> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

"Тарыхый окуялар" сериясындагы коллекциялык монеталары 

 

"Кыргыз Республикасынын Конституциясына - 30 жыл" коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары түстүү ыкмада берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы чагылдырылган. Монетанын сол жагында: "Кыргыз Республикасынын Конституциясына - 30 жыл / Конституции Кыргызской Республики - 30 лет" деген жазуу жайгаштырылган, ошондой эле монетанын номиналы жана сомдун графикалык белгиси (5 С) түшүрүлгөн.

 

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети катары ачылган китептин сүрөтү чагылдырылган. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын оң жана сол жагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жана "Национальный банк Кыргызской Республики" деген сөздөр жазылган. Монетанын төмөнкү сол жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн.

 

"Сомго 30 жыл" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетинде ар башка жылдарда чыгарылган банкноттордун фрагменттеринин элесинин фонунда "30" саны жана сомдун графикалык белгиси "с" түшүрүлгөн. Монетанын оң жана сол жагында жүгүртүүдөгү монеталардын сүрөтү жайгаштырылган. Монетанын жогору бөлүгүндө монетанын аталышы: "Сомго 30 жыл / Сому - 30 лет", ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын салмагы (28.28 g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.

 

Монетанын арткы бетинде көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы кагаз тыйындарында колдонулган саркеч улуттук оймо-чийменин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете: "Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2023).

 

"Тиричилик буюмдары: тай туяк" монетасынын алды?кы бетинин негизги сюжетин тай туяктын сүрөтү түзөт: монетанын жогору жагында анын аталышы: "Тай туяк" жазуусу, ошондой эле монетанын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (500 g) жайгашкан, ал эми монетанын төмөн жагында анын номиналы (500 с) көрсөтүлгөн.

 

Монетанын арткы бетинде кыргыз тоолорунун жана тиричилик буюмунун алкагында кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн, ал эми жалпы сүрөттөлүшү байыркы жана азыркы доорду бириктирген негизги идеяны түшүндүрөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын четин тегерете: "Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жазуусу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн.

 

КМШ эмблемасы "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл" коллекциялык күмүш монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет. Монетанын төмөн жагында анын номиналы "10 сом" көрсөтүлгөн. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл / Содружеству Независимых Государств - 30 лет" деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети катары кызматташуу, өз ара иш алып баруу жана өнүгүү жолдорунун символу катары чиеленген сызыктардын сүрөтү берилген. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын салмагы (28,28 g) жана чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.

 

"Өмүр сакчыларына таазим!" коллекциялык жез-никель монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптердин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген. Монетанын жогору жагында табияттын ойгонуп келе жаткандыгын билдирген таңкы шүүдүрүм менен жаңы жашоону түшүндүргөн таңдын жаңыдан атышын элестеткен абстрактуу сүрөт чагылдырган. "Өмүр сакчыларына таазим! / Спасибо за жизнь!" деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында номиналы "1 с" берилген.

Жаратылыш мыйзамы менен адам өмүрү бир бүтүн жашоо булагы экендигин билдирген, адамдардын биримдигин өсүп турган дарак катары чагылдырган сүрөт монетанын арткы бетинин негизги сюжети болуп саналат. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн.

 

"Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" алтын коллекциялык монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп-өркүндөшүн чагылдырган улуттук оюулар менен кооздолгон, жетишкендиктин жана бакубаттуулуктун символу катары боз үйдүн сүрөтү саналат. Боз үйдүн чок ортосунда "30 жыл" (30 лет) деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана улуттук валютанын графикалык символу "100 С" көрсөтүлгөн. Монетанын аталышы "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл / Независимой Кыргызской Республике 30 лет" монетаны тегерете түшүрүлгөн.  

Монетанын арткы бетинде улуттук оюулар менен шырдактын кийиз килемдин сүрөтү жана монетанын чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн.  

