Улуттук банктын жаңылыктары


Датасы: 31.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.Б.Д.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 30.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.И.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 30.03.2023
Туруктуу шилтеме

Коммерциялык банктарын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 29-мартында № 2023-П-12/20-5-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун аракети 2023-жылдын 30-сентябрына чейин узартылды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  


Датасы: 29.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна айып пул салды (55 000 сом өлчөмүндө). 


Датасы: 28.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму «Пэйдала» ЖЧКнын юридикалык атынын «Флэш Пэй» ЖКЧсына өзгөрүшүнө байланыштуу, 2023-жылдын 23-мартында төлөм системасынын операторунун № 2029150222 жана төлөм уюмунун № 3031150222 лицензиялары кайра таризделгендигин билдирет. 


Датасы: 28.03.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 28-мартынан тартып «Евразиялык Сактык Банкы» ААКтын Убактылуу администратору болуп Алыбаев Таалайбек Орунбаевич дайындалды. 


Датасы: 27.03.2023
Туруктуу шилтеме

"Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Кыргызстандын бардык аймактарында өтүп жаткан Глобалдуу акча жумалыгы-2023 иш-чарасынын алкагында 2023-жылдын 15,16 жана 24-мартында Талас шаарындагы А. Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин жогорку класстын окуучуларына, Медициналык колледждин жана Талас мамлекеттик университетинин студенттерине, Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери финансылык сабаттуулук боюнча лекцияларды окушту. 

Окуучуларга улуттук валютабыз  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы жана финансылык сабаттуулук жөнүндө лекция окулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулук деңгээли, каражат топтой билүү, финансылык коопсуздук жана Улуттук банктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ресурстары тууралуу маалымат берилди.   

 

 

 

 

 

 


Датасы: 27.03.2023
Туруктуу шилтеме

Глобалдуу акча жумалыгы  2023 иш-чарасынын алкагында, «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттерине, «Новатор» жана «Эврика» атындагы жеке менчик мектептеринин  окуучуларына «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети», «Улуттук валютанын өнүгүү этаптары», «Улуттук валютанын коргоо белгилери» жана «Финансылык сабаттуулук» боюнча лекциялар уюштурулду. Келген окуучулар менен студенттер уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттар менен башкармалыктын музейинде таанышып чыгышты.  

Мындан тышкары Глобалдуу акча жумалыгы  2023 алкагында Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин студенттерине «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети» темалары боюнча атайын көчмө лекциясы өткөрүлдү

 

 

 

 

 

 


Датасы: 27.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаарынын аэропортун аба транспортунда тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-мартында өткөрүлгөн биргелешкен рейддин алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын эки жаранына (К.Ы.А. жана С.у.Н.) 17 500 сомдон айып пул салды. 


Датасы: 25.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ААКтын ички аудит башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Шалтагулов Нурлан Каныбековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 23-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 24.03.2023
Туруктуу шилтеме

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору (мындан ары Мыйзам долбоору) атайын жөнгө салуу режиминин алкагында бир микрокредиттик компаниянын банктык операциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген тизмегин ийгиликтүү тестирлөөдөн өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча микрокредиттик компаниялардын операцияларды/кызматтарды көрсөтүүсүндөгү тоскоолдуктарды жоюу максатында иштелип чыккан. 

Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Банк тууралуу»/ «Банк иши тууралуу мыйзамдар»/«Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. 

Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2023-жылдын 21-апрелинен кечиктирбестен ammaratova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл (Word форматында). 

 


Датасы: 24.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аны жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирет.  

1. Проблемалар жана негиздер   

Ченемдик укуктук актылардын ченемдерин өркүндөтүү төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган: 

- Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кассалык документтерди тариздөөдө жана электрондук кол тамганы колдонуу менен документтерге кол коюу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана башка техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү.  

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты мамлекеттик жана финансылык (банктык) кызматтарды санариптештирүү боюнча санариптик технологияларды киргизүү

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- финансылык (банктык) кызматтарды санариптик технологияларды колдонуу менен тейлөө боюнча сапатын жогорулатуу; 

- Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо.  

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт, анткени ал кардарларды тейлөөнүн сапатын санарип технологияларды колдонуу менен жогорулатууга жана мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган.  

 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарына тиешелүү.  

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъектилери чыгым тартпайт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашалар талап кылынбайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы? 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал? 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

saubakirova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2023-жылдын 24-апрели 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2023-жылдын 02-майы 

 

 


Датасы: 24.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын  

15-мартында № 2023-П-17-16-4-(НПА) « Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо төмөнкү талаптар каралган:  

1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капитал төмөнкү минималдуу өлчөмдө төмөнкү мөөнөттөрдө белгиленсин: 

- 2023-жылдын 1-апрелинен тартып 600 млн сом; 

- 2024-жылдын 1-июлунан тартып 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлунан тартып 1 млрд сом. 

3. Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү  

2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2 млрд сом өлчөмүндө белгиленсин. 

4. Эгерде коммерциялык банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде коммерциялык банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

5. Жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн 2 жана 3-пункттарына ылайык белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө белгиленсин. 

Мында, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө банкка маалымдалган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 


Датасы: 23.03.2023
Туруктуу шилтеме

Глобалдуу акча жумалыгы 2023 иш-чарасынын алкагында, Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгында 2023-жылдын 16-мартында Каракол шаарынын №15 орто мектебинин 10-классынын окуучуларына «Улуттук валютанын өнүгүү этаптары», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары», «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети» темалары боюнча экскурсия уюштурулуп, атайын лекциялар окулду.  

Окуучуларга улуттук валютабыз кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары, ошондой эле, үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акчаларды туура топтоо жана инвестицияга жумшоо боюнча маалыматтар берилди. 

 

 

 

 

 


Датасы: 23.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрофинансылык уюмга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 17.03.2023
Туруктуу шилтеме

Жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн төлөнбөгөн айыптарын жана алар боюнча кабыл алынган укуктук кесепеттери (туумдары) менен таанышуу жана маалыматты алуу үчүн «www.tolom.kg» сайтына (порталына) кайрыла алышат.  


Датасы: 17.03.2023
Туруктуу шилтеме

Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Кыргызстандын бардык аймактарында өтүп жаткан Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында 2023-жылдын 15-мартында Жалал-Абад шаарындагы М. Бабкин атындагы №1 гимназия-мектебинин жогорку класстын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция уюштурулду.  

Окуучуларга улуттук валютабыз кыргыз сомунун калыптануу тарыхы жана финансылык сабаттуулук жөнүндө лекция окулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулук деңгээли, каражат топтой билүү, финансылык коопсуздук жана Улуттук банктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ресурстары тууралуу маалымат берилди.  

Лекциянын аягында окуучулар үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду. 

 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 16.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талабын бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна айып пул салды. 

 


Датасы: 15.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өлкөнүн борбордук банкынын ишинин ар кандай багыттары боюнча бир катар иш-чаралар пландаштырылган.  

2023-жылдын 15-мартында Бишкек шаардык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү болгон жогорку класстын окуучулары үчүн Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия жана финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция уюштурулган. Окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттары менен таанышышты, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча лекцияны угушту, анын жүрүшүндө Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулук, каражат топтой билүү, финансылык коопсуздук деңгээли жана Улуттук банктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ресурстары тууралуу маалымат берилди. 

 

 

 


Датасы: 15.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды  

 

2023-жылдын 15-мартынан тартып 25-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт. 

Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMW2023kg хештеги менен жайгаштырылган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, кол өнөрчүлүгү, видеороликтери боюнча улуттук сынактарды жана башка ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.  

Мындан тышкары, 2023-жылдын 15-мартынан тартып Улуттук банк тарабынан German Sparkassenstiftung менен биргеликте «Топто» финансылык сабаттуулук боюнча оюну башталат. Мектеп курагындагы балдар жана эресеге жеткендер үчүн арналган оюндун максаты жеке жана үй-бүлөлүк бюджеттерди башкаруу көндүмдөрүнө ээ болуу. Оюнга бардык каалоочулар https://topto.kg шилтеме аркылуу өтүп, катыша алышат. 

Глобалдуу акча жумалыгы-2023 алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg, Финсабат сайтында: www.finsabat.kg, Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган.  

 Иш-чаралар күндөлүгү 


Маалымат үчүн: 

Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week)  бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. 


Датасы: 15.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЖМК арасында 

«Сом Кыргызстандын жүзү» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак жарыялайт 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, журналисттер арасында «Сом Кыргызстандын жүзү» темасын мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак жарыялайт. 

Сынакка, борбор калаада гана эмес, аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде телеберүүдө жана радиодо жарыяланган, Кыргыз Республикасынын басылма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери эмгектери менен катыша алат. 

Сынакка катышкан бир автордон сунушталуучу материалдын санына жана көлөмүнө чек коюлбайт. 

Сынакка сунушталган эмгек 2023-жылдын 1-мартынан 1-октябрына чейинки мезгил аралыгында жарыяланууга же эфирге чыгарылууга тийиш.  

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:  

- Мамлекеттик тилдеги мыкты ТВ материал;  

- Расмий тилдеги мыкты ТВ материал;  

- Мамлекеттик тилдеги мыкты радио материал;  

- Расмий тилдеги мыкты радио материал;  

- Басма сөз түрүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдеги мыкты материал;  

- Басма сөз түрүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий тилдеги мыкты материал;  

- интернет басылмаларында жарыяланган мамлекеттик тилдеги мыкты материал;  

- интернет басылмаларында жарыяланган расмий тилдеги мыкты материал;  

- Регионалдык ЖМКда жарыяланган мыкты материал;  

Сынакка катышкан эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:  

- материалдын сынакта жарыяланган темага, номинацияга, сынактын шарттарына ылайык келиши; 

- объективдүү чагылдыруу; 

- колдонулган маалыматтардын тактыгы, жеткиликтүүлүгү;  

- теманы толук ачып берүү;  

- форматтардын жана визуалдаштыруунун ар түрдүүлүгү (мультимедиа) колдонуу.  

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер онлайн-арыз толтурууга тийиш. 

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай 2023-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында жеңүүчүлөрдү сыйлоо боюнча салтанаттуу аземде жарыяланат.  

Кененирээк маалымат www.nbkr.kg сайтындагы «Сынактар» бөлүгүндө жайгашкан. 


Датасы: 13.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2023-жылдын 2-мартында экономикалык ченемди бузгандыгы үчүн 1 коммерциялык банкка айып салынган. 

 

 


Датасы: 13.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 12-мартынан тартып 16-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Киев көчөсү, 93-үй, 18-батир дареги боюнча жайгашкан КЖК Ломбард «Престиж-Кредит» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-июнундагы № 6139 лицензиясы. 

