнөздөмөсү   

  

Монетанын аталышы  

Номиналы 

Металлы 

(пробасы) 

Салмагы 

Диаметри 

Сапаты 

Нускасы 

(даанасы)  

Сатуу баасы (сом)  

"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы" 

10 som  

Ag 925°  

28.28 г  

38.61 мм  

proof 

1 000  

2 650 

"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" 

10 som  

Ag 925°  

28.28 г  

38.61 мм  

proof  

1 000  

2 650 

"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" 

1 сом   

CuNi   

12.00 г   

30.00 мм   

proof-like  

5 000  

380 

"Кыргыз боз үйү"

1 сом   

CuNi   

12.00 г   

30.00 мм   

proof-like  

5 000  

450 

"Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери"

10 som  

Ag 925°  

28.28 г  

38.61 мм  

proof-like  

1 000  

3 000 

"Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери"

1 som  

CuNi  

12.00 г  

30.00 мм  

uncirculated  

5 000  

сатту аяктаган  

"Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери"  

10 som  

Ag 925°  

28.28 г  

38.61 мм  

proof-like  

1 000  

сатту аяктаган  

"Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери"

1 som  

CuNi  

12.00 г  

30.00 мм  

uncirculated  

4 000  

сатту аяктаган  

Тамга - Кыргыз каганатынын биримдигинин символу

10 сом  

Ag 925°  

28.28  

38.60 мм  

proof  

1 000  

2 600  

Барсбек - кыргыз каганы

10 сом  

Ag 925°  

28.28 г  

38.60 мм  

uncirculated  

2 000  

2 000  

Барсбек - кыргыз каганы

1 сом  

CuNi  

12.00 г  

30.00 мм  

brilliant uncirculated  

5 000  

сатту аяктаган  

Улуу Кыргыз каганаты

10 сом  

күмүш 925°/ алтын 999°  

28,28 г  

38.60 мм  

proof  

2 000  

2 200  

  

Монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.