Монетанын сол жагында сапат белгиси (Au 999°) жана монетанын салмагы (7,78 g), ал эми монетанын оң жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики" жазуусу түшүрүлгөн.  

 

"Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" күмүш коллекциялык монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, региондор аралык жана аймактык биримдиктин символу катары гүлдүн жети желекчеси түрүндө берилген жана "30 жыл" (30 лет) жазуусу менен бириктирилген, Кыргызстандын ар бир регионунун географиялык картасынын сүрөтү саналат. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" жазуусу түшүрүлгөн. Сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g), оң жагында монетанын номиналы "10 сом" чагылдырылган.  

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда өлкөнүн желегинин элесин билдирген, улуттук оюулар жана күндүн нурлары менен курчалган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики" жазуусу түшүрүлгөн.  

 

"Улуу Жеңишке 75 жыл" монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети тынчтыктын символу болгон көгүчкөн түшүрүлгөн (күмүш монетасында голограмма түрүндө берилген), анын арткы фонунда Рейхстаг дубалында Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин жеңишти даңазалаган автографтары чагылдырылган. Монетанын жогору жагында тегерете "Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе" жазуусу, ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925°), салмагы (28,28 г), ошондой эле номиналы (10) жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин графикалык белгиси С чагылдырылган. Монетанын арткы бетинде "75" деген сандын фонунда "28 Баатырдын эрдиги үчүн" мемориалдык комплекси түшүрүлгөн. Монетанын жогору жагында тегерете "Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе" жазуусу жана Кыргыз Республикасынын герби, ал эми төмөн жагында кайраттуулук менен эрдиктин урматына жеңиштин символу катары гвоздика гүлү түстүү басма менен түшүрүлүп, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн.  

 

"Элдик Апрель революциясына 10 жыл" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн кайгылуу окуяларда курман болгондордун жаркын элесине арнап, Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында орнотулган монументтин фрагменти түзөт. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Элдик Апрель революциясына 10 жыл" деген жазуу чагылдырылган.  

Монетанын арткы бетинде кыргыз улуттук оймо-чиймесинин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген жазуу жайгаштырылган, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монета чыгарылган жыл (2020) көрсөтүлгөн.  

 

"Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин ЕАЭБ расмий эмблемасы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн түстүү ыкмада берилген туулары менен бирге түшүрүлгөн "5" саны түзөт. Монетанын сол тарабында мүчө мамлекеттердин улуттук белгилери чагылдырылып, тегерете "Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз" деп жазылган. Монетанын арткы бетинде биригүүнүн символу катары жер шарынын элеси берилип, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук оюулары жана "5" саны түшүрүлгөн. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган. Жогору жагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деп жазылып, оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы (31,10g) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги болуп саналган сомдун графикалык белгиси баш тамга менен асты сызылып берилген. Белгинин астындагы сызык улуттук валютанын туруктуулугун билдирет. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019). 

 

"Чыңгыз Айтматов - 90 жыл" монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Монетанын четин тегерете "Чыңгыз Айтматов - 90 жыл" / "Chingiz Aitmatov - 90 years" жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп, Ч. Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018). 

 

"Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин алгачкы 1 тыйын номиналдагы банкнот жана 5 000 сом жогорку номиналдагы банкноттун сүрөттөлүшү түзөт. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл" жазуусу орун алып, төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин баш тамгасынан турган сомдун белгиси түшүрүлгөн. Анын асты сызылып, улуттук валютанын туруктуулугун баса белгилейт. Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн, аны айланта 1, 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5, 10 сом жүгүртүү монеталарынын сүрөттөрү жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы (2018) берилген.  