2. 2023-жылдын 12-мартынан тартып 21-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Ден-Сяопин проспекти, 10-үй, 23-батир дареги боюнча жайгашкан «Азирет кей джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 29-августундагы № 6346 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, 7-кичирайону, 37/2, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Азия Трэвэл» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 146/2, 7-павильон дареги боюнча жайгашкан «Алмашуу бюро «Аника» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 6280 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 19 б, «Кербен» базары, №9 соода катары, №69 контейнер дареги боюнча жайгашкан «Кербен-Нур» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 28-майындагы № 6136 лицензиясы. 


Датасы: 11.03.2023
Туруктуу шилтеме

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт: 

 

 

- банктын жоюучусу (ликвидатор) 

 

- банктын убактылуу администратору 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн.  

 

Документтерди 2023-жылдын 31-мартында саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.  

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт. 

Жалпы квалификациялык талаптар, функционалдык милдеттер тууралуу кеңири маалымат жана сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтер тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтынын «Сынактар» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 

Бардык суроолор менен 31-29-12 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар. 

 

 


Датасы: 11.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.С.Ч.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 10.03.2023
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.   

2023-жылдын 28-февралына карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 36,2 млн сом суммасында 377 кредит жоюлган, 66,5 млн сом суммасында 227 кредит реструктуризацияланган.  

2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:  

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 28-февралы аралыгында ФКУ тарабынан 2 799, 9 млн сомго 27 207 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;  

- «Кепилдик фонду» ААК 254,4 млн сом суммасына 232 кредит боюнча 115,5 млн сом суммасына 228 кепилдик берген.  

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.  

 

 


Датасы: 09.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып салынды. 

 


Датасы: 07.03.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын маалыматтык билдирүүсү 

 

"Кыргыз Республикасынын төлөм системалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жөнгө салууну ишке ашырат. 

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана накталай АКШ долларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгышынын терс таасирин азайтуу максатында 2022-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан акча которуу системасы аркылуу которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.  

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу ишке ашырылган акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом улуттук валютасында гана берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан алуучунун макулдугу менен акча которууну алуу боюнча банктык которуу жолу менен конвертацияланышы мүмкүн.   

Акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, 2022-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр кабыл алынган.  

Өзгөртүүлөргө ылайык, которуу/төлөм валютасынан башка валютага эсеп ачпастан акча которуу системасы аркылуу алынган акча которууну конвертациялоо (алмаштыруу операциясы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана «Кыргыз Республикасында чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык республикадагы банктар тарабынан чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстарынын маалымат тактада көрсөтүлгөн курс боюнча гана (нак акча алмаштыруу боюнча) жүзөгө ашырылат.  

Бул эрежелер банк эсебин ачпастан, атайын акча которуу системаларын колдонуу аркылуу акча которуп жаткан тараптар үчүн гана колдонулат. 

Чет өлкө валютасында ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон учурда, жеке же юридикалык жактардын банктык эсептерине которууларды жүргүзүү сунушталат, бул улуттук валютага конвертациялоого жана эсептен минималдуу комиссиялык төлөмдөр менен которууларды накталай берүүгө мүмкүндүк берет. 

Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, АКШ долларын накталай алуу үчүн комиссия накталай чет өлкө валютасынын суммасынан 0,5 пайыздан 3 пайызга чейин түзөт. Ошол эле учурда банк мыйзамдары коммерциялык банктар тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө, керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну карайт. 

Белгилей кетсек, нак эмес чет өлкө валюталар менен операциялар жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча коммерциялык банктар тарабынан каалаган көлөмдө жана эч кандай чектөөсүз жүргүзүлөт. 

Улуттук банк өз кезегинде финансы-кредиттик уюмдар менен чет өлкө валютасын накталай берүү боюнча учурдагы комиссияларды кароо, калкка банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча үзгүлтүксүз иш алып барат. 

Банктардын ишмердүүлүгү боюнча суроолор боюнча жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86, Улуттук банктын WhatsApp каналына 0501 89 00 00, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча 0312 61 45 78 телефону аркылуу кайрылса болот.  


Датасы: 03.03.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары К.Э.  Куленбеков Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусуна видеоконференция режиминде катышты. Аталган жолугушуу Индия Республикасынын төрагалыгы астында өттү

Жолугушууга ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлигинин жана борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилери, ошондой эле ШКУ Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. 

Жолугушуу учурунда тараптар келечекте туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү, ошондой эле санарип технологияларын колдонуу аркылуу финансылык жеткиликтүүлүктү илгерилетүү үчүн өнүгүү стратегиясы жөнүндө баяндама жасашты. ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы институттарынын өкүлдөрү калкка жеткиликтүү финансылык кызмат көрсөтүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн финансы технологияларын киргизүү боюнча алдыңкы тажрыйбалары менен алмашышты.  

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар эл аралык финансы чөйрөсүндө өз ара тыгыз иш алып баруу, жалпы жетишкендик менен катар эле туруктуу өнүгүү жаатында маалымат алмашуу маселелерин талкуулоонун маанилүүлүгүн белгилешти. 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 03.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрофинансылык уюмга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 03.03.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Россия-Кыргызстандык «АМАНБАНК» ачык акционердик коому тарабынан Россия Кыргызстандык «АМАНБАНК» ААКтын ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган Бодошева Жамал Саматбековнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Капитал Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Капитал Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна дайындалган Женишбекова Канышай Женишбековнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары/ банктык операцияларын эсептөө жана башкаруу бөлүмүнүн начальниги кызмат ордуна дайындалган Турдукулова Чолпон Эшалыевнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 

 


Датасы: 02.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом Кыргызстандын жүзү» темада 7-11 жаш курактагы балдар арасында сүрөт/кол өнөрчүлүк боюнча республикалык чыгармачылык сынак жарыялайт.  

Иш-чара жөнүндө кеңири маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот.  


Датасы: 01.03.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 1-мартынан РК «АМАНБАНК» ААКтын Убактылуу администратору болуп Э.Т. Батыркожоева дайындалды. 

 


Датасы: 28.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 27-февралында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 28-февралында күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасындагы инфляция салыштырмалуу бир калыпта сакталып турат жана акыркы айлардагы негизги тенденцияларды чагылдырат. 2023-жылдын башынан тартып керектөө баалары 2,8 пайызга өсүп (17-февралга карата абал боюнча), инфляция жылдык мааниде 15,9 пайызды түзгөн. Учурдагы инфляция жашылча, жемиштерге баалардын сезон боюнча жогорулашын, ошондой эле инфляцияга мурда таасирин тийгизген факторлордун инфляцияга экинчи жолу таасирин тийгизүүсү улантып жаткандыгын көрсөтөт. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлүп туруусу, бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы мурдагыдай эле инфляцияны шарттаган факторлордон болууда. 

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүк жанданган, ошондой эле ички суроо-талап калыбына келүүдө. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча 4,8 пайызды түзгөн. Өндүрүштүн кыйла өсүшү өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлорунда катталган. Активдүү кредит берүү жана эмгек акыны реалдуу жогорулатуу дагы ички керектөөнү жогорулатууга кошумча түрткү берген.  

Улуттук банк тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар акча жана валюта рынокторундагы кырдаалды салыштырмалуу туруктуу кармап турууга өбөлгө түзүүдө. Финансы-банк системасында туруктуулук сакталып турат. Банк системасы улуттук валютада ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүнө ээ.  

Тышкы чөйрөдө жогорку деңгээлде сакталып турган белгисиз кырдаал Кыргыз Республикасында экономикалык жагдайдын өнүгүшүн, анын ичинде инфляция динамикасын алдын ала аныктаган фактор бойдон калууда. Мындай шарттарда Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн монетардык саясат мурдагыдай эле Кыргыз Республикасында инфляцияны орто мөөнөттөгү максаттуу көрсөткүч деңгээлине чейин төмөндөтүүгө багытталат. 

Тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2023-жылдын 24-апрелинде өтөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жагдайга жараша негизги чен өлчөмү боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрүшү мүмкүн. 


Датасы: 27.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт, мында «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. 

Токтом долбоору, валюта рыногундагы жагдайдын турукташуусун камсыз кылуу, ошондой эле коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен накталай чет өлкө валюталары боюнча алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин белгилөө максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 26-мартынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

 


Датасы: 27.02.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк акыркы мезгилде «инвестиция» түрүндө калктын акча каражаттарын тарткан жактардын ишинин активдешип жаткандыгы байкалгандыгын маалымдайт. Көбүнчө пайдалуу шарттарга басым жасоо менен масштабдуу жарыя кылган акциялар өткөрүлөт, атап айтканда, коммерциялык банктардагы депозиттер боюнча чендерден ашкан «инвестициялар» боюнча пайыздык сый акылар, ошондой эле кайтарып берүү кепилдиги сунушталат жана тобокелдиктердин жоктугу айтылат. 

Белгилей кетүүчү нерсе, инвестиция кыйла жогорку тобокелдиктүү операция болуп саналат жана ал ар бир кадамды кылдат талдоону талап кылат. Инвестициялык компанияга өз каражатыңызды салардан мурун ошол жактын жүргүзгөн ишинин табиятын, лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин, финансылык отчеттордун жана башка мүмкүн болгон юридикалык документтердин болушун изилдөө зарыл. 

Инвестициялар кирешелүү долбоорлордо гана киреше алып келе тургандыгына (эгерде долбоор чыгашалуу болсо, анда инвестициялар толугу менен жоголуп кетиши мүмкүн), ал эми аманаттар боюнча салымдар жана пайыздар кирешелүү болуусуна карабастан макулдашылган мөөнөттө кайтарылышы зарыл экендигине жарандардын көңүлүн бурабыз. 

Ошону менен бирге көпчүлүк учурларда инвестициялык компаниянын атын жамынган «финансылык пирамида» белгилерине ээ жактар иштешүүдө, мында өз кезегинде алдоо жана салынган каражаттарды жоготуу тобокелдиктери бар. 

Мыйзам талаптарына ылайык аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясын алган финансы-кредит уюмдарына гана таандык экендигин эскертип кетүү зарыл. Лицензиялануучу жактардын иши аманаттардын сакталышын жана аманатчылар алдында милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тыкыр көзөмөлүндө тургандыгын белгилей кетүү керек. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болгон финансы-кредит уюмдарына салынган аманаттар «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык корголгон. 

Кайсы болбосун башка юридикалык жактар жана жеке адамдар кандай гана формада болбосун, туруктуу негизде, анын ичинде мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана акы төлөө шарттарында коомдук тартуу жолу менен акча каражаттарын тартууга укуксуз. 

