> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

"Улуттук музыкалык аспаптар" сериясына арналган коллекциялык монеталары 

Кыргыз элинин баа жеткис көркөм маданиятын даңазалоо максатында Улуттук банк «Улуттук музыкалык аспаптар» сериясындагы «Комуз» коллекциялык күмүш монеталарын чыгарууда. 

Комуздун сүрөттөлүшү күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Анын чок ортосунда монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Сол жак бөлүгүндө монетанын атылышы «Комуз» жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°), оң жагында монетанын латын тамгасында берилген аталышы «Komuz» жана салмагы (28,28г) чагылдырылган. Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби, борбордук бөлүгүндө комузда кол ойноп чертип жаткан комузчунун элеси, музыкалык аспаптын алкагында түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2018), сол жагында «Улуттук музыкалык аспаптар» деген жазуу тигинен жайгаштырылган.  

 

Комузчунун - комузда чебер ойногон адамдын элеси, жез-никельден жасалган "Комуз" монетасынын негизги сюжетинин өзөгүн түзөт. Арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби, улуттук музыкалык аспаптардын сүрөтү, сериянын "Улуттук музыкалык аспаптар" деген аталышы жана монетанын чыккан жылы (2012) көрсөтүлгөн.  

  

Коллекциялык монетанын мүнөздөмөлөрү  

Монетанын аталышы   

Номиналы   

Металы (пробасы)   

Салмагы   

Диаметри   

Сапаты   

Нускасы (даана)   

Баасы    

Комуз

10 сом 

күмүш 925° 

28,28 г. 

38,61 мм 

“proof” 

1 000 

2 905 сом 

Комуз

5 сом   

жез-никель 

14,35 г.   

33 мм   

“brilliant uncirculated”   

3 000   

Сатуу аяктаган   

  

 

Монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.   

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынып коюлган.