 

"Үркүнгө 100 жыл" монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин жөнөкөй эмгек шаймандары менен куралданган көтөрүлүшчүлөрдүн каршылык көрсөтүп жаткан боштондук кыймылынын сүрөттөлүшү түзөт. Монетанын чок ортосунда "1916" жазуу түшүрүлгөн. Жогорку бөлүгүндө кыргыз тилинде анын аталышы менен "Үркүнгө 100 жыл" жазуусу, монетанын номиналы (10 сом), металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28 г.). Монетанын арткы бетинде элди тынчтыкка, өнүгүүгө жана өз ара түшүнүүгө умтулгандыгын чагылдырган улуттук оюу-чийменин алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Жогорку бөлүгүндө монетанын (2016) чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. 

 

"Жусуп Баласагынга 1000 жыл" монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин Жусуп Баласагындын Кашкардагы күмбөзүнө түшүрүлгөн анын портрети жана Бурана мунарасынын фрагменти түзөт. Монетанын сол тарабына "Кутадгу билиг" поэмасынын аталышы чагылдырылган, ал алтын жалатуу технологиясынын жардамы менен аткарылган жана монетанын салмагы (28,28g) жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө "Жусуп Баласагынга 1000 жыл" жазуусу берилген. Монетанын арткы бетинде Жусуп Баласагындын "Кутадгу билиг" поэмасынан алынган саптар жана караханиддер доорунун архитектуралык эстелиги кыргыз тоолорунун фонунда берилген Бурана мунарасы чагылдырылган. Жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби, ал эми төмөнкү жагында монетанын чыгарылган жылы (2016) жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жазуусу көрсөтүлгөн.  

 

"Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл" монетанын алдыңкы бетине түшүрүлгөн боз үйдүн түндүгү ортосунда туш-тушка чачырап тийген күн нурунун алкагында канатын кере жайган бүркүттүн элеси кыргыз мамлекетинин жана элдердин эркиндигин даңазалайт. Монетанын сол жагында "25" деген сан жайгашкан. Монетанын кырында тегерете "Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл/ Независимой Кыргызской Республике - 25 лет" жазуулар түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, сол тарабында металлдын сапат белгиси (Ag 925°), ал эми оң тарабында монетанын салмагы көрсөтүлгөн (31,10 г.). Жогорку бөлүгүндө чыгарылган жылы (2016), төмөн жагында монетанын номиналы көрсөтүлгөн (10 сом). 

 

"Евразия экономикалык союзу" монетанын алдыңкы бетинде бирдиктүү элемент болуп саналган жер шарынын сүрөттөлүшүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жазуусу жана монета чыгарылган жыл (2015) чагылдырылган. Төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом), монетанын сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), ал эми оң жагында монетанын салмагы (31,10 г.) чагылдырылган. Монетанын арткы бетинде жер шары, анын алкагында Евразия континенти түшүрүлгөн, анда Евразия экономикалык союзунун расмий эмблемасы жана ага кирген беш мүчө-мамлекеттердин түстүү желектери чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Евразийский экономический союз", ал эми төмөн жагында "Евразия экономикалык союзу" жазуусу жайгаштырылган. Евразия экономикалык союзуна кирген өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктары тарабынан чыгарылып жаткан бардык коллекциялык монеталардын сериясынын, негизги элементи - Евразия экономикалык союзунун расмий эмблемасы жана бирдиктүү "Евразия экономикалык союзу" аталышы бириктирет.  

 

"Улуу Жеңишке 70 жыл" күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин Улуу Жеңиш күнүнүн урматына георгий лентасынан "70" деген санды чагылдырган, оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн салтанаттуу салюттун сүрөттөлүшү түзөт. Атылган салюттун туш тарапка тараган түркүн түстүү нуру голограмма менен, ал эми монетаны айланта Бишкек шаарындагы И.В. Панфилов атындагы сейилбактын киреберишиндеги Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү О.М. Мануйловдун эмгегине таандык генерал-майордун эстелигинин барельефинде чагылдырылган согуш күндөрүнөн алынган сюжет түшүрүлгөн. Алдыңкы бетте ошондой эле, монетанын аталышы жана номиналы берилген. Монетанын арткы бетинде учу-кыйырына көз жетпеген, ааламды кучагына камтыган көгүлтүр көк асмандын алкагында тынчтыктын символу - ак кептердин элеси түстүү оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. Кыргыз Республикасынын герби монетанын чок ортосунан орун алган.  