Бул тыюу салууну бузгандыгы үчүн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

Ушуга байланыштуу лицензиялык-уруксат берүү документтеринин болушунда гана калктын акча каражаттарын тартууга болот. Эгерде лицензиялык-уруксат берүү документтери жок адамдарга акча каражаттарын, «инвестициялоо» деген ат менен салган/берген учурда, жарандар акча каражаттарынын кайтарылбай калышы жана жоготуу тобокелдигине дуушар болушат. 

Ушул сыяктуу компаниялар өз ишин ушундай эле жол менен жүргүзгөн жана аларга карата кылмыш иши козголгон учурлар бар экендигин белгилей кетүү керек. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жарандарды акча каражаттарын «инвестицияларга» салуу процессине кылдат мамиле кылууга жана этият болууга чакырат. Инвестициялоодон мурун, мүмкүн болгон бардык финансылык жана юридикалык документтерди изилдеп, инвестициялык келишимди тиешелүү кагаз түрүндө тариздөөнү талап кылуу керек. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан жана тиешелүү күбөлүктөрү/лицензиялары бар банктардын/банк эмес уюмдардын реестри Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жайгаштырылгандыгын маалымат иретинде билдиребиз («БАНКТЫН МИЛДЕТТЕРИ» бөлүмү). 

 

 


Датасы: 25.02.2023
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 22-февралында № 2023-П-14/11-5-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 


Датасы: 25.02.2023
Туруктуу шилтеме

Коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүсүнө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын  

24-февралында № 2023-П-12/12-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2023-жылдын 1-сентябрына чейин убактылуу токтотулат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

 

 


Датасы: 25.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.З.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 22.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 23-февралынан тартып 9-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Опция» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-июлундагы № 5980 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150-үй, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Найман Плюс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 10-июнундагы № 6143 лицензиясы. 

2. 2023-жылдын 23-февралынан тартып 4-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144 а дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Джал иксчейнж» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 23-августундагы № 6344 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150/12 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ИНВЕСТИНГ» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 17-февралындагы № 6266 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Усман Финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 6194 лицензиясы. 

3. 2023-жылдын 23-февралынан тартып 27-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86-үй, 27-бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Лидер Эмир» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 26-декабрындагы № 6441 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150, №26 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «К.М.Т групп плюс» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 6284 лицензиясы. 

 

 


Датасы: 22.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Д.Б.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 22.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Т.М.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 21.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-2/2 токтому менен «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операцияларды тесттен өткөрүү мөөнөтү 2023-жылдын 28-августуна чейин узартылды

- электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия); 

- соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн төлөм каражаты катары QR-коддорду колдонуу жана банктык карталарды кабыл алуу боюнча келишимдик мамиле түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканаларында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу аркылуу POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS-терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карталар эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, Visa менен Mastercard эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг. 

«Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коому атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп саналат. 

 


Датасы: 17.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (А.М.К., Ш.А.Н.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 17.02.2023
Туруктуу шилтеме

 

Улуттук банкта валюта рыногундагы абал талкууланды 

 

2023-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын жетекчилиги менен коммерциялык банктардын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү

Жолугушуунун жүрүшүндө ички валюта рыногундагы учурдагы абал талкууланды. Катышуучулар дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаалга байланыштуу түзүлгөн тобокелдиктер жана анын өлкөнүн финансы рыногуна тийгизип жаткан таасирлери тууралуу пикирлерин ортого салышты. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары З.Чокоев азыркы учурда ички валюта рыногунда жагдай, атап айтканда Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторунда орун алып турган белгисиздиктин таасири астында жана импорттолуп алынуучу товарлар үчүн төлөгөн өлкөнүн чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан чет өлкө валютасына болгон жогорку суроо-талапты шарттаган сезондук факторлордун таасири астында өнүгүп жаткандыгын белгиледи.  

Мындан тышкары, Улуттук банк өлкөдө узак мөөнөттүү мезгил аралыгында макроэкономикалык туруктуулукту сактоого багытталган валюта саясатын жүргүзүү ишин улантып жаткандыгын белгиледи. Алсак, чет өлкө валютасына суроо-талап жогорулагандыгына байланыштуу, Улуттук банк 2023-жылдын 13 жана 15-февралында тиешелүүлүгүнө жараша, 40,22 жана 35,60 млн. АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды өткөргөн. Чет өлкө валютасына курстун кескин өсүшүн текшилөө максатында 2023-жылдын башталышынан тартып 15-февралына чейин Улуттук банк 227,17 млн АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча төрт интервенция өткөргөн.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын жетекчилиги тышкы экономикалык ишти кошо жүргүзгөн чарба субъекттерин эсептешүү-кассалык тейлөөнү үзгүлтүксүз камсыз кылууну коммерциялык банктардан талап кылды. Ошондой эле, банктардын кардарлар алдында төлөмдөрдү өз убагында жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелери милдеттүү түрдө аткарылышы зарылдыгы дагы баса белгиленди.  

Улуттук банк коммерциялык банктардын ишине туруктуу негизде пландан тышкары (рейд түрүндө) жана пландуу инспектордук текшерүүлөрдү улантат. Бузууларга жол берүүлөр аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонот. 

Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайды туруктуу негизде байкоого алып контролдоп турат, зарылчылыгына жараша өлкөнүн банктык жана төлөм системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун андан ары камсыз кылуу үчүн чараларды колдонот. 

 

Маалымат үчүн: 

 

2023-жылдын башталышынан тартып Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын жана алардын бөлүмдөрүнө (филиалдарына жана сактык кассаларына) 27 максаттуу текшерүү жүргүзүлгөн, алардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын  мыйзам талаптарын жана кардарларды банктык тейлөө сапатын жакшыртуу жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү милдеттүү түрдө сактоо зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөр жана жазма буйруктар берилген. 

 Мындан тышкары, 2023-жылдын башынан тартып алмашуу бюролоруна 79 инспектордук текшерүү, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүшкөн адамдарга 18 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн натыйжасында алмашуу бюролоруна жазма буйруктар жөнөтүлүп, 22 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулган. 5 алмашуу бюросуна 55,0 миң сом суммасында (жалпы суммасы 275 миң сомду түзөт), ошондой эле 16 адамга 17, 5 миң сом (жалпы суммасы 280,0 миң сомду түзөт) суммасында айып пул салынган.  

 

 

 

 


Датасы: 17.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейи келүүчүлөр үчүн экскурсияларды өткөрүүнү кайрадан баштады. 

2023-жылдын 16-февралында Бишкек шаарынын № 65 экологиялык-экономикалык лицейинин 6-класстарынын окуучулары үчүн экскурсия өткөрүлдү

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты. Ошондой эле накталай акчага аяр мамиле кылуу темалары тууралуу сөз болуп, улуттук валютанын коргоо элементтери боюнча түшүндүрмө берилди. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 66 90 08, 61 24 14 телефон номерлери же mail@nbkr.kgэлектрондук почтасы аркылуу билдирмелерди алып, дайыма экскурсияларды өткөрүп турат. Кирүү акысыз. 


 


Датасы: 16.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (М.Т.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 16.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 16-февралынан тартып 2-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 19/2-бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ихсан ЛТД» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-июлундагы № 6000 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 162-үй, 4-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Биг Моней» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 6-майындагы № 6120 лицензиясы. 

2. 2023-жылдын 16-февралынан тартып 25-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 165-1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Капитал Кэш» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 1-июлундагы № 6163 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Гранд КЭШ» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 16-майындагы № 6296 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 107 «Фрунзе» СБ дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ДИМ ПРОФИ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-октябрындагы № 6009 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 51-үй, 3-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Наздин» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 18-октябрындагы № 6210 лицензиясы. 

3. 2023-жылдын 16-февралынан тартып 20-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 164-үй, 12-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Байкут и Ко» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 6115 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 105/1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Валюта плюс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 10-декабрындагы № 6039 лицензиясы. 


Датасы: 15.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Исройилов Даврон Уткирбаевичтин талапкерлигине 2023-жылдын 9-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 15.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Евразиялык Сактык Банкы» ААКтын ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сунушталган Мурзалиев Бактыбек Шайлообековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 9-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 14.02.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 14-февралында Улуттук банкта «Глобалдуу акча жумалыгы-2022» (Global Money Week) ири масштабдуу маалымат берүү-агартуу кампаниясын Кыргызстанда өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдарынын жолугушуусу болуп өттү. Бул кампаниянын алкагында дүйнөнүн 100 ашык  өлкөлөрүндө финансылык сабаттуулук боюнча иш-чараларды өткөрүлөт.  

Глобалдуу акча жумалыгын өткөрүүнүн максаты - бардык балдар менен жаш муунга жогорку сапаттагы финансылык билимдин жеткиликтүү болушун, акчаны сарамжалдуу колдонуу маданиятын калыптандырууну, келечекте финансылык туруктуулук менен бакубат турмушун жакшыртууга мүмкүндүк берген туура финансылык чечим кабыл алуу үчүн акчанын мааниси тууралуу билимге ээ болууну камсыз кылуу.  

Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган: ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, финансылык мекемелерге экскурсия жана сынактар. Быйыл иш-чаралардын бир бөлүгү юбилейлик датага Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата өткөрүлөт. Иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтына жайгаштырылат.  

Маалымат үчүн: Глобалдуу акча жумалыгы-2023 Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлөт.  



Датасы: 13.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору банктардын туруктуулугун колдоо жана банк системасындагы системалуу тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында иштелип чыккан. Токтом долбоорунда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөдөн мамлекеттик баалуу кагаздарды алып салуу жана мамлекеттик баалуу кагаздарга банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөө сунушталат. 

Токтомдун долбоорунда банктар тарабынан тышкы аудитти жана демилгеленген аудитти жүргүзүү талаптары боюнча тактоочу мүнөздөгү ченемдер, ошондой эле банктык кызматтардын тарифтери боюнча компоненттерди ачып берүү талаптары каралган. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 15-мартынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 10.02.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Германиянын Sparkassenstiftung фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн колдоосу менен «Соода жана экспорттук каржылоо» темасында семинар болуп өттү

Семинар Landesbank Baden-Wuerttemberg (LBBW Германиянын Баден Вюртемберг жергесиндеги федералдык банкы) өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлдү

Семинарга эл аралык финансы институттары менен соода жана долбоордук каржылоо боюнча иштөө тажрыйбасы бар коммерциялык банктардын кызматкерлери катышты. 

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга сооданы каржылоо жаатындагы LBBW тажрыйбасы, кыска мөөнөттүү каржылоо продукттары (аккредитивдер, кепилдиктер) боюнча маселелер, тышкы соода операцияларын ишке ашырууда баа берүү жана эл аралык соодада тобокелдиктерди классификациялоо жөнүндө маалымат берилди. 

 


Датасы: 10.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Октябрь көчөсү, н/ж (болжолу: «Элиза» базары, №1контейнер) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азамат-Ш» алмашуу бюросунун 2021жылдын 21-октябрындагы № 6213 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 10-февралынан 19-февралына чогуу алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 09.02.2023
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2023-жылдын 31-январына карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 31,6 млн сом суммасында 367 кредит жоюлган, 65,3 млн сом суммасында 225 кредит реструктуризацияланган. 

2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн: 

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-январы аралыгында ФКУ тарабынан 1 918, 6 млн сомго 18 955 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген; 

- «Кепилдик фонду» ААК 170,5 млн сом суммасына 158 кредит боюнча 80,3 млн сом суммасына 155 кепилдик берген; 

- айрым ФКУлар кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында, ички ченемдик документтерине айрым документтерди талап кылууну жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизди; 

- айрым ФКУлар кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүп, жеңилдетилген пайыз менен «Баткен областындагы карыз алуучулар үчүн кредит берүү» акциясын жүргүзүп жатышат;  

- айрым ФКУлар онлайн кредиттөө боюнча иштерди активдүү жүргүзүп, токтом талаптарына ылайык башка чараларды да көрүп жатышат; 

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт. 


Датасы: 08.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 257 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Заман-Д» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 2-июнундагы № 6299 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 8-февралынан 17-февралына чогуу алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 07.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 8-февралынан тартып 22-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Манас проспекти, 59-үй, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ариет финанс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Силквей» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Манас проспекти, 57-үй, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «УРМАТБЕК» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы. 

2. 2023-жылдын 8-февралынан тартып 12-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Манас проспекти, 34/2-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Капитал Кэш» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-майындагы № 6117 лицензиясы. 

 


Датасы: 07.02.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору, долбоорлордун каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү (стартаптар, инфраструктуралык долбоорлор ж.б. үчүн), ошондой эле долбоордук каржылоону сунуштоодо банктын кредиттик тобокелдигин натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 9-мартынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын мыйзамдын талаптарына ченем түзүү техникасына тиешелүү бөлүгү боюнча ылайык келтирүү иштеринин алкагында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 9-мартынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 06.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 9-мартынан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 03.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 4-февралынан тартып 18-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, кв.  17 а дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Престиж мани А» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 25-февралындагы № 6071 лицензиясы 

2. 2023-жылдын 4-февралынан тартып 8-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 176 а дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «АЯТ НУР» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 17-июнундагы № 5983 лицензиясы. 

 


Датасы: 02.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 344-үй дарегинде жайгашкан «Форекс маркет» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 13-январындагы № 6255 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 3-февралынан тартып 2023-жылдын 12-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 02.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 25-январында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-P-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операцияларын эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2023-П-12/4-3-(НПА) токтомун кабыл алды. 

Ислам каржылоо принциптери боюнча, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу иш алып барган коммерциялык банктар аталган токтомдун 3-пунктуна ылайык төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: 

- 2024-жылдын 1-январына чейин автоматташтырылган маалыматтык банк системасын жана эсепке алуу саясатын Мурабаха операцияларын эсепке алуу тартибинин талаптарына ылайык келтирүү

- ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнө чейин Банктык көзөмөл башкармалыгына көрсөтүлгөн токтомдун талаптарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүү

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 


Датасы: 01.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.К.Ж.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 31.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 31.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын эки жаранына (С.К.М жана А.К.М.) 17 500 сомдон айып пул салды. 


Датасы: 31.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

эсептик ченди 13,0 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 30-январында эсептик ченди (негизги ченди) 13,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 31-январында күчүнө кирет.  

Негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы бар тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты Кыргыз Республикасынын экономикасында инфляцияны шарттаган факторлорду чектөөгө багытталган. 

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14,7 пайызды түзгөн. 2023-жылдын 20-январына карата баалардын өсүшү 1,2 пайызды түздү. Жалпы алганда, инфляция динамикасы орто мөөнөткө болжолдонгон көрсөткүчтүн алкагында түптөлүүдө, бул эсептик ченди өзгөртүүнүн зарылдыгы жоктугун шарттайт. Энергия продукциялары жана азык-түлүк дүйнөлүк рынокторунда кырдаалдын турукташуусу 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. Ошондой эле, бир катар администрациялык баалардын (тарифтердин) наркын жогорулатуу тууралуу айтылган алдын ала кулактандыруулар инфляцияны шарттаган ички тобокелдиктердин кошумча булагы болушу мүмкүн. 

Кыргыз Республикасында пандемиядан кийинки экономиканын калыбына келиши экономикалык жигердүүлүктү жогорку деңгээлде сактап калууга мүмкүндүк берди. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматка ылайык, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 7,0 пайызды түзгөн. Бул көбүнчө кызмат көрсөтүү, өнөр жай, айыл чарба секторундагы өндүрүш көлөмүнүн өсүшүнө жана ички суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу. Экономиканы кредиттөөнү кеңейтүү дагы ички суроо-талапка колдоо көрсөтүүдө: 2022-жылдын жыйынтыгында алдын ала маалыматтар боюнча банк кредит портфели 12 пайызга жакын көрсөткүчкө өскөн.  

Акча жана валюта рыногундагы жагдай Улуттук банк тарабынан өз убагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында салыштырмалуу туруктуу сакталууда. Монетардык саясат боюнча кабыл алынган тактикалык чечимдер банк секторунда үстөк ликвиддүүлүк олуттуу өскөн шартта кабыл алынат.  

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги мурдагыдай эле динамикасында жогорку белгисиздик үстөмдүк кылган тышкы экономикалык факторлорго көз каранды. Мындай жагдайларда инфляцияны шарттаган тобокелдиктер сакталат. Акча-кредит саясаты жаатында мурда кабыл алынган чаралардан топтолгон тажрыйба инфляциянын потенциалдуу тобокелдиктерин жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Акча-кредит саясатынын андан аркы багыты жогоруда көрсөтүлгөн факторлордун жана тобокелдиктердин өлкөнүн экономикалык процесстерине тийгизген таасирлерин эске алуу менен түптөлөт. 

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2023-жылдын 27-февралында өтөт. 


Датасы: 30.01.2023
Туруктуу шилтеме

Депутаттык комиссия жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы 

Улуттук банктын алтын сактоочу жайында болушту 

 

 

2023-жылдын 30-январында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын (мындан ары депутаттык комиссия) төрагасы Арсланбек Малиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында болушту. 

Иш сапардын жүрүшүндө «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан алтын менен операциялар, тактап айтканда, алтындын запасын толуктоо, өлчөнгөн жана стандарттуу алтын куймаларын даярдоо операциялары, алтынды сактоонун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү жөнүндө маалымат сунушталды.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев келген конокторго жөнгө салуучу тарабынан алтын менен жүргүзүлүп жаткан операциялар тууралуу маалымдады.  

Өз сөзүндө төрага, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар экендигин белгилеп, азыркы тапта Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтынды үзгүлтүксүз сатып алып турарын билдирди. 

Улуттук банктын адистери депутаттык комиссияга Улуттук банктын карамагындагы алтын тууралуу презентация сунуштап, алтын кандай жол менен алынат, кантип сатылат жана кандай шарттарда сактала тургандыгы тууралуу кеңири маалымдап, берилген суроолоруна жооп беришти.  

Жумушчу иш сапардын жүрүшүндө убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев баштаган депутаттык комиссиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алтын сактоочу жайына барып, андагы абал менен жеринде таанышып кайтышты. 

 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтому менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. 

 

 

 

 

 


Датасы: 30.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (М.А.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 27.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Т.А.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 27.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын үч жаранына (И.М.И., У.М.М., М.А.М.) жана Россия Федерациясынын бир жаранына (С.Э.Б.) 17 500 сомдон айып пул салынды. 


Датасы: 27.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын бир жаранына (М.Н.Д.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салды. 


Датасы: 27.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Убактылуу администратору катары дайындалуучу талапкерлер маалымат базасына киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча сынактын жыйынтыгын маалымдайт 

 

№ 

Аты-жөнү 

Асанкулов Эркинбек Сагыналиевич 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Банктардын жоюучусу катары дайындалуучу талапкерлер маалымат базасына киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча сынактын жыйынтыгын маалымдайт 

 

№ 

Аты-жөнү 

Махиева Лейля Таулановна 

 


Датасы: 26.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранына (Г.Ш.Н. жана М.У.М.) 17 500 сомдон айып пул салынды. 


Датасы: 25.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (К.А.К., Т.у.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 23.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтомдун долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкуулоо үчүн долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 20-февралынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 


Датасы: 23.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып Казакстан Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдагы үлгүдөгү 20000 теңге номиналындагы банкнотту жүгүртүүгө чыгаргандыгын маалымдайт. Аталган банкнот жүгүртүүдөгү башка акча белгилери сыяктуу бирдиктүү стилде жасалган. Банкноттун алдыңкы жана арткы бетиндеги негизги сюжети, ошондой эле өлчөмү өзгөрүүсүз калган. Банкнот негизинен боз түстө жасалган. 

2022-жылдагы үлгүдөгү 20000 теңге номиналындагы банкноттун коргоо элементтери тууралуу толук маалымат Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында https://www.nationalbank.kz/ru/news/press-relizy/14112 дареги боюнча жайгаштырылган. 


Датасы: 23.01.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү 

 

2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы К. Бөкөнтаев менен коммерциялык банктардын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү

Жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган банк тутумунун ишмердүүлүгүнүн айрым багыттары боюнча иш-аракеттер тууралуу маселе талкууланды.  

Улуттук банктын Төрагасы тарабынан коммерциялык банктар чет өлкө валюталарын нак акчага айландыруудагы учурдагы комиссиясын карап чыгуусу, алардын негиздүүлүгү менен калктын бул кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн эске алуусу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле, нак жана нак эмес чет өлкө валюталары менен иштөө талаптарын эске алуу, Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД (терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө) мыйзамдарын сактоону жана банктардын ишинде ички контролдук системасын күчөтүү зарылдыгы айтылды.  

Коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана банктардын бардык бөлүмдөрүндө банктык кызматтардын талаптагыдай көрсөтүлүшүнө көзөмөлдү камсыздоо боюнча баардык зарыл чараларды көрүү, ошондой эле кардарлардын арасында өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды. 