 

"Курманжан Даткага 200 жыл" алтын монетасынын негизги сюжетинин өзөгүн улуттук оюу-чиймелердин алкагында Курманжан Датканын элесинин чагылдырылышы, "Курманжан Датка" деген жазуу жана ал жашап өткөн жылдардын белгилениши түзөт. Ошону менен бирге алдыңкы бетинде монетанын номиналы (100 сом), металлдын сапат белгиси жана салмагы (Au 999, 7,78 г) көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби, "Курманжан Даткага 200 жыл" деген аталышы, көркөмдөп берилген гүлдөр түшүрүлүп, монетанын чыккан жылы (2012) берилген.  

 

"Курманжан Даткага 200 жыл" күмүш монетасында улуттук оюу-чиймелер менен курчалган Курманжан Датканын элеси берилип, "Курманжан Датка" деген жазуу жана ал жашап өткөн жылдар көрсөтүлгөн. Монетага эки Swarovski® кристаллынын чөгөрүлүп кооздолушу, монетанын өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Алдыңкы бетинде монетанын номиналы (10 сом), металдын сапат белгиси жана салмагы (Ag 925/28,28) берилген. Арткы бетинде ыйык Сулайман-тоосунун алкагында Курманжан Датканын атчан элеси түшүрүлгөн, монетанын "Курманжан Даткага 200 жыл" деген аталышы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби жана чыккан жылы (2012) чагылдырылган.  

 

"Эгемендүү Кыргызстан" күмүш монетасынын негизги сюжети мамлекеттик символика болуп саналат. Кызыл түстөгү эмаль жана жогорку сапаттагы алтын менен аткарылган, Мамлекеттик желектин сүрөттөлүшү, "Эгемен Кыргызстан" монетасынын алдыңкы бетинде жайгашкан жана Кыргызстандын картасынын фонунда кыргыз элинин улуттук баатыры Манас Атанын ат минип турган элеси чагылдырылган. Монетанын алдынкы бетинин сол жагында анын салмагы жана сапаттык көрсөткүчү (Ag 925/28.28), ал эми оң жагында монетанын номиналы көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби чагылдырылып жана монетанын чыгарылган жылы (2011) берилген.  

 

"Улуу Жеңишке 60 жыл" монетасынын алдынкы бетинде Эненин айкели жана Өчпөс от - "Жеңиш" мемориалдык комплексинин элементи (автору - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Т. Садыков) берилген. Арткы чегинде Кыргызстандын тоо кыркаларынын айкалышында бозүйдүн сүрөттөлүшү чагылдырылган. Монетанын сол жак бөлүгүндө анын күмүштөн жасалгандыгын жана салмагын билдирген белги (Ag 925/28.28), оң жак бөлүгүндө монетанын номиналы (10 сом) келтирилип, төмөнкү бөлүгүндө "Улуу Жеңишке 60 жыл" жана "60 лет Великой Победе" жазуулары чагылдырылган. Кыргыз Республикасынын герби монетанын арткы бетинин негизги композициясы. Гербдин чок ортосунда көгүлтүр көлдүн жана тоо кыркаларынын айкалышында Кыргызстандын азаттыгын жана көз карандысыздыгын символдоштурган канатын кере жайган ак шумкардын элеси түшүрүлгөн. Монетанын ортосунда улуттук оюм-чийимдин алкагында "Улуу Жеңишке 60 жыл" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыккан жылы (2005) берилген. 

 

"Жеңиш чокусу" күмүш монетасынын алдыңкы бетинде дүйнөнүн эң түндүк тарабындагы жети миң метр бийиктиктеги Жеңиш чокусунун элеси түшүрүлгөн. Монетанын алдынкы бетинин сол жагында анын салмагы жана сапаттык көрсөткүчү (Ag 925/28.28), ал эми алды жагында монетанын номиналы көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби чагылдырылып жана монетанын чыгарылган жылы (2011) берилген.  

1 сом номиналындагы "Жеңиш чокусу" жана "Хан-Теңири чокусу" жез-никель монеталарынын дизайны бирдей аталыштагы 10 сом номиналындагы күмүш монеталардын дизайнына дал келет.  

 

"Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 10 жыл" монетанын алдынкы бетинде улуттук валюта жүгүртүүгө чыгарылган он жыл ичинде Кыргызстандын тарыхындагы даңазалуу учурларды чагылдырган: "Манас" жана "Ош" алтын монеталары, "Манас", "Хан-Теңири", "Аркар" жана "Акмаңдай гүл" күмүш монеталарынын сүрөттөлүштөрү түшүрүлгөн. Кыргыз боз үйүнүн алтын жалатылган түндүгүнүн сүрөттөлүшү монетанын алдынкы бетинин композициясын түзгөн элементтен болуп саналат. Жогору тарабында монетанын номиналын билдирген жазуу (10 сом) жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгүндө күмүштөн тазалыгын жана монетанын салмагын айрымалаган белги (Ag 925/28,28) көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын герби монетанын арткы бетинин негизги композициясы. Гербдин чок ортосунда көгүлтүр көлдүн жана тоо кыркаларынын айкалышында Кыргызстандын азаттыгын жана көз карандысыздыгын символдоштурган канатын кере жайган ак шумкардын элеси түшүрүлгөн. Монетанын ортосунда улуттук оюм-чийимдин алкагында "Улуттук валютага 10 жыл" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыккан жылы (2003) берилген. 

 

"Аркар" монетанын алдынкы бетинде - кайталангыс кооздукка чүмбөттөлгөн бийик тоолорду байыр алып, ата-бабаларыбыздын аруу улуулугунун жана күжүрмөн кайраттуулугунун символу болгон Тянь-Шань аркарынын элеси түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө "ТЕҢИР-ТОО" деген жазуу берилген. Монетанын сол жак бөлүгүндө "АРКАР. Ovis ammon karelini", ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналын билдирген цифра (10 сом) жайгаштырылган. Оң жак бөлүгүндө күмүштүн тазалыгын жана монетанын салмагын аныктаган белги (Ag 925/28.28) камтылган.  

 

"Акмаңдай гүл" монетанын алдынкы бетинде - ак мөңгүгө оронуп, аппак кар жамынган керемет тоолорду мекендеп өскөн, табигаттын татаал шартына ажайып кооз сулуулугу менен туруштук берип, келечекке үмүт арткан бекем ишенимдин символу - Акмаңдай гүл түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө "ТЕҢИР ТОО" деген жазуу берилген. Монетанын сол жак бөлүгүндө "АКМАҢДАЙ. LEONTOPODIUM", ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналын билдирген цифра (10 сом) жайгаштырылган. Оң жак бөлүгүндө үмүштүн тазалыгын жана монетанын салмагын аныктаган белги (Ag 925/28.28) камтылган. Монеталардын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана монеталардын чыгарылган жылы "2002" берилген, ошондой эле "ЭЛ АРАЛЫК ТОО ЖЫЛЫ" деген сөз айланта жазылган.  