«Учурдагы шарттарда коммерциялык банктар өз стратегиясын кайра карап чыгып, активдердин сапатын жакшыртууга, кардарларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде пайыздык ченди төмөндөтүү жолу менен кардарлар базасын сактоого жана көбөйтүүгө басым жасашы зарыл. Анын ичинде кредиттер боюнча пайыздык чендерди азайтуу менен, тарифтер жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссияларды, атап айтканда, чет өлкө валютасындагы каражаттарды конвертациялоо жана накталай чыгарып алуудагы комиссияларды карап чыгуу керек», - деп баса белгиледи К.Бөкөнтаев. 

Жолугушууда ошондой эле банктар тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышын Улуттук банк туруктуу негизде көзөмөлдөп турары жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгы кошумчаланды. 

 

 


Датасы: 20.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 21-январынан тартып 4-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144/6 дареги боюнча жайгашкан КЖК Ломбард «Азамат КЭШ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 5975 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95-үй, 17-кв. дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Акак плюс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 7-майындагы № 6123 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146-үй, 14-кв. дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Заман-Нурдин» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 26-мартындагы № 6093 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146/2 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Исхак и Исаак» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 6033 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150-үй, 15-бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Сириус групп» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 5-декабрындагы № 6418 лицензиясы. 

2. 2023-жылдын 20-январынан тартып 30-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Чүй областы, Панфилов району, Чалдыбар айылы, Ленин көчөсү 51-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ислам КЭШ» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 22-июлундагы № 6173 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Кожевенный көчөсү 1, «Дордой» соода-сатык комплекси, Чимкент токтотмо жайы №13Б дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «НУРДАН КОМПАНИ ЛТД» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 22-июнундагы № 6303 лицензиясы. 


Датасы: 19.01.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 16-18-январь күндөрү Улуттук банкка, 2022-жылга Билим тармагында өнөктөштүк программасы боюнча Корея Банкы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда эки тараптуу макулдашуунун алкагында, Корея Банкынын изилдөө тобунун делегациясы иш сапары менен келип кетти.  

Иш сапардын алкагында делегация Улуттук банктын жетекчилиги менен жолугушуп, анда Билим тармагында өнөктөштүк программасы жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Корея Банкынын жана Улуттук банктын эксперттеринин катышуусунда Улуттук банктын аналитикалык потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен иштерди аткаруунун жыйынтыктары боюнча семинар өткөрүлдү

 

 

 


Датасы: 18.01.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турат 

 

2022-жылы коммерциялык банктарга 151 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 75 жазма буйрук, 33 эскертүү жана 14 сунуш-көрсөтмө берилген (областтык башкармалыктардын текшерүүлөрүн кошо алганда). Анын ичинде 2022-жылдын декабрь айында 12 коммерциялык банкка текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылчылыгы боюнча 10 жазма буйрук берилген.  

Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктарга кардарларды банктык тейлөө сапатын жакшыртуу, калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн нак чет өлкө валютасынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу сунуш-көрсөтмө берилген.  

2023-жылдын башынан тартып коммерциялык банктарга 17 текшерүү жүргүзүлгөн. Азыркы тапта жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары талкууланып жатат жана коммерциялык банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан тийиштүү чаралар кодонулат. 

2022-жылдын ичинде 135 алмашуу бюросуна текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча тышкы көзөмөлдүн алкагында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендиги жана талаптарын аткарбагандыгы үчүн, алмашуу бюролоруна 270 жазма буйрук жөнөтүлгөн, 48 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган жана 6 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. 

Мындан сырткары, 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1 265,0 миң сомду түзөт) айып пул салынган. Ошону менен бирге, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жактарга, укук коргоо органдары менен биргеликте 63 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 48 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 840,0 миң сомду түзөт) айып пул салынган. 

2023-жылдын башынан тартып тогуз алмашуу бюросуна инспектордук текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, ошондой эле тышкы көзөмөлдүн алкагында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендиги жана талаптарын аткарбагандыгы үчүн алмашуу бюролоруна 31 жазма буйрук жөнөтүлгөн. Ошондой эле бир алмашуу бюросуна 55,0 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.  

Улуттук банк күн сайын валюта рыногундагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. 

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алганга чейинки тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулат.  

Белгилей кетсек, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлбөгөн курс боюнча сатууга жана сатып алууга тыюу салынат. Чет өлкө валютасы болгон шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү

 


Датасы: 18.01.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банкта валюта рыногундагы кырдаал талкууланды 

 

2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары М.Жакыпов коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн валюта рыногундагы учурдагы абал, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы токтому менен киргизилген, накталай АКШ долларын Кыргыз Республикасынан алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу маселелер талкууланды.  

Улуттук банктын жетекчилиги кардарларды банктык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн накталай чет өлкө валютасын жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу жана аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу коммерциялык банктар тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады.  

Жолугушууда Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга дайыма көз салып, көзөмөлдөп турары жана зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуу жана коопсуз ишин мындан ары камсыз кылуу үчүн чараларды көрөрү белгиленди. 

Зарыл болгон маалыматтарды/консультацияларды ыкчам алуу үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, WhatsApp-каналына 0501 89 00 00 телефон номери, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0312 61 45 78 жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 уюлдук телефон номерлери аркылуу кайрылышса болот.  

 

 

 


Датасы: 18.01.2023
Туруктуу шилтеме

 

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору «RPS Asia» ЖЧШ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү.  

Реестрдеги каттоо номери 5016120123. 


Датасы: 17.01.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын  

28-декабрында № 2022-П-12/83-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына таасир этүү чаралары боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо аталган ченемдик укуктук актыны Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн мазмуну боюнча жана техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 28-декабрында № 2022-П-12/83-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына монополияга каршы жөнгө салуу, баа түзүү, туунду жана караштуу компаниялар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо аталган ченемдик укуктук актыны Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн мазмуну боюнча жана техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 28-декабрында № 2022-П-12/83-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, эсептерди ачуу, банктардын алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби, корпоративдик башкаруу боюнча колдонуудагы талаптарды актуалдаштыруу, ошондой эле Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо максатында кабыл алынган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 

 

 


Датасы: 13.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы РК «АМАНБАНК» ААКта атайын режимди узартты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 11-январындагы токтомуна ылайык, РК «АМАНБАНК» ААКта Убактылуу администрация атайын режими 2023-жылдын 14-январынан тартып 6 айга узартылды. 

РК «АМАНБАНК» ААКтын Убактылуу администратору болуп  Р.А. Абдулдабеков дайындалды. 

 


Датасы: 13.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 12.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуулар системасынын реестринде «PLUSPAY» акча которуу системасы каттоодон өттү.  

Эл аралык акча которуулар системасынын оператору «ПЛЮСПЭЙ» ЖЧК Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери 1051090123. 


Датасы: 11.01.2023
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучулар боюнча финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - ФКУ) кардарларына колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) токтомунун аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө.  

2022-жылдын 30-декабрына карата абал боюнча ФКУга 514 карыз алуучу кайрылган, 31 480 миң сом суммасында 366 кредит жоюлган, 63 683 миң сом суммасында 224 кредит реструктуризацияланган. 

Белгилүү болгондой, Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрында № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алган. Анда коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана/же ишкердик жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алуу боюнча арыздарын артыкчылыктуу тартипте кароо, ошондой эле алардын кредиттерди/кепилдиктерди берүү боюнча ички жол-жоболорун карап чыгуу сунушталган.  

Бул токтомду ишке ашыруу максатында Баткен областындагы карыз алуучуларды кредиттөө боюнча бир катар чаралар кабыл алынды: 

- 2022-жылдын 18-ноябрынан тартып ФКУ тарабынан 1 095 133 миң сомго 9 268 кредит артыкчылыктуу тартипте каралды жана берилди; 

- айрым ФКУлар тарабынан кредиттер боюнча пайыздык чендер төмөндөтүлдү, токтомдун талаптарына ылайык онлайн кредиттөөнүн көлөмүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана башка чаралар көрүлүүдө

- айрым ФКУлар тарабынан кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында ички ченемдик документтерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. 

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт. 

 

 


Датасы: 10.01.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 28-декабрында № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтом кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.  

 


Датасы: 09.01.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Касымов Мирбек Амантуровичтин талапкерлигине 2022-жылдын 30-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 09.01.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 21-декабрында төмөнкү токтомдорду кабыл алды: 

1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин көзөмөлдөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2022-П-12/81-7-(НФКУ); 

2. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик, активдерди классификациялоо, кыймылсыз мүлк менен иштөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2022-П-12/81-8-(НПА). 

Токтомдор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу/Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 30.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаарынын аэропортун тейлөө боюнча аба транспортундагы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 27 жана 28-декабрында өткөрүлгөн биргелешкен рейддин алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын төрт жаранына (И.Ж.О., С.А.А., Дж. у Т. жана Ж.Д.А.) 17 500 сомдон айып пул салынды. 


Датасы: 29.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Талас областы, Талас шаары, Сарыгулов көчөсү, н/ж дареги боюнча «Алтын-Казык» соода борборунун жанында жайгашкан ЖЧК «Бема» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 17-декабрындагы № 6238 лицензиясынын аракети 2022-жылдын 30-декабрынан тартып 2023-жылдын 28-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 29.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору банктык маалымат системасын автоматташтыруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацынын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 16-январынан кечиктирбестен smaitashova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 28.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 27-январынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) azmambetalieva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл


Датасы: 28.12.2022
Туруктуу шилтеме

2022-жылдын 27-декабрында Улуттук банкта жаш адистерди, аспиранттары, магистранттарды жана студенттерди илимий-изилдөө ишине тартуу максатында уюштурулган илимий эмгектер сынагынын жеңүүчүсүнө сыйлык берүү аземи болуп өттү. Аталган сынак Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин жайылтууга арналган эмгектер боюнча жарыяланган.  

Сынак комиссиясы биринчи орунду «Кыргыз Республикасында кандай жаңы ислам банк продукттары талап кылынат» аттуу эмгеги үчүн Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин студенти А.М. Жаныбековго ыйгарды. 

 


Датасы: 27.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун долбоорун (мындан ары токтом долбоору) талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору менен жаңыдан түзүлүп жаткан жана иштеп жаткан банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) 1,0 жана 2,0 млрд сом (системалуу мааниге ээ банктар үчүн) өлчөмүндө түзүү боюнча талаптарды белгилөө сунушталат. 

Иштеп жаткан банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 1 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын төмөнкүдөй мөөнөттө ишке ашыруу сунушталат: 

- 2024-жылдын 1-июлуна чейин 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлуна чейин 1 млрд сом; 

Ошону менен бирге, системалуу мааниге ээ банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 2023-жылдын 1-июлуна карата 2,0 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын белгилөө сунушталат. Өз кезегинде, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш.  

Ошол эле учурда, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө банкка маалымдалган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган, ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган (koomtalkuu.gov.kg/ru). 