 

"Хан-Теңири" монетанын алдынкы бетинде өзүнүн бийиктиги менен Кыргызыстандын эгемендигин чагылдырган Тянь-Шань тоо кыркаларынын эң бийик, ак карга чүмбөттөлгөн чокусу Хан-Теңири түшүрүлгөн. Төмөнкү жагында ири цифралар менен монетанын номиналы (10 сом) жайгаштырылган. Сол жагында монетанын салмагын жана жасалган күмүштүн тазалагын билдирген (Ag 925/28.28) белги коюлган. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби берилген, "Эгемен Кыргыз Республикасына он жыл" ("Независимой Кыргызской Республике 10 лет") деген жазуу тегерете курчап жазылган жана монетанын чыгарылган жылы (2001) көрсөтүлгөн. 

 

Монеталардын мүнөздөмөлөрү 

 

Монетанын аталышы

Номиналы

Металлы

(проба)

Салмагы (г)

Диаметри

(мм)

Сапаты

Нускасы (даана)

Сатуу

баасы

(сом)

Кыргыз Республикасынын Конституциясына - 30 жыл

5 сом

жез-никель

15,50

33,00

proof-like

500

сатуу аяктаган

Сомго 30 жыл

10 сом

күмүш 925°

28,28

38,61

proof

1 000

4 110

Тиричилик буюмдары: тай туяк

500 сом

күмүш 925°

500,00

90,00

proof

500

93 300

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл

10 сом

күмүш 925°

38.61

28.28

proof

1 000

3 890

Өмүр сакчыларына таазим!

1 сом

жез-никель

12.00

30.00

proof-like

3 000

сатуу аяктаган

Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл

100 сом

алтын 999°

7.78

22.60

proof

1 000

50 660

Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл

10 сом

күмүш 925°

38.61

28.28

proof

1 000

сатуу аяктаган

Улуу Жеңишке 75 жыл

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.61

proof

1 000

3 270

Улуу Жеңишке 75 жыл

1 сом

жез-никель

12.00

30.00

proof-like

5 000

425

Элдик Апрель революциясына 10 жыл

1 сом

жез-никель

12.00

30.00

proof-like

1 000

сатуу аяктаган

Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл

10 сом

күмүш 925°

31.10

38.61

proof

1 000

3 040

Чыңгыз Айтматов - 90 жыл

20 сом

жез-никель

25.00

38.61

proof-like

5 000

сатуу аяктаган

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл

5 сом

жез-никель

15.50

33.00

uncirculated

5 000

500

1916-жылдагы улуттук - боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.61

proof

1 000

2 500

Жусуп Баласагынга 1000 жыл

10 сом

күмүш 925°

28.28

38,61х

38,61

proof

1 000

3 240

Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл

10 сом

күмүш 925°

31.10

38.61

proof

1 000

2 500

Евразия экономикалык союзу

10 сом

күмүш 925°

31.10

38.61

proof

1 000

сатуу аяктаган

Улуу Жеңишке 70 жыл

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.60

proof

1 000

сатуу аяктаган

Курманжан Даткага 200 жыл

100 сом

алтын 999°

7.78

22.60

proof

1 000

сатуу аяктаган

Курманжан Даткага 200 жыл

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.60

proof

2 000

2 000

Эгемендүү Кыргызстан

10 сом

күмүш 925°

алтын 999°

28.28

38.60

proof

2 000

2 600

Улуу Жеңишке 60 жыл

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.60

proof

1 000

сатуу аяктаган

Жеңиш чокусу

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.60

proof

3 000

2 600

Жеңиш чокусу

1 сом

жез-никель

12.00

30.00

brilliant uncirculated

5 000

сатуу аяктаган

Улуттук валютага 10 жыл

10 сом

күмүш 925/ алтын 999

28.28

38.60

proof

1 000

сатуу аяктаган

Аркар

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.60

proof

1000

сатуу аяктаган

Акмаңдай гүл

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.60

proof

1000

сатуу аяктаган

Хан-Теңири

10 сом

күмүш 925°

28.28

38.60

proof

1000

сатуу аяктаган

Хан-Теңири

1 сом

жез-никель

12.00

30.00

brilliant uncirculated

5 000

сатуу аяктаган

 

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынып коюлган. 

 

Коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.