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023 жылдын 26-январынан кечиктирбестен zosokeeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 27.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, «Пэйлайн» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2022-жылдын 22-декабрында төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2022-жылдын 22-декабрындагы № 2033221222 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2022-жылдын 22-декабрындагы № 3035221222 лицензия. 

«Пэйлайн» ЖЧК боюнча тиешелүү маалыматтар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банктын милдеттери» / «Төлөм системасы» / «Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары» бөлүктөрүндө жайгаштырылган төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензияларынын реестрлерине киргизилген». 


Датасы: 27.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кредиттик союздун катышуучулары 2022-жылдын 16-декабрында лицензияны өз ыктыяры менен кайтаруу жөнүндө чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан «Копилка-Каракол» кредиттик союзунун өзүнүн катышуучуларынын сактык пайларын сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу, кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөтүндө төлөө, кайтаруу жана төлөө шарттарында кредиттерди берүү укугуна 1998-жылдын 6-майында берилген № 36 лицензиясы 2022-жылдын 26-декабрынан тартып жокко чыгарылды. 

Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Каракол ш., А. Кутманалиев көч., 149/31. 


Датасы: 26.12.2022
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын кардарларына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө» токтомун аткаруунун алкагында, финансы-кредит уюмдары (мындан ары - ФКУ) банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүп жатышат.  

2022-жылдын 22-декабрына карата ФКУ 500 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 27 553 миң сом суммасында 344 кредит жоюлган, 56 071 миң сом суммасында 

224 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт. 

 


Датасы: 23.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүн өткөрүү максатында, 2022-жылдын 23-декабрында Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан «Ынтымак-2» паркында көк карагайлардын көчөттөрү отургузулду. 

 

 

 

 

 


Датасы: 23.12.2022
Туруктуу шилтеме

2022-жылдын 21-ноябрынан тартып 25-ноябрына чейин Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун 37-Пленардык отуруму гибрид форматында (түздөн-түз же аралыктан катышуу) өткөрүлдү, анда аталган топтун мүчө-мамлекеттеринин жана байкоочуларынын, ФАТФнын мүчө-мамлекеттеринин жана Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. 

Пленардык отурумда Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун өз ара баалоо боюнча 2-раундунун алкагында, техникалык талаптарга жооп берүү боюнча рейтингдерди кайра карап чыгуу менен Кыргыз Республикасынын прогресси жөнүндө 4-отчету сунушталып, өлкөдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасы өркүндөтүлгөндүгү белгиленип, ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнүн бири боюнча рейтингди жогорулатуу макулдашылган.  

Прогресс жөнүндө кезектеги отчет Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун 39-пленардык отурумунда кароого сунушталат.  


Датасы: 23.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (К.И.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 23.12.2022
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын  

14-декабрында № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо аталган ченемдик укуктук актыны Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн мазмуну боюнча жана техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 

2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 14-декабрында № 2022-П-12/78-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына капитал шайкештиги, банктык эсептер жана сейфтер маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 

3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 14-декабрында № 2022-П-12/78-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 


Датасы: 22.12.2022
Туруктуу шилтеме

2022-жылдын 20-декабрында Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезексиз отуруму болуп өттү.  

Отурумда QR-кодду колдонуу менен төлөөлөрдү киргизүү жана аны өнүктүрүү, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, төлөм терминалдарын жана QR-кодду колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын иш-чаралары талкууланды. 


 


Датасы: 22.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Судец Евгения Леонидовнанын талапкерлигине 2022-жылдын 21-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 22.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Талас областы, Талас шаары, Сарыгулов көчөсү, н/ж дареги боюнча «Алтын-Казык» соода борборунун жанында жайгашкан ЖЧК «Бема» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 17-декабрындагы № 6238 лицензиясынын аракети 2022-жылдын 22-декабрынан тартып 2022-жылдын 29-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 20.12.2022
Туруктуу шилтеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт: 

 

- банктын жоюучусу (ликвидатор) 

- банктын убактылуу администратору 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн.  

Документтерди 2022-жылдын 30-декабрында саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.  

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт. 

Жалпы квалификациялык талаптар, функционалдык милдеттер тууралуу кеңири маалымат жана сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтер тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтынын «Сынактар» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Бардык суроолор менен 31-29-12 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар болот. 


Датасы: 20.12.2022
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2022-жылдын 15-декабрына карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) 487 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 27,6 млн сом суммасында 344 кредит жоюлган, 52,8 млн сом суммасында 204 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.  

Мындан тышкары, Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтому кабыл алынган, анда коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуларга кредит/кепилдик берүү боюнча арыздарын артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу, ошондой эле аларга кредит/кепилдик берүү боюнча ички жол-жоболорду карап чыгуу сунушталган. 

Токтомдо ошондой эле карыз алуучулардын кредиттерди/кепилдиктерди алууда документтерди берүүсүнө карата Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган. 

Мындан тышкары, токтомго ылайык, карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге болгон катышы кайра каралып чыкты.  

ФКУдан алынган маалыматтарга ылайык, финансы-кредит уюмдары токтомду ишке ашыруу максатында Баткен областынын аймагындагы карыз алуучуларга кредит берүү боюнча бир катар чараларды көргөн:  

- 2022-жылдын 18-ноябрынан тартып ФКУ тарабынан 618,7 млн ​​сомго 5 428 кредит каралып, артыкчылыктуу тартипте берилген; 

- айрым ФКУ тарабынан кредиттер боюнча пайыздык чендер төмөндөтүлүп, онлайн кредиттөөнүн көлөмүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана токтомдун талаптарына ылайык башка чаралар көрүлүүдө

- кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында айрым ФКУ тарабынан ички ченемдик документтерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. 


Датасы: 20.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 19.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 18-январынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) azmambetalieva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл


Датасы: 16.12.2022
Туруктуу шилтеме

2022-жылдын 14-декабрында Улуттук банк Башкармасы тарабынан «Евразиялык Сактык Банкы» ААКсына 2022-жылдын 23-декабрынан тартып алты айлык мөөнөткө Убактылуу администрация атайын режими узартылгандыгы тууралуу чечим кабыл алынган. 

Базаркулов У.А. «Евразиялык Сактык Банкы» ААКсынын Убактылуу администратору болуп дайындалды. 


Датасы: 16.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Мажитова Чолпон Болотбековнанын талапкерлигине 2022-жылдын 15-декабрына макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 15.12.2022
Туруктуу шилтеме

Маалыматтык билдирүү 

 

2022-жылдын 15-декабрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси менен «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин, «Кепилдик фонду» ААКтын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлдү.  

Көчмө жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. 

Жыйындын жүрүшүндө коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде жабыркагандардын кредиттерин эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо түрүндө жардам көрсөтүү чаралары тууралуу маалымат берилди. 

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, финансы-кредит уюмдары, «Кыргызстан банктар союзу» юридикалык жактар бирикмеси жана «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн жарандарга/чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредит берүү жана кредит берүү маселелерин карап чыгуу процесстерин жөнөкөйлөтүү механизмдерин, ошондой эле жабыркаган карыз алуучулардын маселелерин андан ары чечүүгө багытталган биргелешкен резолюция кабыл алынды.  


 

 


Датасы: 14.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдерди пайдалануу аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө мүмкүндүк берген кызматтардын ишке киргендиги тууралуу маалыматтын жарыялангандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. 

Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык актив төлөм каражаты, валюта жана/же баалуу кагаз болуп саналбайт. 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдерди товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары колдонууга, ошондой эле соода жана тейлөө ишканаларына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын виртуалдык активдер менен көрсөтүүгө жол берилбей тургандыгын белгилейт. 


Датасы: 14.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 7-декабрындагы № 2022-П-14/76-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  


Датасы: 13.12.2022
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2022-жылдын 8-декабрына карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) 476 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 24 716 миң сом суммасында 333 кредит жоюлган, 53 491 миң сом суммасында 202 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.  


Датасы: 12.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтык билдирүүсү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 12-декабрынан тартып спорт жаатындагы маанилүү окуяларды жана жетишкендиктерди белгилөө үчүн, ошондой эле жаштарды олимпиадага катышууга үндөө, дене тарбия менен спортту даңазалоо максатында «Спорт» сериясындагы «Азия оюндары» күмүш коллекциялык монетасын, ошондой эле, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген, республиканын флорасынын сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактап калуу жана даңазалоо максатында «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Кашкар бөрү карагаты» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 

«Азия оюндары» монетасынын алдыңкы бетинде Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарынын расмий эмблемасы түшүрүлгөн, анда кытай инь-янь символунун алкагында спорттун ар бир түрү боюнча Азия оюндарына катышуучу спортчулардын фигурасы пиктограмма түрүндө берилген. Монетанын четине тегерете: «Азия оюндары 2022 / 2022 Asian Games» аталышы, ошондой эле сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31,10 g), монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинде спортчулардын элеси, ал эми борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четине тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу жайгаштырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн. 

 

 

 

 

«Азия оюндары» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925 

Өлчөмү (мм) 

38,61*38,61 

Салмагы (г) 

31,10 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

3 740 с 

 

 

«Кашкар бөрү карагаты» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Монетанын четине тегерете: «Кашкар бөрү карагаты / Berberis kaschgarica» аталышы, ошондой эле металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) жазылган. Монетанын төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.  

Монетанын арткы бетинин негизги сюжетин Кашкар бөрү карагатынын бутагы менен мөмөсүнүн элеси түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четине тегерете: «Кыргызстандын Кызыл китеби» деген жазуу жайгаштырылып, төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн.  

 

 

 

 

«Кашкар бөрү карагаты» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925 

Өлчөмү (мм) 

38,61*28,81 

Салмагы (г) 

28,28 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

3 690 с 

 

 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. 

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат. 


Датасы: 09.12.2022
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турат. 

 

2022-жылдын 9-декабрына карата коммерциялык банктарга 131 текшерүү жүргүзүлгөн, натыйжада 65 жазма буйрук, 31 эскертүү жана 13 сунуш-көрсөтмө берилген. Анын ичинде 2022-жылдын ноябрь айында 10 коммерциялык банкта текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгы жөнүндө 9 жазма буйрук берилген. Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктарга банк кардарларын тейлөө сапатын жакшыртуу, калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн нак чет өлкө валютасынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу сунуш-көрсөтмөлөр берилген.  

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алганга чейин тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулат.  

Мындан тышкары, укук коргоо органдары менен биргеликте Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган жактардын алып сатарлык иш-аракеттерине жол бербөө максатында, иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.  

Ошондой эле 121 алмашуу бюросуна жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган жактарга 58 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн, 263 жазма буйрук жөнөтүлүп, алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 47 жолу убактылуу токтотулган, 6 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. Ошондой эле 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1 265,0 миң сом) жана 43 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 752,5 миң сом) айып пул салынган.  

Мындан тышкары, Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарын кошо алганда, коммуникациянын бардык каналдарын колдонуп, маалыматты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштыруу аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келет.  

 


Датасы: 08.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (А.А.Б., М.А.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 08.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.С.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 07.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.Н.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 07.12.2022
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 6-октябрында чыгарылган (№ 2022-П-12/62-2 (НПА) Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары ФКО) кардарларына колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө.  

2022-жылдын 01-декабрына карата, ФКУдан алынган маалыматтар боюнча 474 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19 974 миң сом суммасында 298 кредит жоюлган. Ошондой эле, 38 430 миң сом суммасында 170 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт. 


Датасы: 07.12.2022
Туруктуу шилтеме

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) «Депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредит жөнүндө» жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жана кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет. 

 

1. Проблемалар жана негиздер.    

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу ченемдик актыларды өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган. 

 2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты   депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредит берүүнүн жалпы шарттарын жана тартибин аныктоо. 

  3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү;  

- депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредит берүү мүмкүнчүлүгү.   

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:  

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жагымсыз кесепеттерге алып келбейт.   

 5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү.  

Сунушталган жөнгө салуу депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине гана тиешелүү.   

 6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго учурабайт.   

 7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдө Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.   

  Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор:  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал;  

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикир.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр:   

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

  

- электрондук почта аркылуу 

shmusuralieva@nbkr.kg  

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 21-декабрынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2022-жылдын 26-декабрынан кечиктирбестен 

 


Датасы: 06.12.2022
Туруктуу шилтеме

Оффшордук аймактар боюнча тизмегин мыйзамдардын жана эл аралык тажрыйбанын талаптарына ылайык өркүндөтүү жана актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 2022-П-17/74-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 


Датасы: 05.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 30-ноябрында № 2022-П-17-74-5-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктарды лицензиялоо жана www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 05.12.2022
Туруктуу шилтеме

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө билдирет. 

 

1. Проблемалар жана негиздер. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында, Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын өзүнчө же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды атайын жөнгө салуу режиминин алкагында апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталышы мүмкүн. 

Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2020-жылдын 26-октябрындагы 2020-ЗСД-КОМ-КПС-15/1 токтомуна ылайык, микрокредиттик компания тарабынан банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн (кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн «Элкарт» чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын эквайринги, Улуттук өз ара аракеттенүү оператору аркылуу колдоого алынган ыкмалар менен эквайринг, POS-терминалдар /QR коддор аркылуу эл аралык төлөм системаларынын карталарынын эквайринги) атайын регулятивдик режиминин алкагында тестирлөө жактырылган, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-4/2 токтомуна ылайык ийгиликтүү деп табылган. 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык, эгерде тестирлөө ийгиликтүү деп табылса, Төлөм системасы боюнча комитет Улуттук банктын тестирлөөдөн өткөн кызмат көрсөтүүлөргө/технологияларга тоскоолдук кылууну жокко чыгарган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө сунуш киргизет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызматтарды көрсөтүү лицензиянын мөөнөтүн узартуунун негизинде мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин улантылышы мүмкүн. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөттөрү узартылган учурда Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдү улантуу үчүн кошумча шарттар белгилениши мүмкүн. 

 

2. Сунушталган жөнгө салуунун максаты микрокредиттик компанияларга микрокредиттерди накталай эмес формада берүү мүмкүнчүлүгүн берүү, бул жыйынтыгында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн көбөйүшүнө, финансылык сабаттуулуктун жогорулашына ж. б. алып келет. 

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү

- калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу; 

- калкка банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү

- региондорду өнүктүрүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу жагымсыз кесепеттерге алып келбейт. 

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Сунушталган жөнгө салуу микрокредиттик компаниялардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунуш кылынган жөнгө салуунун субъекттери өз бюджеттеринин чегинде чыгымдарды тартышат. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр

 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

   

- электрондук почта аркылуу 

ammaratova@nbkr.kg 

- почта дарегине 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 19-декабрынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 27-декабрынан кечиктирбестен 

 


Датасы: 02.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын шариат кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Ибраев Марс Каиповичтин талапкерлигине 2022-жылдын 1-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 01.12.2022
Туруктуу шилтеме

Валюта рыногундагы жагдай жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк секторундагы жана валюта рыногундагы жагдай боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.   

Биздин өлкөнүн валюта рыногундагы жагдай дүйнөдөгү геосаясий жагдайдын жана тышкы рыноктордогу белгисиздик орун алган кырдаалдын таасири астында өнүгөт.  

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана кризистин алгылыксыз натыйжаларын минималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коммерциялык банктардын, алмашуу бюролорунун жана микрофинансылык уюмдардын накталай АКШ долларын өлкөдөн сырткары чыгарып кетүүсүнө тыюу салууну кошо алганда, кризиске каршы бир катар чаралар көрүлгөн. Бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында капиталдын эркин жылышы каралган, бул чет өлкө валютасын жеке адамдар жана юридикалык жактар өлкөгө/өлкөдөн эркин алып келүүгө/чыгууга боло тургандыгын түшүндүрөт.  

Накталай АКШ долларынын учурдагы тартыштыгына кошумча фактор болуп, аны өлкөгө алып келүүнүн логистикалык байланышынын бузулушу жана айрым адамдар тарабынан валюталардын курстук айырмадан пайда табуу максатында алып сатарлык операцияларды жүргүзүүлөрү саналат.  

Бүгүнкү күндө айрым жергиликтүү коммерциялык банктар накталай АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу үчүн накталай чет өлкө валютасын алып келүү боюнча операцияларды жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда, накталай акчаны жеткирүү үчүн логистикалык байланыштын татаалдыгы алардын акыркы наркына таасир этет. 

Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматка ылайык, АКШ долларын накталай акчага айландыруу үчүн комиссиялык төлөм өлчөмү накталай акчага айландырылган чет өлкө валютасынын суммасынан 0,5 пайыздан 4 пайызга чейинкини түзгөн. Мында, банк мыйзамдарында коммерциялык банктар керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачык жарыяланышын жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө каралган.  

Улуттук банктын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлгөн тиешелүү курстан айырмаланган курс боюнча сатып алууга жана сатууга тыюу салынгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Чет өлкө валютасы бар болсо валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү.  

Накталай эмес чет өлкө валютасы менен операциялар коммерциялык банктар тарабынан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын талабы боюнча кандай болбосун көлөмдө жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. 

Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.  

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана валюталык операцияларды жүргүзүү жана кардарларды тейлөө жагында Улуттук банктын талаптарын бузууга жол бербөө максатында, Улуттук банк туруктуу негизде банктардын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине пландан тышкары (рейддик) жана план боюнча инспектордук текшерүүлөрдү туруктуу негизде жүргүзүп турат.  

2022-жылдын башынан тартып коммерциялык банктарда 131 текшерүү жүргүзүлгөн, натыйжада 60 жазма буйрук, 31 эскертүү жана 13 сунуш-көрсөтмө берилген. Анын ичинде 2022-жылдын ноябрь айында 10 коммерциялык банкта текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгы жөнүндө 9 жазма буйрук берилген.  Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктарга банк кардарларын тейлөө сапатын жакшыртуу, калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн нак чет өлкө валютасынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу сунуш-көрсөтмөлөр берилген.  

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алганга чейин тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулат. 

Мындан тышкары, укук коргоо органдары менен биргеликте Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган жактардын алып сатарлык иш-аракеттерине жол бербөө максатында, иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.  

2022-жылдын башынан тартып 121 алмашуу бюросуна жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган жактарга 54 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн, 241 жазма буйрук жөнөтүлүп, алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 47 жолу убактылуу токтотулган, 6 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. Ошондой эле 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1 265,0 миң сом) жана 39 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 682,5 миң сом) айып пул салынган. 

Мындан тышкары, Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарын кошо алганда, коммуникациянын бардык каналдарын колдонуп, маалыматты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштыруу аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келет. 

Калкты талаптагыдай банктык тейлөө, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу финансылык кызмат көрсөтүү боюнча жарандардын кайрылууларын тез карап чыгуу максатында, Улуттук банктын коомчулук менен кайтарым байланыш каналдары WhatsApp-каналы түрүндө кеңейтилген.  

Зарыл болгон ыкчам маалыматты/консультацияларды телефон аркылуу алуу үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, Улуттук банктын 0501 89 00 00 WhatsApp-каналына, ошондой эле финансы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0 312 61 45 78 жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлери аркылуу кайрыла алышат. 

Улуттук банк туруктуу негизде кырдаалга байкоо жүргүзүп жана контролдоп турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк ишинин жана төлөм системасынын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт.   


Датасы: 01.12.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуулар системасынын реестринде «PayPorter» акча которуу системасы каттоодон өттү

Эл аралык акча которуулар системасынын оператору «HIZLIPARA ÖDEME HIZMETLERI VE ELEKTRONIK PARA A. Ş.» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү.  

Реестрдеги каттоо номери 1050301122. 

 


Датасы: 30.11.2022
Туруктуу шилтеме

Коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 30-ноябрында №_2022-П-12/74-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2023-жылдын 1-мартына чейин убактылуу токтотулат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 29.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,0 пайызга чейин төмөндөттү  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 28-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка, 13,0 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2022-жылдын 29-ноябрынан тартып күчүнө кирет.  

2022-жылдын 18-ноябрына карата маалымат боюнча жылдык инфляция 2022-жылдын октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөө менен 14,5 пайызды түзгөн. Кыргыз Республикасында инфляция арымы басаңдаган тенденцияны көрсөтүүдө. Ошого карабастан, глобалдуу конъюнктура белгисиз бойдон калууда, ал эми азык-түлүккө, энергия продукцияларына жана башка товарларга дүйнөлүк баалар акырындап төмөндөсө да баалар жогору деңгээлде сакталып турат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2022-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7,0 пайызды түзгөн. Экономикалык жигердүүлүк өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлору тарабынан колдоого алынган. Мамлекеттик чыгашалардын жогорулашы жана акча которуулардын түшүүсү да ички суроо-талаптын өсүшүнө таасирин тийгизет.  

Мындай шарттарда Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат, мурдагыдай эле, инфляциялык процесстерди ооздуктоого багытталган. Жалпы алганда акча-кредиттик шарттар нейтралдуу катары бааланып, алгылыксыз тышкы шарттарга жана жогору инфляциялык күтүүлөргө карабастан, жүзөгө ашырылып жаткан акча-кредит саясаты улуттук валютага басымды азайтууга шарт түзүп, банк секторунун ресурстук базасын жогорулатуу үчүн сыяктуу эле, экономиканы кредиттөөнүн өсүшүнө да алгылыктуу шарттарды камсыздаган.  

Жалпы алганда, аталган факторлордун таасири астында инфляциялык процесстердин басаңдашы 2023-жылы да улана тургандыгы күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу артыкчылыктуу милдеттерден болуп, макроэкономикалык туруктуулукту колдоого алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында түзүмдүк реформаларды жүргүзүү, анын ичинде монетардык эмес инфляция факторлорун төмөндөтүү жана ички рынокту керектөө товарлары менен каныктыруу чараларын ишке ашыруу үчүн макулдашылган фискалдык жана монетардык саясатты жүргүзүү саналат.  

Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 13,0 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Мындан тышкары, Улуттук банк түптөлүп жаткан жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарылчылык келип чыкса, кошумча инструменттерди пайдаланып, орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максаттарына жетүү үчүн тиешелүү чараларды колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму 2023-жылжын 30-январында өткөрүлөт. 


Датасы: 29.11.2022
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучулар боюнча финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - ФКУ) кардарларына колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) токтомунун аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2022-жылдын 24-ноябрына карата абал боюнча ФКУга 474 карыз алуучу кайрылган, 19 538 миң сом суммасында 287 кредит эсептен чыгарылган жана 36 487 миң сом суммасында 155 кредит реструктуризацияланган. 

Учурда ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды кабыл алышат. 


Датасы: 28.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуулар системасынын реестринде «Астрасенд» акча которуу системасы каттоодон өттү

Эл аралык акча которуулар системасынын оператору «Инкахран» банк эмес кредит уюму (акционердик коом) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери - 1049231122. 


Датасы: 25.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 25-декабрынан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 23.11.2022
Туруктуу шилтеме

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине 2021-жылдын 2-сентябрында киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 16-ноябрында № 2022-П-12/70-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 22.11.2022
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын кардарларына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, финансы-кредит уюмдары (мындан ары ФКУ) банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүп жатышат. 

ФКУдан алынган маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 17-ноябрына карата ФКУга 443 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 19 459 миң сом суммасында 283 кредит эсептен алынып салынган жана 36 485 миң сом суммасында 155 кредит реструктуризацияланган.   

Азыркы тапта, ФКУ аталган региондордун жабыркаган карыз алуучуларынан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.  


Датасы: 21.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 21-декабрынан кечиктирбестен nshabdankulov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 18.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо жана баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтомдун долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкуулоо үчүн долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 17-декабрынан кечиктирбестен talamanova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 18.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашаган жана чарба ишин жүргүзгөн жарандарга, ишкердик субъектилерине каржылоонун жеткиликтүү болушун кеңейтүүгө, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 18-ноябрында № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Аталган токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароону, ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайт. 

Токтом менен кредиттерди/кепилдиктерди алууда карыз алуучулар тарабынан берилүүчү документтер боюнча Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган.  

Мындан тышкары, токтомго ылайык, карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге болгон катышы кайра каралып чыкты. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 18.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2022-жылдын 16-декабрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл. 


Датасы: 17.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө, ошондой эле долбоорду каржылоо маселеси боюнча кызыкдар болгон жактардан сунуштарын топтоо жөнүндө маалымдайт.  

Долбоор менен коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар сунушталат.  

1. Проблемалар жана негиздер  

Ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган: 

- ченемдик укуктук актыларда долбоордук каржылоонун аныктамасынын жоктугу; 

- банктардын кредиттик ишин жөнгө салуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын колдонуудагы талаптарында долбоордук каржылоону ишке ашыруу каралган эмес. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты инвестициялык долбоорлор үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- банктарга ири долбоорлор сыяктуу эле жаңы башталган долбоорлорду да (стартаптарды) каржылоо, ошондой эле долбоордук каржылоонун субъектилеринин ишине катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү;  

- долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти азайтуу. 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт, анткени ал кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү  

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга тиешелүү.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо.  

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери чыгым тартпайт.  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги : 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

nipasova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын 2-декабрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 12-декабрынан кечиктирбестен  

 


Датасы: 17.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирет.  

 

1. Проблемалар жана негиздер   

Ченемдик укуктук актылардын ченемдерин өркүндөтүү төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган: 

- таасир этүү чаралары боюнча ченемдик укуктук актыларга тактоочу өзгөртүүлөрдү киргизүү;  

- банктарды жоюу боюнча талаптарды жакшыртуу.  

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- ченемдик укуктук базанын сапатын жогорулатуу; 

- Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо; 

- Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу боюнча процесстерди оптималдаштыруу.  

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт.  

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарга, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кредиттик бюролорго тиешелүү.  

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъектилери чыгым тартпайт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги : 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

nzhaparkulova@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу  

720001, Кыргыз Республикасы,  

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын  

2-декабрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 3-декабрынан 

кечиктирбестен  

 


Датасы: 17.11.2022
Туруктуу шилтеме

Валюталык операцияларды жүргүзүү жана кардарларды тейлөө жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бербөө максатында, Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишине пландан тышкаркы (рейддик) жана план боюнча инспектордук текшерүүлөрдү мезгил-мезгили менен жүргүзүп турат. 

2022-жылдын башынан бери коммерциялык банктарда 131 текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары көрүлгөн.  

Мындан тышкары, коммерциялык банктарга кардарларды банктык тейлөө, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн ликвиддүүлүктү колдоо жана башка иштерди күчөтүү сунушталган.  

Ошондой эле, коммерциялык банктардын жетекчилери менен учурдагы кырдаалды талкуулоо жана иштин туруктуулугун сактоо боюнча зарыл чараларды кабыл алуу үчүн дайыма жолугушуулар өткөрүлүп турат. 

Алмашуу бюролорунун ишин көзөмөлдөө жагында 2022-жылдын башынан бери 120 алмашуу бюролоруна жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруучу жактарга 54 инспектордук текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн 30 жазма буйрук жөнөтүлгөн, 34 ирет алмашуу бюролорунун лицензиялары токтотулган, 1 алмаштыруу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. 

Мындан тышкары, 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1265,0 миң сом) жана 39 жеке жакка 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 682,5 миң сом) айып пул салынган.  

Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн жактардын алып-сатарлык аракеттерине жол бербөө максатында, укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чаралар кошумча жүргүзүлүп турат. 

Инспектордук текшерүүдөн тышкары, Улуттук банк тарабынан сырттан көзөмөлдөө иши жүргүзүлөт, анын алкагында ички контролду күчөтүү жана көзөмөлгө алынган уюмдардын ишин банк мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп турат. 

Улуттук банк күн сайын валюта рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн акча алмаштыруу жайларынын жетекчилери менен кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда, Улуттук банк тиешелүү таасир этүү чараларын колдонот. 

 


Датасы: 16.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Баткен областындагы карыз алуучуларга каржылоонун жеткиликтүү болушун кеңейтүү боюнча колдоо көрсөтүү, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Мындай чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын, ошондой эле Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын 2022-жылдын 30-октябрындагы № 2 чечимин ишке ашырууга багытталган. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg)жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 17-ноябрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 16.11.2022
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын кардарларына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө» токтомун аткаруунун алкагында, финансы-кредит уюмдары (мындан ары - ФКУ) банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүп жатышат.  

ФКУдан алынган маалыматтар боюнча 2022-жылдын 10-ноябрына карата ФКУга 443 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 19 370 миң сом суммасында 280 кредит эсептен алынып салынган, 28 836 миң сом суммасында 138 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат. 


Датасы: 15.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 15.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, «Финипэй» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2022-жылдын 10-ноябрында төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 2032101122 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 3034101122 лицензия. 

«Финипэй» ЖЧКсы боюнча тиешелүү маалыматтар Улуттук банктын расмий сайтында «Банктын милдеттери» / «Төлөм системасы» / «Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары» бөлүктөрүндө жайгаштырылган төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензияларынын реестрлерине киргизилген». 


Датасы: 12.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду. 

1. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 21-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү 150, «Аю Гранд Комфорт» соода борбору, №С101/1 кеңсеси дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Бермет Гранд» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 1-июлундагы № 6315 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, №29/2 кеңсеси дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Жетиген трейд» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү  укугуна 2022-жылдын 8-июнундагы № 6301 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ТС Финанс» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү  укугуна 2021-жылдын 29-декабрындагы № 6249 лицензиясы. 

2. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Красная Звезда Кей Джи» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү  укугуна 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 6389 лицензиясы. 

3. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 26-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144/1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Интегро Ко» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү  укугуна 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 6391 лицензиясы. 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып ЖЧК «Экспо мани» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6393 нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы кайтарылып алынды. 

 


Датасы: 11.11.2022
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча финансы-кредит уюмдарынын көрүп жаткан чаралары 

 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 6-октябрында чыгарылган (№ 2022-П-12/62-2 (НПА) Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары ФКО) кардарларына колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө.  

2022-жылдын 3-ноябрына карата ФКОго 433 карыз алуучу кайрылган, 19 075 миң сом суммасында 274 кредит жоюлган, 27 394 миң сом суммасында 122 кредит реструктуризацияланган. 

Учурда ФКОлор жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт. 

 


Датасы: 10.11.2022
Туруктуу шилтеме

Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанда ишин баштады 

 

Эл аралык Валюта Фондунун Николоз Гигинеишвили башында турган (ЭВФ) миссиясы 2022-жылдын 9-ноябрынан 22-ноябрына чейин Кыргыз Республикасында расмий иш сапар менен болот. 

ЭВФ миссиясынын иш сапарынын максаты ЭВФ Макулдашуусунун IV статьясына ылайык Кыргыз Республикасы үчүн консультацияларды өткөрүү болуп саналат. Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. 

Визиттин биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев ЭВФ командасы менен жолугушуусун өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү макроэкономикалык абалды, тышкы жана банк секторун, ошондой эле тиешелүү саясат чараларын талкуулашты. 

 

 

 


Датасы: 10.11.2022
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына таасир этүүчү чаралары боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өзүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 10-декабрынан кечиктирбестен nzhaparkulova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына монополияга каршы жөнгө салуу, баа түзүү, туунду жана караштуу компаниялар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 10-декабрынан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 09.11.2022
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Джума-Ахунов Нуриддин Абдуллаевичтин талапкерлигине 2022-жылдын 3-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ААКтын тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Токторбаев Алмазбек Биязбековичтин талапкерлигине 2022-жылдын 3-ноябрына макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 09.11.2022
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет